Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:27

Кыргызстан: СПИД желеси басууда


Кыргыз студенттери СПИДге каршы акцияларды өткөрүп келишет. 1-декабрь, 2008-жыл
Кыргыз студенттери СПИДге каршы акцияларды өткөрүп келишет. 1-декабрь, 2008-жыл

“Техникалык кызматташтык боюнча Германия коому” деп аталган эл аралык корпорация Кыргызстанда ВИЧ/СПИД дартына кабылгандардын саны 2 миң 837ге жеткенин билдирди. Аталган уюм соңку жылдары Борбор Азия чөлкөмүндө бул коркунучтуу илдет өтө тездик менен жайылып баратканын, көбүнесе бул ооруга баңгизат колдонгон жаштар чалдыгып жатканын белгиледи.

Маңзат колдонуунун арты - ВИЧ!

28 жаштагы Шамил өз тааныштары арасында “наркоман” аталганына эки жылдан ашты. Ал азыр шаардагы наркологиялык диспансерде дарыланууда. Шамил героин колдонууну Орусияда иштеп жүргөндө жергиликтүү орустардан үйрөнгөн экен. Эми бул илдеттен арылууга бар күчүн жумшаса да эрки жетпей келатканын өзү деле жашырбайт:

- Биринчи жолу жыттап көрдүм, анан чектим, кийин сайынууга өттүм. Адамды ушунчалык шайыр кылып коет. Бирок кийин ооруй баштадым, маңзатка акча да таппай калдым. Мына, дарыланганы өзүм эле келдим. Бирок абдан кыйналып жатам.

“Маңзаттарды пайдаланууну жана ВИЧ/СПИДдин тарашынын алдын алуу” деп аталган Германиялык долбоор Шамил сыяктуу маңзатка көз каранды адамдардын саны Кыргызстанда өтө тездик менен өсүп жатканына тынсчыздануу билдирди.
Биринчи жолу жыттап көрдүм, анан чектим, кийин сайынууга өттүм.


Долбоордун адистеринин айтымында, ВИЧ илдетине кабылгандардын 70 пайызы маңзат колдонуу аркылуу жуктуруп алгандар. Алардын да дээрлик көпчүлүгү жаштар болууда. 1990-жылдан бери Кыргызстанда маңзат пайдалангандардын саны беш эсеге көбөйгөн. “ВИЧтин жана маңзат колдонуунун алдын алуу” долбоорунун координатору Болоткан Сыдыканов мунун себебин төмөнкүдөй түшүндүрдү:

- Кыргызстанда маңзат алууга адамдарда мүмкүнчүлүк кенен болуп жатат. Бул, албетте, маңзат колдонуучулардын санынын көбөйүшүнө башкы себеп. Экинчиден, жаштар арасындагы жумушсуздук. Маселен Ош, Жалал-Абад сыяктуу аймактарды алсак, ал жакта айыл жаштары үчүн маданий же спорттук иш-чаралар өтө аз.

Адистер Кыргызстан маңзаттар үчүн транзиттик өлкө болгонун айтышат
Жаш адис Азамат Баялинов бир топ жылдан бери ВИЧ/СПИДдин алдын алуу боюнча эл аралык долбоорлордо иштеп келет. Ал учурда Кыргызстандын бардык аймактарындагы жаштарга ВИЧтин, маңзат колдонуунун арты өлүмгө чейин алып бараарын эскерткен түшүндүрүү иштери солгун жүрүп жатканын айтат.

Орто мектептен тарта, жогорку окуу жайлардын студенттерине чейин ВИЧке чалдыкпоонун жолдорун, сергек жашоо образын үйрөтүү зарыл, дейт Баялинов:

- Бул коркунучтуу ооруга чалдыккан жаштардын саны өсүп жатканы жашыруун эмес. Түшүндүрүү иштерин күчөтүш керек. Кыргызстан демографиялык жактан алганда жаш өлкө. Ошон үчүн профилактикалык иштерди, үй-бүлөлөр менен сүйлөшүүнү, түрдүү акцияларды тынымсыз өткөрүп туруу керек.

Үрөй учурган сандар дагы өсөбү?

Бириккен Улуттар уюмунун ВИЧ/СПИД боюнча долбоору Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун иликтөөсүнө таянып, дүйнө жүзүндө ВИЧ/СПИД илдетин жуктурган адамдардын саны 33 миллионго жеткенин маалымдаган. Анын ичинен Чыгыш Европа жана Борбор Азия аймагында 1,5 миллиондон ашуун адам ушул оору менен жашайт.

Мунун ичинен Орусия менен Украина алдыда турганы менен, Борбор Азия өлкөлөрүндө да ВИЧ жуктургандардын саны жылдан жылга өсүп эле жатат. Кыргызстандын саламаттыкты сактоо адистери жыл санап күч алып бараткан бул көрүнүшкө каршы мамлекет бар күчүн жумшоодо дешет.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Ден-соолукту чыңдоо борборунун башчысы Гүлмира Айтмурзаева “Азаттыкка” буларды айтты:

- Азыр бул боюнча саясат бир топ өзгөрдү. Биз элдерден “ден соолук, аны чыңдоо боюнча кандай маалымат алгыңар келет” деп сураганыбызда алар ВИЧ/СПИДден башкасынын баарын айтышат. ВИЧ/СПИД, сексуалдык репродуктивдүү ден соолук дегендерди эч качан айтышпайт. Анткени булар өтө жабык темалар.

Ошентип миграция агымына тушуккан жана маңзат транзиттик өлкө деп эсептелген Кыргызстанда ВИЧ/СПИД илдети олуттуу көйгөйгө айланды. Буга чейин бул оору маңзат колдонгондор гана эмес, ондогон кош бойлуу аялдардан да табылган эле.

Өткөн жыл соңундагы статистикага ылайык, өлкөдө 294 адам дал ушул оорунун айынан каза тапкан. Өлкөдөгү ВИЧке каршы иш алып барган бейөкмөт уюмдар бул илдет жыл санап жашарып баратканына тынчсызданышууда.

"Азаттыктын" архивинен: Граффити VS СПИД

"Азаттык+" жаштар берүүсүнүн кезектеги чыгарылышы СПИД темасына арналды. Ал берүүгө кирген кыска сюжетти назарыңыздарга сунуш этебиз. AiJu, SA.

Граффити VS СПИД
please wait
Embed

No media source currently available

0:00 0:02:13 0:00
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG