Шейшемби, Май 22, 2012 Бишкек убакыты: 00:39

Саясат

Жарандык коом: Убактылуу өкмөттү тез арада легитимдештирүү зарыл

Жарандык коомдун, айрым саясий партиялардын өкүлдөрү убактылуу өкмөттү чукул арада легитимдештирүүгө чакырды. Ошондой эле убактылуу өкмөттү бийликке монополия кылууну токтотууну талап кылып жатышат. Ал эми жаңы өкмөт өздөрүн толук бойдон мыйзам жолунда иштеп жатканын билдиришүүдө.

Текст көлөмү - +
Убактылуу өкмөт өзүнүн биринчи декретин чыгарып, негизги жетекчилик кызматтардын баарын ошонун негизинде алмаштырып жатат. Толук легитимдүү жолго түшүү үчүн Убактылуу өкмөт жаңы баш мыйзам кабыл алып, алты ай аралыгында жаңы шайлоолорду өткөрүшү керек. Ал эми үч ай аралыгында Убактылуу өкмөттүн чечими менен элдик референдум жарыяланып, баш мыйзам кабыл алынат.

Бирок айрым жарандык коомдун, саясий партиялардын өкүлдөрү убактылуу өкмөттү легитимдештирүүнүн башка дагы жолдору бар экенин айтышууда. “Замандаш” партиясы өткөргөн “Саясий кризистен чыгуу жана өлкөдөгү абалды стабилдештирүү жолу” деп аталган тегерек үстөлдө Жогорку Кеңешти, болбосо элди чакырып бул маселени чечүү сунушун убактылуу өкмөткө жеткирмей болушту.

Жыйынга катышкан “Адилет” укук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова убактылуу өкмөт чыгарган декреттердин күчү канчалык экенине, аны ким бекиткение токтолду. Ал эртерээк мыйзам талаасына түшпөсөк, башка өлкөлөр Кыргызстанды мамлекет катары тааныбайт деген пикирин айтты:

- Чындыгында өлкөдө баш-аламан, хаос абал болуп жатат. Тилекке каршы, убактылуу өкмөт абалды көзөмөлдөй албай калды. Мен эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен жолугуштум. Алар Кыргызстанга жардам берүүгө даяр, бирок мыйзамдуу өлкөгө. Эртерээк мыйзам жолуну түшүүгө чакырабыз. Кыргызстанда саясий кырдаал оор жана тез өнүгүп жатат. Эгер биз чукул арада легитимдешпесек Кыргызстан таанылбаган өлкө болуп калат. Декрет деп жатабыз, анын күчү канчалык. Анан дагы азыркы убактылуу өкмөттү ким шайлады, эл шайладыбы?


Ал эми мурдагы икчи иштер министри, Нарын облусунун мурдагы губернатору Өмүрбек Суваналиев азыркы болуп жаткан абалга убактылуу өкмөт өзү да анализ бере албай жатат деген ойдо. Анын айтымында, булар дагы да болсо ыңкылап жолу менен кетип жатышат.

- Бүгүнкү күндө түштүк тынч эле турат. Чаң-тополоң ушул Бишкекте болуп жатат, аймактарды кайра эле унутуп коюшту. Көп нерселер жең ичинен чечилип жатканда кандай бийлик болбосун көпкө чыдабайт, нааразылыктар пайда боло берет. Азыркы убактылуу өкмөттүн катасы – бийликти монополия кылып алганында болуп жатат. Экинчиден, кыргыз элинин атынан парламенттик республика болот деп айтууга аларга ким укук берди. Адаму укугу, демократиянын бардыгын ал өкмөт камсыз кылып бериш керек эле.

Жыйынга катышкандардын көбү убактылуу бийликтин кадр саясатын сынга алышты. Алар ар бир бийлик түзүмдөрүнө улам бир партия келип өз кишисин коюп кетүүгө жан үрөп жатканына нааразы болушту. Бектемир Акунов атындагы кыймылдын мүчөсү Урматбек Акунов Бакиевди кармап келүүгө убактылуу өкмөттүн экономика меселелерин тейлеген мүчөсү, мурдагы премьер-министр Алмазбек Атамбаевди жиберүүнү сунуштады:

- Атамабев учурунда бийликке барганда эл менен Бакиевдин ортосунда көпүрө болом дебеди беле. Азыр да көпүрө болуп алып келбейби. Убагында Бакиевдин ишти билген-билбеген адамдары келип бизди сазга батырды эле, эми “Ата Мекен” менен СДПКнын билген-билбеген балдары сазга батырганы жатат. Качан чыгабыз бул саздан?

Деген менен убактылуу өкмөт учурда дал ушул легитимдештирүү үчүн аракеттерди көрүп жатканын белгилөөдө. Өкмөттүн аппарат жетекчиси Эмил Каптагаев жакынкы убакта өзгөрүү байкалат деп ишендирди:

- Ошон үчүн бардык жарандык коом колдо болгон мүмкүнчүлүк менен ушундай окуя кайталанбагыдай кылып, кандайдыр бир адам, клан же үй-бүлө өлкөдө бийликти басып алуусуна жол бербей турган системаны түзүү аракет көрүшүбүз керек. Мына ошол милдетти убактылуу өкмөт алып жатат.

Ал арада абалды талкуулоого чогулгандар убактылуу резолюция кабыл алышты. Анда: Кандай жол менен болбосун чукул убакыт арасында өлкөдөгү саясий абалды мыйзам жолуна алып келүү, Убактылуу өкмөт менен ар кандай маанилүү, ошол кезде Бакиевди алып келүү маселелерди чечүүдө тыгыз катышып туруучу коомдук кеңеш түзүү, Коомдук кеңештин курамына бардык кызыктар саясий күчтөрдүн өкүлдөрүн кошуу, 6-7-апрелдеги окуяларга саясий баа берүү, улут аралык, аймактык карама-каршылыктарды болтурбоого бүт күч жумшоо жана массалык маалымат каражаттарына кысым-басым көрсөтпөө сунуштары айтылып, булар кошумча, алымчалары менен убактылуу өкмөткө жеткирилмей болду.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: бектурсун каяктан: польша
17.04.2010 16:53
чындыгында талашып отурбай тез аранын ичинде Өкмөттү легитимдештирип татыктуу акылдуу адамдарды ишке коюп (мурунку акаев менен бакиевдин убагында иштегендерди сорттоп) өлкөбүздү өнүктүрүшүбүз керек

кимден: melis каяктан: Korea
15.04.2010 15:50
Ubaktyluu okmot D.Usonovdu suraka alybaisynarby sotko berip.Kancha kaisyl jaka ketkenin.Oshtun MERin almashtyrbaisynarby(Melis Myrzakmatovdu) ortodo kyityrlanyp Bakievdin adamy go al.ushuga okshogon maseleler aligiche chechilbei jatat.Emne bir kabinette oturup alyp kreslo bolushturo berbei.

кимден: мен каяктан: Ош
15.04.2010 15:33
Сынаганды коюп ар бирибиз олкодогу абалды стабилдештирууго кандай салым кошо алабыз ошону ойлонолучу.Убактылуу окмоттун мучолорун чын дилимден колдойм.Мен оз салымымды туз байланыш аркылуу алымдын жетишинче жеткирип жатам.Жоноткон маалыматтарды кабыл алып жатышат деген ниеттемин.Бакиевдер олкону тебелеп тепсеп жатканда,законсуз иштерди жасап жатышканда,легитимдуу бийлик менен канча адамды жок кылып жатышканда кайда журдунор эле акылдуу болуп корунгон Ч.Жакупова,О.Суваналиев д.а.у.о я?

кимден: Asel каяктан: Kyrgyzstan
15.04.2010 13:20
Birinchiden yntymakty kurush kerek anan eldi toyguzush kerek anan kalgandary ozu ele kelet.Birimdik,yntymak ,tokchuluk ,onugup osuu jana
akyryndap kotoruluuuu.

кимден: немис каяктан: Германия
15.04.2010 13:06

Менин пикиримде, утурумдук окмотто да кемчиликтер бар, мисалы, бир крайностьтон экинчи жагына секирип атышкандай болуп атат б.а. президенттик (уйбулолук) башкаруудан парламенттик башкарууга секиртип атышат, балким ортодо, "золотая серидина" бардыр, жакшылап талдап, даана эл учун так иштей турган бийликти тандашса жакшы болоор эле. Анан кийин парламеттик бийлик жарабай калса, кайра революция болобу, ошентип отуруп Кыргызстанды такыр жоготуп албайлы. Себеби парламенттик бийликте депутуттар бир бутумго келип, бир маселени чечиш учун талкуулап отура берип коп убакытка созулуп, чечилбей тура бериши ыктымал, же чечилбей калышыда мумкун б.а. ото жай кыймылдуу бийлик болот, ким билет, балким, ушудай бийлик кыргызга жарашат.

кимден: Б.К каяктан: Бишкек
15.04.2010 12:36
Урматтуу апозициянын лидерлери сиздерди ел ишенип колдошту. Егер сиздерда Бакиевтей оз кызыкчылыгынарды ойлосонор сиздерди мынданда кордук менен бийликтен алабыз . Кыргызстан на глазах умерает

кимден: Кыргыз каяктан: Бишкек
15.04.2010 05:01
Ушул Чолпон,Өмүрбектер сырттан сынап олтурбай анда силер башкарбайсынарбы, колдон келбейт да, Эл да силерди колдобойт да. Чолпон ким эмне иш кылып элге жакты?Өмүрбекти го эл билет бакиевге кандай кызмат кылганын.

Назарда

Орусияда кыздарга кордук көрсөткөн "Патриот"

Орусияда айрым кыргыз кыз-келиндерди жүрүм-туруму үчүн кордоп-кодулаган кыргыз жигиттеринин “Патриот” деген тобу пайда болду. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма "Шайтан арабадагы" токсон жыл

Баткендин Кара-Бак айылында жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун 90 жаштагы ардагери Айтпай ата согушка аттанаарда да велосипед менен аскер комиссариатына барган экен. (JsA/MiT)