Алдыдагы берүү



Акча алмашуу

KGS / 
RUB
1,5485
KGS / 
EUR
61,049
KGS / 
USD
46,717

VIP маек

Сөз таануу

Кыргызстан

La Stampa: Е. Гуревич бриллиант соодасы менен шугулданган

Гуревич тууралуу макала жазган La Stampa гезити

Гуревич тууралуу макала жазган La Stampa гезити

11.03.2010
Айнура Жекше кызы

Италия прокуратурасы Кыргыз өкмөтүнүн финансылык кеңешчиси Евгений Гуревич Fastweb жана Telecom Italia Sparkle компанияларынын мыйзамсыз иштерине көмөктөшкөн деп шектенүүдө.

Болжолу менен бул ишке тиешеси бар делинген уюшкан топ 2003-2006-жыл аралыгында ошол компаниялардан 2,7 миллиард долларды башка өлкөлөргө алып чыккан жана 40 миллион еврого жакын салыкты жашырган. Гуревич менен кошо дагы 55 кишиге камакка алуу ордери чыгарылган.

Италиялык La Stampa гезитинин кабарчысы Якопо Якобони Гуревич жөнүндө макала жазып, аны арам акчаны адалдоо схемасын түзгөндөрдүн бири деп атайт. Якопо Якобони "Азаттыкка" маек курду. 

- Адегенде Fastweb жана Telecom иши жөнүндө кыскача айтып берсеңиз. Айрымдар аны Италия тарыхындагы эң ири салык аферасы деп аташууда.

Якопо Якобони: Ооба, италиялык судьялардын айтымында, бул - өлкө тарыхындагы эң ири салык махинациясы. Сот өкүлдөрү азырынча 2 миллиард евро жөнүндө сөз кылышууда. Анын ири бөлүгү кошумча нарк салыгынын механизмдерин колдонуу менен уурдалган.

Айыптоочулардын болжолунда, бир ууч адам көз будамайлоонун «карусель» деген жөнөкөй механизмин түзүшкөн. Ал топко Fastweb жана Italia Telecom компаниясынын көзөмөлүндөгү Telecom Italia Sparkle ишканаларынын бир нече жогорку жетекчилери, компаниялардын сырткы кеңешчилери кирчү. Айыптоочулардын ырастоосунда, көз боемочулук менен алынган арам акча андан кийин ар кандай жол менен адалдалган.

Тергөө бир нече багыт боюнча жүргүзүлгөн. Атап айтсак, топтун Калабрия мафиясы менен байланыштары да иликтенди. Уюмдун борбордук фигураларынын бири – Женнаро Мокбел 1970-жылдары ашынган оңчулдар менен байланышта болчу. Тергөөнүн бир багыты – бриллианттардын соодасы. Иштин ушул бөлүгүнө Гуревичтин тиешеси бар делинүүдө. Аны камакка алуу буйругу берилди. Бирок ал АКШнын жараны, Федералдык иликтөө бюросу - ФБР аны таба алган жокпуз деген жообун кайтарды.

- Гуревичтин арам акчаны адалдоого ролу кандай? Сиз аны макалаңызда ири оюнчу деп атаптырсыз.

Якопо Якобони: Ооба, Италиянын тергөө органдарынан алынган маалыматтарга караганда, анын ролу өтө маанилүү болгон. Гуревич өзүнүн кээ бир компаниялары аркылуу бриллианттарды Африканын айрым өлкөлөрү, атап айтсак Угандага жөнөтүүгө көмөктөшкөн болушу мүмкүн.

Иликтөөгө жакын булактардын айтымында, анын Израил менен да байланыштары бар. Албетте, азыр көпчүлүк маалыматтар жашыруун болгондуктан, көп нерсе шардана кылына элек. Бриллианттар Европага, маселен Голландияга, Италияга да мыйзамсыз жиберилип турган. Бул абдан чиелешкен иш.

Бир нече жыл мурун Италияда финансы полициясынын капитаны Конти табышмактуу жагдайда өз жанын кыйган. Ал Фонди деген шаарда мыйзамсыз бриллианттарды ташууга тиешеси бар делинген жайларда иликтөө жүргүзө баштагандан кийин каза болду. Азыр анын өлүмү боюнча өзүнчө тергөө жүрүп жатат.

Бир нече жыл мурун Кипр банкынын Италия банкына Гуревичке байланыштуу маалымат жиберип, ал Wolstin Ltd жана Crown Era Investments Ltd фирмаларын арам акчаны адалдоо үчүн пайдаланган деп эскерткен. Адашпасам, алар салыктарды бурмалоодон, тамеки жана маң заттарынын аткезчилигинен түшкөн акча жөнүндө сөз кылышкан.

- Жалпысынан Гуревич тууралуу Италияда кандай маалыматтар бар?

Якопо Якобони: Бул окуяга чейин ал жөнүндө деле уккан эмеспиз. Гезиттердин архивдерин карап чыктык, бирок эч нерсе тапкан жокпуз. Менин коллегам Жанлука Пауличчинин жардамы менен жогоруда сөз болгон Кипр банкынын нотасын гана тапканбыз. Жаңылышпасам, ал 2 жыл илгери жөнөтүлгөн.

Биздин гезитте жарык көргөн макаладан кийин Италиядагы чоң басылмалардын бири - "Panorama" Гуревич тууралуу кеңири материал жарыялады. Журнал өз иликтөөсүн жүргүзгөн. Тергөөгө жакын айрым адамдар ФБР аны кантип эле таба алган жок деп күмөн санашат. Алар Гуревичтин калкалаган күчтүү кишилери бар деп туюнтушат.

- Камакка алуу ордери эмнени билдирет?

Якопо Якобони: Эл аралык ордер чыгарылганын так билем. Бирок сот, прокуратура Гуревич Америкада жашайт деп ойлошкон. АКШ менен Италия ортосунда экстрадиция жөнүндө келишим бар. Кыргызстандын Италия менен экстрадиция тууралуу протоколдору барбы же жокпу, чынын атйсам билбейм. Менимче, андай келишим жок болушу керек. Балким, Гуревичтин Кыргызстанга барганы ушуну менен түшүндүрүлөт. 

"Азаттыктын" архивинен: Е.Гуревич Кыргызстандагы кызматтарын таштады

Бул тууралуу “MGN Group” тобун маалымат жактан камсыздоо боюнча “Флекси коммюникейшин” компаниясынын жетекчиси Вугар Халилов 10-мартта маалымат жыйынында билдирди. MiT

Сиздин JavaScript программаңыз өчүп турат, же болбосо Сизде Adobe программасынын Flash Player усулунун эски варианты гана бар. Жаңыртып алыңыз: Эң соңку Flash player версиясын көчүрүү.

Бул шерине жабылды
Электөө
     
Пикир
кимден: patriot kg каяктан: tushtuk koreya
14.03.2010 20:21
Men GUREVICH bizge kelip el aralyk bazarga jogyy jolachabyz dep bashtaganda ele kichine kumonsanagam kayaktagy bir GUREVICH alyp KYRGYZ ELIN bashyn aylantyp oturganyna ichim ooruyt.Bunu alyp kelgen MAKSIM BAKIEVDE DA BET jok ELIM OIGON.AZYRKY BIYLIKKE KANTIP ANAN ISHENEBIZ

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
13.03.2010 14:15
zensyyra karaubu?aldagu mantyy gegenderdu karabaucunarbuBuz karandau chau uchup oltyrabuz?cheker 55com el manttyygep atza utaluada?

кимден: Акжол каяктан: ЖК эмес
12.03.2010 11:38
Тиги Алтында бир Украин жараны отурат.Ал адам ким,кантип пайда болду?Кыргызстанга кандай тиешеси бар?Ушул суроону берген адам бар бекен?

кимден: Айсалкын каяктан: Арча-Бешик
11.03.2010 20:36
Мына, Бакиевдин жана анын баласы Максимдин анык жүзү. Анан ушулар Кыргызстанга жакшылык кылышабы.

кимден: Акжол
11.03.2010 19:54
Мындай окуядан кийин Максимдин мамлекеттик кызматта отурушуна моралдык да,адамдык да укугу калган жок!!!
     
Текст көлөмү - +

Көңүл чордонунда

VIP маек

Тасма

“Манастын” жаңы китептери толукталып чыкты Видео тасма

Мамлекеттик Тарых музейинде “Манастын” манасчылар Сагынбай Орозбаков, Саякбай Каралаевдер айткан варианттарынын толук басылмаларынын жана Уркаш Мамбеталиевдин айтуусундагы “Семетейдин” бет ачарлары өттү. MiT

Интернеттик тейлөөбүздүн түрлөрү

ПодкастRSS усулуМобил (уюкфон)