Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:21

СДП ИИМге талапты күчөттү


Депутат Жусупжан Жээнбековдун уулу Бахтиярдын дайыны чыкпай жатканына 42 күн болду
Депутат Жусупжан Жээнбековдун уулу Бахтиярдын дайыны чыкпай жатканына 42 күн болду

ЖК депутаты Р. Шаботоев менен ЖК депутатынын уулу Б. Амиражанов табылбаса СДП тартип коргоо жетекчилерин иштен кетирүүнү талап кылган нааразылык акцияларга элди үндөгөнү жатат.

Руслан Шаботоев менен Бахтияр Амиражановду издөөгө тартип коргоо кызматтары жетиштүү маани бербей жатат. Амиражановдун атасы, Жогорку Кеңештин депутаты Жусупжан Жээнбеков бүгүн ушундай билдирүү менен чыкты. Депутат адам уурдоо фактысы мамлекет үчүн опурталдуу экендигин милиция сезбей жатат деп сындады :

- Эгерде муну биз бүгүн токтотуп калбасак, мына эгер бүгүнкү күнү депутатты, депутаттыкка талапкерди уурдап атса, бул вирус оорусу жайылат. Эртең четинен уурдай баштайт.

Депутат учурда 80 кишинин катышуусунда уулун өз алдынча издөөдө. Издөө учурунда бул топтун өкүлдөрү милициянын канааттандырарлык аракетин байкай алган эмес. Депутаттын уулу Бахтияр Амиражановдун жоголгонуна 42 күн болду. Андан эки күндөн кийин Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Шаботоев дарексиз жоголгон. Бул эки кишини издөө ар тараптуу жүрүп жаткандыгы, аны президент көзөмөлгө алгандыгы тууралуу расмий тарап маал-маалы менен билдирип жатат.

Буга чейин депутат Руслан Шаботоевдин жердештери Балыкчы-Бишкек автожолун тосушуп, ал милициянын күчү менен таратылган. Экинчи ирет алар Ысык-Ата райондук администрациясы алдында тынч митинг өткөрүшкөн. Амиражановдун жердештери деле аны таап берүүнү жапырт талап кылабыз деп араң турушканын депутат Жээнбеков маалымат жыйынында билдирди. Депутат ошондой эле баласын таап бергендерге чоң өлчөмдөгү сүйүнчү берээрин, анын купуялыгын сактаарын жарыялады.

Анткен менен, өткөн аралыкта Амиражанов айдап жүргөн автоунаа табылганын эске албаганда, жаңы жагдайлар аныктала элек. Бул аралыкта 30 жаштан ашкан эки атуулдун жоголушунун себептери тууралуу өз божомолдорун Ички иштер министрлиги ачыктабай турат. Эл арасында болсо жоголуунун ишкердикке, кылмыш дүйнөсүнө, саясатка байланышкан ар кыл божомолдору айтылууда.

Амиражанов менен Шаботоевдин жоголушун саясат менен көбүрөөк байланыштыргандардын бири, саясат таануучу Табылды Акеров мындай дейт:

- Кыргызстанда революциядан бери келаткан кандайдыр бир белгисиз топ бар да. Ошол топ жасап атышы мүмкүн. Руслан Шаботоев менен депутат Жээнбековдун уулу( бул экөө тең 34 жаштагы балдар) экөө тең артында жаштарды ээрчитип кете ала турган жаш балдар да. Алар 2010-жылы президенттик жарышка катышып калышы мүмкүн. Ошондуктан алдын ала президент Бакиевгеби же президенттин мураскорунабы азыртан жол ачуу да. Башкача айтканда, жанагы мен айткан топ жаш саясатчыларды жок кылып, бир адамга жол ачып атышы мүмкүн.

Акеровдун баамында, Шаботоев дагы, Амиражанов дагы 2005-жылкы ыңкылапта элди өздөрүнүн артынан ээрчитүүгө кудуреттүү экендигин далилдей алышкан. Ошондой болсо да депутат Жусупжан Жээнбеков баласынын дарексиз жоголушун саясат менен байланыштырбайт. Ал мүчө болгон СДП деле партияга тиешеси бар эки адамдын жоголуп жатышын кандайдыр бир себептерге байлаган жери жок.

Бирок, партия бул эки адамдын табылбай жатышын милициянын кайдигер мамилесинен көрүп, кылмышка каршы күрөшө албаган жетекчилерди кызматынан кетиш керек деп жатат:

- Кыргызстан жетекчилигине катуу талап коюшубуз керек. Эгер ушундай шалаакы иштешсе биз өз колдоочуларыбызды бүт митинг, демонстрацияларга чакырабыз. Эл ага даяр. Үчүнчүдөн, Кыргызстан боюнча толук масштабдуу иликтөө иштерин дагы бир сыйра жүргүзүшүбүз керек, - деп билдирди партиянын парламенттеги фракция башчысы Бакыт Бешимов.

Ички иштер министринин маалымат катчысы Бакыт Сейитов социал-демократтардын дооматтарын натуура деди:

- Негизи туура эмес. Колдон келген аракеттердин бардыгын жасап атабыз. Бүтүн Бишкек, Чүй облусу боюнча сарайларды, мейманканаларды, бүт бардыгын чарчылап тинтип чыктык. Дээрлик каралбаган жер калган жок.

Бакыт Сейитовдун айтымында, депутат Руслан Шаботоевди жана депутаттын уулу Бахтияр Амиражановду издөөнүн жыйынтыктарын 4-ноябрда министр Молдомуса Конгантиев атайын жыйында талкуулап, издөөгө дагы он күндүк мөөнөт берди. Он күнгө чейин издөөдөн майнап чыкпаса, министр анын себептерин аныктап, издөө топторунун башчыларына чара колдонорун эскертти. Бакыт Сейитовдун билдиргенине караганда, учурда ИИМ өз ара келишимдердин чегинде КМШ мамлекеттери, анын ичинде Орусия, Казакстан менен тынымсыз маалымат алмашып жатат.

Расмий маалыматка караганда, өлкө боюнча дарексиз жоголгондордун тизмесинде 269 адам турат. Алардын ичинен Руслан Шаботоев менен Бахтияр Амиражанов дарексиз жоголгон алгачкы саясатчылардан болууда.

  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG