Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:37

Улуу Жеңиш: Оорукчулардын опол тоодой орду


Улуу Ата Мекендик согуштун жеңиш менен аякташына ооруктагылар дагы олуттуу салым кошкондугу белгилүү. Ал кезде фронтко азык-түлүк, кийим-кече жөнөтүлүп, жаш кыздар колкап, байпак токуп, балдар машак терип чоң кишилер менен бирге эмгектенишкен. Эмгек ардагерлери согуш күндөрүн кантип эскеришет?

Согуш жылдары өспүрүм улан-кыздар эгин талааларында машак терип, кырмандарда буудай сапырып, "Баардыгы фронт үчүн!" деген ураан астында эмгектенип келишкен.

“Согуш кезеңинде күндүзү өгүз араба айдап, кечкисин тегирменде иштечүбүз”, - дейт эмгектин ардагери Качкынбай Көчөбаев.

- Согуш убагында фронтко тамак-ашты ким берди, кийим-кечекти ким жиберип жатты? Тыл менен согушутун ортосундагы бекем байланыш болбосо, жеңишке жетээрибизди бир Кудай билет эле. Адегенде өгүз араба, андан кийин ат араба айдадым. Кырмандан буудай жүктөп, темир жол станциясына ташычубуз. Кечинде чарчап келсек, “сен комсомолсуң” деп бизди тегирменге алып барып иштетишчү. Согуш убагында эл бөлүнбөй, ынтымактуу жашашкан. Эмне оокат болбосун бөлүшүп жечүбүз.

Согуш жылдары фронтко барбай, бул жакта оорукта эмгектенген аялдар, кемпир-чалдар үчүн оор мезгил болгон. Балалыгы ушул жылдарга туш келген Керээз Мураталиева азыр 77 жашта.

- Менин балалыгым согуш мезгилинде өттү. Анда аялдар кырката туруп алып, чалгы чаап, орок орушчу. Тээ тоо этегинен өгүзгө чаначтарды артып уйчулар келип, ар бирине бир литрден айран беришчү. Кечкисин болсо үйгө деп бир литрден сүт таратышчу. Ал убак кыйын жылдардан болду. Азыркы жаштарда болсо кыйынчылык аз, балдарыбыз кең пейилдүү болуп, эч качан кемибесин.

Улуу Жеңиш туусунун жергебизде желбирешине оорукта эмгектенгендер дагы зор салым кошушкан. Алардын эмгеги фронттогу жоокерлердин демине дем кошуп, чоң эрдиктерди жаратууга жол ачкан.

Тасмада: 80 жаштагы Алимахан Айтбаева Улуу Ата Мекендик согушта Бишкек шаарында тылда болгон. Алимахан апа кийим-кечени, тамак-ашты согуштагы аскерлерге жөнөтүп турган. MiT.

1941-1945-ж.ж. Эскерүү...
please wait
Embed

No media source currently available

0:00 0:03:34 0:00

XS
SM
MD
LG