Шейшемби, Май 22, 2012 Бишкек убакыты: 00:35

Кыргызстан

Оппозиция лидерлери кармалды, Таласта абал курч...

6-апрелде Таласта митингге чыккандар облустук администрация имаратын басып алышкан окуяны улай оппозициянын көрүнүктүү лидерлерин Улуттук коопсуздук кызматынын атайын даярдалган тобу кармоо операцияларын жасашты. Ички иштер министри Молдомуса Конгантиев теле аркылуу Бириккен элдик кыймылдын лидерлери Таласта мыйзамга каршы келген иш жасашканын, эми мындай аракеттерге катуу чаралар көрүлөрүн эскертти.

Текст көлөмү - +
Кармалгандардын арасында “Ата мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев, “Улуу биримдик” партиясынын төрагасы Эмил Каптагаев, Дүйшөн Чотонов, Анвар Артыков, Болот Шерниязов сыяктуу белгилүү оппозиция өкүлдөрү бар. Түнкү саат бирден өткөндө БЭКтин төрагасы Алмаз Атамбаевди да үйүнөн күч менен алып кетишти

Бишкектеги Фрунзе-Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишиндеги Өмүрбек Текебаевдин үйүнө кечки саат 19:00 ченде Улуттук коопсуздук кызматкерлери барып, аны суракка алып кетүүгө аракет кылышкан. “Ата мекен” партиясынын бир катар мүчөлөрү аны үйүнөн чыгарбай, дароо укук коргоочуларды, Акыйкатчыны жана журналисттерди чакырышкан. Бир топко сүйлөшүүлөр жүргөн соң Ө.Текебаев “Интербилим” укук коргоо борборуна барууга, ошол жерден сурак берүүгө жана сүйлөшүүгө макул болгон. Бирок ал бир катар укук коргоочулар, Акыйкатчы Турсунбек Акун жана журналисттердин коштоосунда үйүнөн чыккан маалда атайын бөлүктүн куралчан аскерлери күч колдонуу менен аны алып кетишти.

“Ата мекен” партиясынын мүчөсү, окуянын күбөсү Мыктыбек Өмүрзаков аталган кармоо боюнча буларды айтты:

- Өмүрбек Чиркешовичке формачан адамдар келишкени тууралуу мага телефон аркылуу кабарлашты. Мен жетип келсем келгендердин бирөө өзүн Кочкоров Асылбек, Улуттук коопсуздук кызматынын тергөөчүсүмүн деп тааныштырды. Ал айтты, “Биз күбө катары Өмүрбек Чиркешовичти суракка алышыбыз керек” деп. Мен айттым, “Бүгүн үйдө жаш балдар бар, мага чакырууңарды бергиле, ал эртең барат. Мен ошондой милдеттенмеге кол коюп берем” дедим. Алар “Жок, бизге буйрук болду. Жогору жактан Таластагы окуя боюнча тергөө тобу түзүлгөн. Мага кандай гана жол менен болбосун Текебаевди алып келесиңер деген буйрук болгон” деп айтты.

Ички иштер министри Молдомуса Конгантиев теле аркылуу сүйлөп, Бириккен элдик кыймылдын лидерлери Таласта кылмыштуу иш уюштурушканын, эми мындан ары ушул сыяктуу иш-чаралар катуу басыларын эскертти.

Ал эми премьер-министр Данияр Үсөнов менен Башкы прокурор Нурлан Турсункулов чукул уюштурган маалымат жыйында, Талас шаарында жана облусунда, андан тышкары өлкөнүн бардык аймактарында абалды көзөмөлдөп турушканын айтышты. Д.Үсөновдун айтымында, оппозиция уюштуруп аткан жыйындардын баары мыйзамсыз жана мындан ары алардын чектен чыккан аракеттери каттуу басылмакчы. Таластагы окуялар жана мындан аркы бийликтин аракети тууралуу ал мындай деди:

- Таласта атайын коркутуп-үркүтүүчү каражаттар, газ колдонулду. Себеби жергиликтүү милиция бөлүмүн басып алабыз, куралдарды алабыз, камактагыларды бошотуп алабыз деп аткан шартта сөзсүз курал колдонулат. Башкаларга, жалпы мамлекетке, биздин көпчүлүк кыргыз жарандардын укуктары коркунучка кабылганда бийлик коргош керек. Бийликтин колунда кандай күчтөр бар болсо, биз баарын мыйзам чегинде колдонобуз.

“Жарандар коррупцияга каршы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова да Ө.Текебаевди кармоо операциясына күбө болду. Анын айтымында, ушул тапта бийлик өзү мыйзамсыз иш-аракеттерди уюштурууда. Оппозиция өкүлдөрүн кармоо боюнча ушул тапта Нурбек Токтакунов өңдүү адвокаттар да ишке киришти:

- Биз азыр адвокаттарды жиберип атабыз. Акыйкатчы мырза да ак үй жакка кетти. Эл аралык уюмдардын бардыгы билет...

Ал эми түнкү саат он экилер чамасында Социал демократтар партиясынын лидери, БЭКтин төрагасы Алмаз Атамбаевдин үйүн милиция жана атайын кызматтын аскерлери камалоого алып, түнкү саат бирден өткөндө Улуттук коопсуздук кызматынын атайын бөлүгүнүн аскерлери үйүнүн эшигин талкалап, күч колдонуу менен аны салып кетишти. Окуяга бир катар укук коргоочулар жана журналисттер көз салып турушту.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: 12 каяктан: 312
13.04.2010 11:47
Ушунчалык желдеттерди даярдаган экен го жарыктык...
кандуу ханга айландың го шордуу

кимден: Сабина каяктан: Россия
09.04.2010 14:10
Урматтуу кырыгыздар!Болгону аз гана саныбыз.анын да жарымыныан кобу нан табуу максатында ар кайсы жакта тентип ,ар түрдүү оор жумуштарда иштеп жүрөбүз.ынтымакка келеличи.бөлүнгөндөн эч пайда чыкбайт.Кайсы адам келсе да бийликке саясатты өзгөртө албайт окшойбуз.Биздин каныбызда тоталитаризм жашай берет.Тууган урукту гана колдоп,ал эми карапайым калкка кыйын болду.Жашоону өзүбүз гана өзгөртөбүз.Кан төгүштүн эч кереги жок!!!

кимден: 936m616m каяктан: 66668
08.04.2010 14:55
Baylik, biylik, kop suylogon til, ichki, napsi- bular adamdin dushmani.
oylongula kirgiz kalkim biylike emes iymanga, jardam bergenge,taza ishtep taza jegenge, tuura joldo jurgongo uyronolu.

кимден: Uran каяктан: Алматы
08.04.2010 13:49
Ынтымака келгиле кыргыз элим, кан тогуулор болбосун.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
08.04.2010 12:31
Urmattuu Kyrgyz elim, talap tonoochulukka barbagyla, but baary ozubuzduku,eldiki, anin baarin talkalaganda ech paida chykpait,but baaryn kalibina keltirish kyiyn bolup kalat, economikabiz ansyz dele aran turat, andan koro sabyrduu bololu,ozunordu karmagyla! Kyrgyz elim, biz Manas atanin urpaktarybyz, nizdi Allahim koldoit! Biz uluu elbiz!

кимден: Майрамкан каяктан: Баткен
08.04.2010 10:23
Эсиңе кел КЫРГЫЗ элим. Алла таала өзү колдосун бизди.

кимден: Майрамкан каяктан: Баткен
08.04.2010 10:19
Туугандар терең ойлонолу? Кошуна элдерге уят болбой тынчтыкта жашайлы. Кудайым колдосун, кан тогулбосунчу кыргызымдын эр азаматтары.

кимден: Samurai_kg
07.04.2010 22:49
Эл каза болуп жатканына жүрөгүм ооруп жатат! Биз баарыбыз бир тууганбыз! Бир туугандар, сабырчылыкка, тынчтылыкка чакырмакчымын!!!!! Элибиздин каны төгүлбөстүгүнүн тилемекчимин.......

кимден: Нурбек каяктан: Түштүк Корея
07.04.2010 21:29
Алыстан силерди гана ойлоп атабыз.Элимде тынчтык болсун!Бөлүнбөйлүчү!Ансыз да жашообуз кыйын болуп турат.Бизге күйбөгөн бийлик-биринин эти бири жесин!Акыл,ыйманыбыз менен бололу!

кимден: Nurmira каяктан: China
07.04.2010 20:23
Biz Kyrgyzdar Bakiev, Tekebaev dep bir-biribizdi jaman koryp jatabyz - alar kynooluu emes, alardyn artynda turgan super power olkolordyn sayasatchylary, alardyn ach-kozdygy kynoolyy!!!!

Osholrgo aldanbai, satylbai (meili kop, meili az akchaga bolsun, je beker komandirovka bolsun...) oz jurtungdun kyzykchylygyn birinchi orunga koyup, ar-namystuu bolsok biz kichine mamleket bolsok dagy, az el bolsok dagy baardygyn jenget elek. Ataganat, akchaga azgyrylyp el-jerdi kichinesinen, chonguna cheiin satyp jatsak, ushundai okuyalar kaitalana berip, bizdi artka tarta bermekchi!

El-Jurtuma chynygy Namys, Kairat jana Ata - Jurt ychyn tereng Syiyy kaalaim!
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Орусияда кыздарга кордук көрсөткөн "Патриот"

Орусияда айрым кыргыз кыз-келиндерди жүрүм-туруму үчүн кордоп-кодулаган кыргыз жигиттеринин “Патриот” деген тобу пайда болду. Толук

Онлайн шерине