Шейшемби, Май 22, 2012 Бишкек убакыты: 00:33

Дүйнө

Бакиев бийлигиндеги жемсөөлүк жана "Манас" аба базасы

Бейшемби күнү АКШ Конгрессинде Курманбек Бакиевдин бийлиги тушундагы коррупция жана “Манас” транзиттик борбору (мурдагы аскер аба базасы) жөнүндө атайын угуу болду.

Америкалык аскерлер "Манас" аба базасында учакка түшүүдө. 12-февраль 2009
Текст көлөмү - +
“Манас” аэропортун пайдалануу үчүн АКШ Кыргызстандагы адам укуктарын бузууларга жана өкмөттөгү жемсөөлүккө көз жумуп койгон. Бул жөнүндө АКШ Конгрессинин комитетчесинде (субкомитетинде) 22-апрелде болгон талкууда адистер көзгө сайып айтышканын “Вашингтон Пост” гезити кабарлады. “Манас” аэропорту ижарага берилгенден эле президенттер Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевге “пара төлөө” үчүн пайдаланылган болушу мүмкүн деп шектенишет талдоочулар.
Экс - президент Курманбек Бакиев пресс-конференциядан чыгып баратат. Минск. 23-апрель 2010


Же береги угууда сүйлөгөн Колумбия унверситетинин профессору Александр Кули мырзанын сөзү менен айтканда, авиабаза 2001-жылы ачылгандан тарта “ижара акысы жана тейлөө боюнча келишимдер кубаттуу кыргыз элитасынын жеке кызыкчылыгын тейлөөчү булакка айланган”. Талкууга катышкан АКШдагы мурдакы Кыргыз элчиси Бактыбек Абдрисаев профессор Кули козгогон маселе жөнүндө мындай деди:

- Александр Кули мырза баарынан мурда “Манас” авиабазасын тейлөө боюнча Кыргыз тарап менен түзүлгөн келишим туура эмес экенин айтты. Анткени, келишим коомчулук үчүн жабык болгондуктан коррупцияга бир кыйла өбөлгө берет жана андан түшкөн пайданын орчундуу бөлүгүнүн менчик чөнтөккө түшүүсүнө жол ачарын айтты профессор Кули.

2007-жылдан бери “Манас” авиабазасын күйүүчү май менен Гибралтарда жана Лондондо катталган “Mia Corp” фирмасы тейлеп, ал үчүн Пентагон 1 миллиард ашык доллар төлөгөн. Бул акчалар кантип сарпталганын Пентагон гана билет, деп жазат “Вашингтон Пост”.

Экс-президент Аскар Акаев "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна интервьюберүүдө. Москва, 23-март 2010
Юта өрөөнү университетинин (Utah Valley University) профессору, мурдагы кыргыз элчиси  Бактыбек Абдрисаев Конгресстеги талкууда “Манас” транзиттик борборун пайдалануу мөөнөтүн автоматтык түрдө узартууга убактылуу өкмөттүн бардык эле мүчөлөрү ынанбаганына токтолгон.

Анын жүйөсүн мурдагы элчи жана 2005-жылдын 24-мартына чейин мурдагы президент Аскар Акаевдин колдоочусу болгон Абдрисаев Кыргызстандагы жаңы бийлик мүчөлөрү арасындагы ар башка көз караш менен байланыштырат:

- Жаңы бийликтин башындагы адамдар арасында ар кандай ой-пикир бар. Адегенде убактылуу өкмөт башчы Роза Исаковна Отунбаева авиабаза дагы кала берет деп билдирди. Андан соң утурумдук өкмөт  мүчөсү Азимбек Бекназаров базаны дагы караштырабыз деп айтканын маалымат агенттиктери кабарлашты.


Проф. Абдрисаевдин боолголошунча, президенттик жана парламенттик шайлоо өнөктүгү маалында айрым талапкерлер “Манастын” тагдыры тууралуу дагы маселени көтөрүшү мүмкүн.

Айтмакчы, утурумдук өкмөт мүчөсү Өмүрбек Текебаев бейшемби күнү Ройтер агенттигине берген интервьюда октябрда боло турган жалпы элдик шайлоодон кийин авиабазанын келечеги талкууланышы ыктымал деген. Ал эми АКШ Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон Таллиндеги НАТОнун жыйынында “Манас” транзит борборун пайдаланууга Орусия каршы эмес экенин билдирди.

"Вашингтон Посттун" жазышынча, АКШ Конгрессинин комитетчесиндеги талкууда сүйлөгөн "Фридом хаус" уюмунун башкы адиси Сэм Паттен Бакиевдин бийлиги тушунда адам укугун бузууларга жана ага эмне үчүн Вашингтон “көз жумуп” курч сындабаган себебине токтолгон.

Анын айтымында, АКШ 2005-жылкы Анжиян калабасын сындагандан кийин Өзбекстандагы базасын аргасыз жапкан.

Ошон үчүн Ак Үй “Манастагы” базаны сактоо максатында Бакиевдин режиминин жемсөөлүгүн жана адам укугун бузууларын сынга алган эмес, деп эсептейт Паттен.

Адистердин пикиринче, расмий Вашингтон өзүнүн Кыргызстанга болгон мамилесин өзгөртүүсү жана өлкөнү Ооганстанга аскер жөнөтчү жолдогу аялдама деп гана карабашы керек.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Тала каяктан: Кыргызстан Жалалабад
26.04.2010 15:12
Манас аба базасы бул чон акча-каражат болуп жатат, Кыргызстанга, Биздин президенттер ички дуйносу тар инсандар болгонуна тан каласын, капа болосун, Кудайдан деле адам акча дегенде горбой калат окшойт????болгону кейичтуу, жер жузуно ото уят болдук. Убакты луу окмот деле кыйратат деп ойлобоймун, Азаттыктан журналисттеринен башкасын:- жалкий адамдар деп ойлоймун, себеби Гечее еле Акаевти, Бакиевди мактап коргозгондор бугун акыйкатты горгозо албай Убактылуу окмот айтканын жасап журушол, Кудай айтканы болор эми. инсандан кутпоймун.

кимден: allan каяктан: Bishkek
26.04.2010 11:01
AKШ базасынан тушкон каражатты эмне учун биз инфраструктурабызды сапаттуу кылганга колдонгонго болбосун. Бир гана жол учун. Мындай каражатты ким берет салыштырып коргулочу. Согуш мурдагыдай болбойт. Базаны чыгарам дегендерге айтат элем эгерде биз чыгарсак казактар территориясын даярдап турат алыска барбай эле коелу.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
25.04.2010 12:11
menin oyumcha bul bazanin tagdyryn rossiya menen amerika ele suyloshup chechip koyot, al jerde bizdin bir dagy tiyishtigibiz jok, jer bizdiki chechim tigilerdiki. ekoo suyloshup anan ekoonun biroo telefon chalip aka emi kol koyup koyunuz dep koyot.al eki maleketke biz menen suyloshuunun kajeti da jok.
Birok ushul bazanin ayinan bizdin mamleket oz ishin kilgandin oorduna duynodogu birden bir kuru sayasatchy mamleketke aylanip baratabiz.biroono jaman korunsok dele ushul baza, biylik talashsak dele ushul baza, akcha talashsak dele ushul baza,kisimga kabilsak dele ushul baza....baza,baza,baza...menin oyumcha bul baza Natonun orto aziyada "men barmin" degen ele bir belgisi bolush kerek, antkeni eger chindap ele kaalasa natogo mindan jakin aba marshruttary bar da.misali kuveyt, turkiya , gruzia, katar, pkisatan ...tolgon tokoy.
Anan ele ushul kirgizstan bolup kaliptyrbi. Eger chindap ele mamleketke tushkon akchani biyliktegi itter uurdabasa bizge bul bazadan tushkon kireshe erunda bolup kalat. Al emi aeroportton , bazadan tushkon akchalr kayda kim bilet? Ech kim! ayla jok kimge aytabiz , kalabiz ushintip kur pikir jazip koyup , azattykty ermektep!!!

кимден: Азиз каяктан: москва
24.04.2010 15:21
А.Акаев москвадагы"коммерсант fм"радиосуна берген интервьюсунан.А.Акаев;2005-жылы болгон мамлекеттик тонкорушто туштуктон (Ош,Жалал-Абад,Баткен) 2000дей боевик(терористер)келип бийликти басып алган-деп айтты
А.Акаев ушунтип интервью берерден мурун ойлондунуз беле?!Кыргыз болуп туруп кыргызды боевикды(терорист)койдунуз.Анда туштуктуктор боевик(терорист)экен даа?!

кимден: КЕНЕШ каяктан: Россия
24.04.2010 12:45
Кыргыз элим,курулай эле калсын же кетсин дебей аргументтерге кайрылсак!Кыргызстан ОДКБ мучосу(СНГ ичинде),Шанхай деген бешилтикКе да мучо,ушул онуттон караганда Улуу СССРда Ооганстандан азуусу сынып чыккан(Бардык СССРкалкына зыян келтирген),ошондуктан казга тенелбей,.америкага учкашпай(Ислам Иран олкосу да бул Ганси базасы боюнча кыргызга козу терс)Улуу"Манастын" атын булгабай Американын базасын чыгаруу керек!Ал тоо менен бул тоонун чобун энсеген теке ачка калат!(БулГанси Акаев-Адил Тойгонбаев,Бакиев_Максим оз элинин канын агызганга,жеке уй булосу учун,чонтокторун доллар,алтынга толтуруп, колдонушкан.Акыбети Кыргыз эл-жерин когобой жеке ыплас бийликтерин коргоп,Акаев-7адамды аттырса,Бакиев 85 аттырып олтуруп ,1500 кобуроок жигиттерибиздин,кыргыздын канын суудай агызды,бул курал-патрон ,аткан снайперлер кайсыл акчанын негизинде аракеттте болду? Терен ойлонуп,Убактылуу Окмот Жетекчилери терен ойлонгула ,жалпы элден Сурагыла демекчибиз!

кимден: Жийдегул нижный чуйлук каяктан: Москвадан
24.04.2010 11:18
АКШ Авиа базасын кетируу керек ал бизге пайдасы жок зыяны болушу мумкун. Ал эми орустардын авиабазасын кобойтуу керек керек себеби биз кыргыз эли орус тилин жакшы билебиз жана кыргызстанды орустун акчасы кармап турганын да билебиз. Дагы айтаарым орустардын оружиасы кучтуу болуш керек менин ойумча . Ошондуктан кучтуусун калтыргыла. АКШ менен Р.Ф согушуп кетсе АКШ биринчи бизди басып алышы мумкун кыскасы АКШ кетсин. Р.Ф менен гана иштешели. Менин суранарым .

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
24.04.2010 07:39
Баягы стереотипти таштасын башка олколор, эгер москвакаршы болбосо база калат деп. Мындан ары базанын да, дегеле кыргыздын тагдырын биз жаштар чечебиз. Эсине бекем тутуп алсын орустар, немистер жана башкалар, хилари клинтон баш болуп

кимден: немис каяктан: Германия
24.04.2010 04:20
А дейбизби, бу дейбизби, Кыргызстан атын чыкпакса жер ортто болдук дуйно жузуно таанылдык, мен муну немис досторуман жолукканда угуп атам. Мурда Кыргызстан жонундо соз кылганда, ал кайда деп сурашчы эле, ал эми азыр, деги Кыргызстанда тынчтык орнодубу, уйбулоон аман эсенби деп, илимий жетекчимен баштап сурап калышты. Кыргызстан оз алдынча мамлекет болгонунуна 20 жылдай болуп калды, аз убакыттан бери эгенмендик мамлекет болсо дагы. Элден коптон коп сурананарым, азыркы убактылуу бийликтин жазап аткан иштерин катуу козомолго элдик коомчулук алуу керек, эгерде азыр ушул ишти кылбасак, Акаевдикинен жана Бакиевдикинен кучтуу, элге душман болгон бийликке ачык жол беребиз, анан эл азапты ото катуу тартабыз. Бакиевдин Акаевден калганын, Кыргызстандын байлыгын, элдин эмгегин талап-тоногондорун азыркы жаны убактылуу окмот акырындап озу жагына бура башташты. Азаттыктан аябай суранам, ушул пикиримди чыгарып койунуздарды!!!

кимден: Турдубек каяктан: МОСКВА
24.04.2010 02:37
Эки Доо чабышып ортодон чымын олдуптур болуп, эки тоо чобун энсеп журуп эмне болдук озунуздор кордунуздор. Дуйного шармендебиз чыкты. Авиа базаларды кетирип Озбекстан, Тажикстанга окшоп тынч жашайлычы тугандар

Назарда

Орусияда кыздарга кордук көрсөткөн "Патриот"

Орусияда айрым кыргыз кыз-келиндерди жүрүм-туруму үчүн кордоп-кодулаган кыргыз жигиттеринин “Патриот” деген тобу пайда болду. Толук

Онлайн шерине