Шейшемби, Май 22, 2012 Бишкек убакыты: 00:32

Саясат

Коопсуздук Кеңеши: кемчилик көп, бирок жооп берген эч ким жок

Ош жана Жалал-Абаддагы этникалык араздашууга алып келген кагылышуунун алдын алууда жана тополоңду уюштурду деп шектелген адамдарды кармоодо Кыргызстандын күч түзүмдөрү алсыздыгын көргөзүштү. Коопсуздук Кеңешинин жаңы курамынын олтуруму май-июнь окуяларынын кесепеттерин кароо учурунда ушундай баасын берди.

Текст көлөмү - +
Коопсуздук Кеңешинин жыйналышын ачып жатып президент Роза Отунбаева кандуу кагылышууларга алып келген окуялардын алдын-алууда жана анын кесепеттерин жоюудагы тиешелүү бийлик органдарынын ролуна баа бериле тургандыгын эскертти. Ошондой эле Президент кандуу коогалаңды болтурбоо аракеттериндеги  кетирилген кемчиликтерден жана андагы өксүктөрдөн сабак алуунун зарылдыгын баса белгиледи:

- Айыпты өз мойнуңуздарга алыңыздар. “Мына ошол окуяларда чара көрө албай калдык. Атайын иштерди жүргүзүшүбүз керек эле” дегендей. Ошондой эле мына борбордук бийликке айта турган сөзүңүздөрдү айтыңыздар. Бул эми кетирилген кемчилдиктерди моюнга алуу жана аларды мындан ары карай болтурбоо катары. Анткени биз сиздер менен мына ушундай коогалаң мезгилде жашап жатабыз.

Президент Кыргызстан 7-апрелден бери караөзгөй күчтөрдүн тынчтыкты бүлдүрүүгө аракет жасаган бир нече чабуулун баштан кечиргендигин белгиледи. Мына ушундай аракеттерге карата көрүлө турган коопсуздук чараларына байланышкан маалыматтар талкууга алына тургандыгы айтылып, жыйналыштын негизги бөлүгү жабык өтө тургандыгын жарыялады.

Президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Авланбек Жумабаев кандуу окуялардын себептерине, кесепеттерине жана мындан аркы коопсуздук чараларына байланышкан маселелер талкууга алынгандыгын билдирди:

-Эмне үчүн ушундай кырсыктар болуп кетти. Алардын кесепеттерин кантип жоюушубуз керек. Алдыдагы парламенттик шайлоону кантип өткөрөбүз. Коопсуздук чараларын кандайча бекемдейбиз. Канткенде натыйжалуу иштерди жасаш керек жана анын алгачкы кадамдары кандай болушу зарыл, кандай тапшырмаларды алдыга коюш максатка ылайыктуу деген сыяктуу суроолорго басым жасалды.

Президент Роза Отунбаева олтурумдун башында жоопкерчилик маселесин көтөргөнү менен Коопсуздук Кеңеши кайсы бир жетекчилерди кызматынан алуу жөнүндө боюнча маселени караган жок. Буга чейин коогалаңдан кайтыш болгондордун жакындары улуттук коопсуздук жана ички иштер органдарынын жетекчилерин кызматтан алуу талабы менен мамлекет башчысына кайрылышкан болчу. Бирок коопсуздук кеңешине чогулган айрым жетекчилердин кемчиликти моюнга алышканы менен жоопкерчиликти алып, кызматтынан чегинейин  деген ойлору байкалган жок.

- Биринчи жетекчилердин ээлеген ордуна шайкештиги боюнча сөз болгон жок. Бирок алардын кол астында иштеп жүрүп мыйзам бузган кызматкерлерге карата колдонулган чаралар тууралуу баяндамалар болду. Жарандык коомдун өкүлдөрү тарабынан бул боюнча мындан мурда эле ар кандай арыз-даттануулар түшкөн болчу. Ош жана Жалал-Абаддагы күч түзүмдөрүнүн жана укук коргоо органдарынын айрым тартип бузган кызматкерлерин иштен айдоого чейин чаралар көрүлгөндүгү айтылды, - деди Президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Авланбек Жумабаев.

Коопсуздук Кеңешине укук коргоо жана күч түзүмдөрүнүн башчыларынан сырткары облустардын губернаторлору, айрым район акимдери жана коменданттар катышып олтурушту.

“Айкөл Эл” саясий партиясынын төрагасы Эдил Байсалов кандын төгүлүшүнө жол берген жетекчилердин кызмат орундарында калгандыгын абийирсиздик катары айыптады: 
 
- Бул кандуу окуялар табийгый кырсык болбогондон кийин аны алдын алып, болтурбай коюуга мүмкүнчүлүк бар эле. Анткени бул күтүүсүз болгон окуя эмес болчу. Оштогу жана Жалал-Абаддагы коркунучтуу жагдайлар май айында эле каршылашуунун, чагымчылдыктын уюмдашкан аракеттери байкалып калган болчу. Ошондуктан улуттук коопсуздук кызматтынын жетекчиси К. Дүйшөбаев, ошол учурдагы ички иштер министри Болот Шер, Ош шаарынын мэри М. Мырзакматов жана башка тиешелүү жетекчилер жок дегенде өздөрүнүн моралдык жоопкерчилигин сезиши керек эле.

Бул жыйналыш Коопсуздук Кеңешинин өткөн жылы жоюлуп кетип, быйыл кайра түзүлгөндөн берки жаңы курамдагы алгачкы олтуруму болду. Талдоочулардын айтымында, олтурумда кеңири талкуулар орун алганы менен кандуу окуялардын алдын алуудагы кетирилген кемчиликтер боюнча тиешелүү бийлик органдарынын ишмердүүлүгүнө баа берилбей калды.


Ош: азаптуу жана армандуу күндөр

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: aykol каяктан: kitai
11.08.2010 16:50
urmattu, edil, baysolow, mirza, siz, oxondoy, ele, kiyin, bolsonguz, ox,okyasi, bolgondo,emne, kilip ,jurdunguz, barin,bilsengiz, ox,okyasinan, murun,emnege, okumetke,aytip, elge,jardamdaxbaysiz, baari,putkonsong, men,kiyin, min,dep ,kirgizdin, arasins,ot,jakbangiz, kiyin,bolsonguz, kirgiz.elinin,turmuxun ,jogoru,kotorugo, mamleketti, guldondurugo, salim, koxung

кимден: sirgak каяктан: kitai
11.08.2010 16:18
uurmattu, tugandar, tuxtutoku, kogalang, ottup, ketti, al, ixke, kimdi, joopko, tartu, maselesin, kayra, kotorup, qikbay, mundan, nari, tuxtuk, jergesin, kantip, baxkaru ,al, jerdi, kantip, onukturu, kerek, degen, maseleni, kotorup, qigaleqi, azirki, jangi, pkumetke ,wakit, bereli, tugandar, bir, mamleketti, baxkaruu ,ongoy, ix, emes, alar, murun ,mamleketti, baxkarip. korboso, kaydan, bilet, alarda, tajirba ,jok, oxogo, alarga, jakxi, kengex, berix, kerek, wakit, berix, kerek..

кимден: ибай каяктан: ош
11.08.2010 14:06
урматту эдил байсалов ош тополонун башта билсен сен ощол убакта кайда элен ушунча адам олуп кетти бей ажал билсен сен сак болгула деп айтпайсынбы эми баары буткондо билет болчу деп элдин канын кайнатпай м мырзакматовдой эч ким кызмат кылган жок тополондо тополон буткондо суйлонгонунор азыкчааныиштен алабыз деп

кимден: Ali каяктан: Бишкек
11.08.2010 12:48
Дагы деле болсо азыркы Окмоттун таптакыр карабаган конул бурбаган маселелери коп, мисалы бул жайда Жогорку окуу жайларда окууга отуш учун акча беруу токтомок турмак, гулдоп осту, ачык эле ар бир окуу жайдын алдында ата энелер мен мынча мин доллар бердим деген создорду уксанар болот, бул качан токтойт, жаны конуштардагы элдин койгойлуу маселелерин уккан сураган бир деле киши жок, шаарда коп жонокой жаштардын арасында ишсиздик кобойду. Дагы эле болсо шайлоого даярдык, иштеп атат деген ат менен Жеке ишкерлерди налог токкуло деп текшеруудон текшеруу бутпой атат, кантип налог тогулот 5 айдан бери нормальный ишке шарт жок болуп атса. Мамлекеттин налог кызматында иштеген адамдар роботтой, билбейм тапкыла же фирманды жаап салам дейт, бул жонундо жогорудан бир кымындай жардам жок, жок дегенде жардам катары Жеке ишкерлерге 1 жылга налог жагынан женилдик болсо жакшы болмок, анпесе коп ишкерлер иштеген кылган ишин токтотуп жаап салса биринчиден бюджетке акча кайдан тушот, экинчиденжумушсуз калган жарандар кайда барат???????

кимден: Алымбек каяктан: Бишкек
11.08.2010 12:43
Урматтуу УО. Кармалгандарды четинен кое берип жатып, сиздер элдин ишеничинен чыгып жатасынар. Аларды наказывать этиш керек, очень строго, ошондо эл сиздерге ишенет, болбосо силер дагы "кыргызчылык" кылып, картайып калыптыр, ооруп калыптыр, жаш экен, мас экен дей бересенер, эртен озунорду кубалай тургандар чекеден чыгат. Кудай анын бетин ары кылсын. Ким У. Сыдыковду, Масалиевди бошотту, ошол немедленно озу турмого отурсун. Болбосо мамлекеттигибиз кайсы, закон иштебесе, эл, жаштар, келечек ишениш керек, а ууру кылсан, киши олтурсон, мамлекетке каршы чыксан ушинтип турмого тушот экенсин, деп билиш керек, андай болбосо, анда бардыгы боло берет, бардыгы акча менен, крыша менен чечиле берет деп калса, анда Кыргыздын, мамлекеттин шору дагы алдыда экен, деп билгиле. Урматтуу Роза Исаковна кармалгандарды элдин сообу учун, элге коргозгуло, жарыя кылгыла бул мындай соттолду, бул андай соттолду деп, элге алып чыгып айткыла. Болбосо силердин кур созунордон майнап чыкпайт. Снайперлерди, боевиктерди корсоткуло жок дегенде теледен, антпесенер бут баары калп жана калп болуп жатпайбы.

кимден: Баха каяктан: Бишкек
11.08.2010 12:03
О Алла орозо кунундо кечире кор, бирок Эдилдей болгон эки жуздуу адам боюнча айтыш керек. Ал озу деле ошол убакта администрацияны жетектеп журбоду беле, колунан коп нерсе келмек, ошол эле министрлер баш ийип турган, жыйын откоруп козун ачпайт беле, андай билерман экен, озунун мойнуна кемчиликтерди эмнеге жуктобойт?

кимден: байкоочу
11.08.2010 11:37
ээ туугандар, эмнеле сарсанаа болосунар ушул бийлик учун? мына чукулда шайлоо отот, ошондо даана билинет кимде ким экенин! азыр партиялар кармашса бир бирине болгон-билген-каткан компроматтарды ишилекейи чачыраганча айтышат, ошондо кыргыз эли так даана билибез кайсы лидер менен келечекке барарыбыз. бу саясат, озгочо шайлоо деген нерсе жылкы кыял аялдай, бат-бат озгоруп турат. ошондуктан, жакшылап тындап тургула, кобу созунон жанылат, кобу рационалдык ой-кептен тартат, анан шарт этип шайлабалабыз. негизинен ушу келерки 5 жылда турмуш ото эле озгорот. жаштар, бир аз башкача ой жугурткон мыкты патриот лидерлер келет деген бир сезим бар менде

кимден: жаны лидер каяктан: Ош
11.08.2010 11:15
Ош окуясын алдын алууга толук мумкун эле. Коопсуздук Кызматы билсе керек эле, бирок аларга "бироо" тоскоол болгондой го... Биз, жонокой патриот жарандар, бул окуянын болуп кетишин 2 ай мурда эле билгенбиз, кимдер даярданып жатканы бизге мурдатан эле маалым болчу. Бул окуянын сценарийи мурдатан жазылган, оо туугандар, пьеса аягына чыга элек!!!!!! Эми эгер мындай окуя кайталана турган болсо ( эми Кудай озу сактасын!) мамлекет оз кучу менен башкаларга жалдырабай аеоосуз басуусу керек!!! Эгер мамлекет баспаса, анда озубуз басабыз,!!!!!!!!!!!!!!!!!

кимден: Ашым каяктан: Бишкек
10.08.2010 23:18
Эдиль Байсаловдун айткандарына толук кошулам, тополонго чейинки кызматта турган, куч структураларынын жетекчилеринин шалаакылыгы, же болбосо компетентсиздигинин натыйжасында чыкты да бул тополонго, болбосо ушунчалык чон Кан тогууну бир же эки кундо даярдай албайт эле эч Ким. Маалыматтар тушконуно карабастан эч кандай алдын Ала чара корбогондуктон келип ушундай чон алааматка айланды, Исмаил Исаков баары сонун деп Эле отчет берип турбадыбы ошол кезде. Дал ошол адамды жоопко тартыш керек шалаакылыгы, "саясий сокурдугу" учун.

кимден: Таза Кыргызстаным учун каяктан: Башымды Бийик котором
10.08.2010 22:43
Баа бергенди не кылышат, иштеп атабыз дегендин озу курусун.
Андан коро конкретно жооп беришпейби, мыналар баштаган, могу спонсор болгон. Бул кабинетин таштап айылына качып кетти. Ушуларды мыйзамчегинде жооп берет деген адам жооок!!!!!!
Кантип эле эчким билбейт ким баштаганын тобо???
Атка минерлер иштеген маянарды актабай атасынар, эсинерге тутуп билип алгыла элден чогулган налогдон айлык алып атасынар, силерди эл багып атат.
Иштемиш болгондорду сразуу айдаса, иштегенди ордуна койсо. Толку бар адам керек бизге КЫРГЫЗСТАНЫМА
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Орусияда кыздарга кордук көрсөткөн "Патриот"

Орусияда айрым кыргыз кыз-келиндерди жүрүм-туруму үчүн кордоп-кодулаган кыргыз жигиттеринин “Патриот” деген тобу пайда болду. Толук

Онлайн шерине