Алдыдагы берүү



Акча алмашуу

KGS / 
RUB
1,5617
KGS / 
EUR
61,275
KGS / 
USD
46,574

VIP маек

Сөз таануу

Саясат / Кыргызстан саясаты

Коогалаң сарсанаасы: бир мүйүз сынса миңи зыркырап…

Кыргызстанга  эларалык полиция кеңешчилеринин келишине каршы нааразылык жыйындар

Кыргызстанга эларалык полиция кеңешчилеринин келишине каршы нааразылык жыйындар

29.07.2010
Бекташ Шамшиев

Кийинки кездери Кыргызстанга эларалык полиция кеңешчилеринин келишине каршы нааразылык жыйындар арбын өтүүдө. Өлкөнүн мыйзамын, жаатташкан тараптардын тилин, салтын жакшы билбеген чет элдик кеңешчилер ансыз да калтыс кырдаалды оорлотуп ийиши мүмкүн экендиги айтылууда. Айрымдар эларалык полиция кеңешчилерине көпчүлүктүн ишеними күчтүү деген пикирде.

Чочулоонун чордону

Ош менен Бишкекте өтүп жаткан нааразылык жыйындарына катышкандардын көпчүлүгү эларалык полиция кеңешчилери жаатташкан тараптардын бирөөнө жан тартып, калыс бүтүм чыгара албайт, деп эсептешет. Ошто жашаган белгилүү окумуштуу, профессор Лутфулла Жусупакматовдун дарыгер болуп иштеп жаткан уулун жаңжал учурунда жумуштан үйүнө бараткан жеринен уурдап кетишкен. Анын өрттөлгөн сөөгү кийинчерээк табылды. Л.Жусупакматов дүйнөлүк маалымдоо каражаттарында, чет өлкөлөрдө Оштогу калайман тууралуу туура эмес кабарлар жарыяланууда дейт.

- Кыргыздар жөнүндө эч кандай маалымат берилген жок. Бул жерде кыргыздар жырткыч, канкор кылып жатат. Андай эмес болду.


Ошол эле оштук дагы бир тургун Гүлнур Касымованын күйөө баласы апаатта курман болуп, чиедей үч баласы жетим калган. Гүлнур эларалык кеңешчилер жаңжал күчөп турган чакта келсе жакшы болмок деген пикирде.

- Тополоң болуп аткан мезгилде же биздин бийликтегилерден, же бир аттуу-баштуу адамдардан бирөө басып барган жок биздин Ошко. Калайык-калк өзү менен өзү урушуп, өзү менен өзү болуп атты.

Бишкектик Назар Усубалиевдин ырасташынча, эларалык полиция кеңешчилеринен деле калыстыкты күтүш кыйын. Алар деле чет элдик маалымдоо каражаттарынын жолун жолдоп, бир тарапты гана күнөөлөп, айыпты ошого жүктөө амалын гана жасашы ыктымал.

- Алардын тарабын жакташ үчүн Европа коопсуздук жана кызматташуу уюмунан келип атышат. Жикчилдердин бирден-бири талабы ошол эларалык күчтөр кирсин деген талап болчу. Ошон үчүн ЕККУ келеби же андан кийин армия келеби, бул куралдуу күчтөрдүн киришинин бирден-бир этабы болуп калышы мүмкүн.

Калыстыкка зарылдык

Ош шаарынын тургуну Даткайым Итибаева эларалык полиция кеңешчилеринин Кыргызстанга келишинен эч чочулабаш керек дейт. Анын пикиринде, эларалык полиция кеңешчилерине жаатташкан тараптардын үмүтү чоң.

- Алар келсе мисалы өзбек эли да ишеним артышы мүмкүн. Азырынча алар ишенбей жатышпайбы. Кыргыздардын милициясы көп жабыр тарткызып, бизге ыдык көрсөтүп атат дешүүдө. Ошондо ишеним пайда болот. Башка өлкөлөр деле ишенет да. Келишсе бир улут эле экинчи улутка басымдуулук кылып жатат деген кинелерден да алысыраак болот. Анан алар ЕККУнун полициялары калыс адамдар болушат. Алар ортодо калыстык кылып биздин күч органдарга, башкаларга жакшы тажрыйбаларын үйрөтүп тынчтык алып келсе болот эле. Себеби Ошто дагы эле тынчтык жок да.

АКШ президентинин кеңешчиси Майкл Макфол эларалык полиция кеңешчилерин Кыргызстанга чакыруу сунушу убактылуу өкмөт тарабынан жактырылганын мындан бираз илгери жарыялап, эгер ал Европа коопсуздук жана кызматташуу уюмуна мүчө өлкөлөрдүн колдоосуна ээ болсо жакынкы күндөрдө бул маселе чечилип каларын кабарлаган. Аз өтпөй Кошмо Штаттардын Мамлекеттик катчысынын орунбасары Жеймс Стейнберг Кыргызстандагы калтыс кырдаалды жөнгө салууга Вашингтон колдон келген көмөгүн көрсөтөрүн ырастаган.

- Бул планда биз Евролпа коопсуздук жана кызматташуу уюмунун жакын арада келе турган полиция миссиясына, донорлор конференциясын өткөрүүгө колдон келген жардамыбызды көрсөтөбүз. Мунун баары болочокто алдагыдай калабанын кайра кайталанбашы үчүн жасалууда.

Европа коопсуздук жана кызматташуу уюмунун башкатчысы Марк Перен де Бришамбо эларалык 52 полиция кеңешчилери Ош менен Жалал-Абад шаарларында жайланышып, жакын арада иштерин баштай турганын маалымдады. 6 топко бөлүнгөн кеңешчилер кырдаалга байкоо салып, жергиликтүү калк менен коопсуздук кызматтарынын ортосундагы мамиленин жакшыртылышына көмөктөшмөкчү. Жаатташкан тараптарды мунасага келтирүү, ичара ынтымактын орнотулушуна жардам көрсөтүүдөн өткөн маанилүү иш азырынча ал жерде жок.
Бул шерине жабылды
Электөө
     
Пикир
кимден: Altynai каяктан: jazylbagan
30.07.2010 16:28
Salamatsynarby Kyrgyzstandyktar?
Men silerge kairylyp keterim bizge bashka jaktan keleturgan milisiyalarga karshy bolboshubuz kerek, sebebi Kyrgyzstanda korupsiya oto koboiup ketti myna Zamir aityp jatat aksakaldardy salaly ortogo dep azyrky jashtar alardyn sozun ukmak belel, okmottun epteialbaganynan kancha adamdar kaza bolushtu, Azyr emi kunoosuz ozbekter da kyinalyp atyshat , bir jerge baaryp dokument kyldyraiyn dese palan akcha surashat, bechara adadardy da tushunush kerek da, myndai bolso 10-jylda dagy tynchtyk bolboit. bashkacha jaktan keleturgan milisiyalarga jol bereli urmattu Kyrgyz kalkym.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
30.07.2010 16:05
ЕККУнун полициячыларынын киришине каршы болуп жаткандар саясий кучтор роль ойноп жатат дешет. Анда Ошко келип, элдердин пикирин угуп корушпойбу? Жонокой эл эмне, эч нерсени тушунбойт деп жатышабы? Кыргызстандын келечеги ансыз будомук болуп турганда, азмаз келчекти ойлобойлубу? Кудай озу сактасын, бирок, эгерде балакет болуп, ошол полициячылардын бири курман болуп кетсе эмне болот? Куралдуу кучтордун киришинин башталышы болобу? Капсалан башталганда коменданттык саат жарыялап койгондон башка колунан эч нерсе келбеген окмот, эми сырттан жардам суроого моралдык акысы да жок. Ошол тополон кундору, кана кимиси Ошко басып келип койду?

кимден: Аты-жөнү жазылбаган каяктан: Ош
30.07.2010 15:48
ЕККУнун полициячыларынын киришине саясий кучтор роль ойноп жатат дешет. Мумкун

кимден: Кыргыз каяктан: Анкара
30.07.2010 13:55
Туугандар !!! полициянын бизге кереги жок.Эмне териштируу иштерин мамлекет озу жургузо албайт бекен?Анда мамлекет деген аты кайда?

кимден: Абдыразак каяктан: Бишкек
30.07.2010 09:03
http://www.blive.kg/video:35694/

кимден: РАТКУМ каяктан: МОСКВА
30.07.2010 00:01
Ботон элде,ботон жерде журуп\жыргаганыбыздан жургон жокпуз\, жегич,канкор,мансапкор,эгоист,озунон башканы ойлобогон президенттерден кийин ким бироо айтмакчы кыргызмын деп айткандан да кээде уялып калат экенсин.Ушундай окуялардын болущуна президенттер туздон туз куноолуу.Алардын биринде да кыргыз элинин,кыргыз жеринин келечегин,кызыкчылыгын коздогон туруктуу,принципиялдуу иделогилык багыты болгон жок.Азыр деле биздин жетекчилердин туруктуу принциби жок,ким эмне десе ошону ээрчип кете берет.Бул менин жеке пикирим,кандай болгондо да мамлекеттин,элдин кызыкчылыгы учун айрым маселелерди принципиялдуулук менен чечиш керек деп ойлойм

кимден: Жаныш каяктан: Москва(Баткен)
29.07.2010 23:25
Азыркы учурда биз(кыргыздар) дуйнолук маалыматта куноолуу болуп жатабыз. Бул жерде сырттан бизге акча жана гуманитардык жардам керек. Ички проблемаларды озубуздун бийлик жана калк чечиш керек.

кимден: Кадыр каяктан: Ош
29.07.2010 22:24
Ошко алар кириш керек алар экки элди ынтымакка чакырышат болбосо бул элдердин жаракаты тудолушу кыйин. Биз Ынтымакты калайбиз.

кимден: Абыке каяктан: Бишкек
29.07.2010 21:25
Эми кыргыз журтума жараткан АЛЛАХ ТААЛАМ гана тура жолун корсотсун..! Бийлик жанагы жалган малымат тараткан провакаторлорду , ушунун баарын баштагандарды тутуш керек... Ушуларды туталбай жаткан СНБга да уят иштебей койсонор да болот силер... Келгиле оперативдуу иштегиле тезинен...

кимден: Замир каяктан: Баткен
29.07.2010 19:42
Саламатсынарбы Кыргыз журтум бизге эмне кереги бар сырткы кучтордун биз алардан совет сурагычак озубуздун акылман корогоч аксакалдардан совет сурайлык, алар келип бизге совет бергидей ким экен асмандан тушкон периште болсо экен алар билгидей алардын кереги жок. Алар бул жака келип кыргыз мындай экен озбек мындай экен деп дуйного таратыштын эмне кереги бар. Биз кытайдан кембизби алар кытай угур урушуп кеткенде бироодон кенеш сурабай эле оздору басып койдуго
     
Текст көлөмү - +

Көңүл чордонунда

VIP маек

Тасма

Сөздүн күчү бүткөн жерде музыка башталат Видео тасма

Бишкекте “Толеранттуулук – тынчтыкка карай жол” аттуу концерт өттү. Анын негизги катышуучусу Москвадагы эл аралык пианисттер сынагынын лауреаты, Москва консерваториясынын аспиранты, белгилүү пианист Азамат Сыдыков болду.

Интернеттик тейлөөбүздүн түрлөрү

ПодкастRSS усулуМобил (уюкфон)