Шейшемби, Май 22, 2012 Бишкек убакыты: 00:27

Саясат

Кыргыз милициясы кыйчалыш абалда

19-апрлде ички иштер министрлигинде өткөн маалымат жыйынында өлкөдөгү туруктуулук милиция кызматкерлеринин толук көзөмөлүндө экендиги жана мурдагы президент Бакиевдин бир туугандары Кыргызстанда жашырынып жаткандыгы айтылды.

7-апрелдеги каршылык акцияларында 700 дөн ашуун милиция кызматкерлери жабыркады
Текст көлөмү - +
Ошол эле учурда Жалал-Абад, Ош шаарларында милиция кызматкерлери нааразылык митингине чыгып убактылуу өкмөткө бир катар талаптарды коюуда.


Кыргызстандын Ички иштер министринин милдетин аткаруучу полковник Болот Шерниязов 17-апрелдеги Сузак районунун Тейит айылында экс-президенттин күзөт кызматынын жетекчиси Жаныш Бакиевди кармоого барган аскердик атайын операциянын жыйынтыгы тууралуу алгач маалымат берди:

- Тейит айылында Бакиевдердин үй-бүлөсү туруп, 200-500 автоматчандар бар экен деген маалымат айтылып жаткан. Саат 12де Тейит айылы толук курчалгандан кийин мага аксакалдар, “бардыгын тынчтык жолу менен бүтүрөлү”, деп келишти. Башкы прокуратуранын адамдары, атайын оперативдик иликтөө тобунун адистери кирген кырк адамдан турган топ түзүлдү. Алар Бакиевдердин үйүнө киргенде үйдө Акмат да, Каныбек Бакиевдердин эч кимиси жок болуп чыкты, - деген Болот Шерниязов бир тууган Бакиевдер Кыргызстанда экени тууралуу маалымат бардыгын, оперативдүү иликтөө тобу өз ишин жеринде улантып жатканын билдирди.

Болот Шерниязов ошол эле күнү Жалал-Абаддагы Токтогул, Аксы райондук жана шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн кызматкерлери нааразылык акциясына чогулуп жатканы тууралуу кабар келери менен ал жерге барып, кесиптештеринин мүдөө-талаптарын уккан. Бирок күтүүсүздөн пайда болгон адамдардын чаң-тополоңу аны ал жерден шашылыш кетүүгө мажбур кылган.

ИИМ жетекчисинин билдирүүсүндө 6-7-апрелде милиция кызматкерлери да запкы тарткан. Милиция Академиясынын 4-курсунун курсанттары Никита Кушц менен Илим Такырбашев көз жумган, 764 кызматкер ар кандай жаракат алган. Учурда 90го чукул адам ооруканада болсо, анын экөө оор абалда.

ИИМ өз кызматкерлерине каржылык көмөк алуунун аракетин көрүп, убактылуу өкмөттөн колдоо тапканын Болот Шерниязов мындайча маалымдады: 

- 44 миллион 954 миң сом өлчөмүндө каражат убактылуу өкмөттүн буйругу менен бөлүндү. Анын ичинен 9.5 миллион сом өз милдетин аткарып жатканда оор жаракат алган кызматкерлерге, 33 миллион 450 миң сом орто жана жеңил жаракат алгандарга, 2 миллион сом кайтыш болгондордун үй бүлөсүнө төлөнөт.

Кыргыз милициясы өлкөдөгү башка тармактардай эле толгон токой көйгөйгө бай. Күтүүсүздөн алмашкан мамлекеттик бийлик милицияны укуктук-кызматтык жактан гана эмес, моралдык туңгуюкка салгандай. Муну соңку кездеги кыргыз милициясы лагерлерге бөлүнүп, саясий күрөшкө аттанганы далилдейт. Жалал-Абадда милиция кызматкерлери жолугууга келген чоң жетекчисине кол көтөргөнгө чейин жетсе, өлкөнүн башка тарабында ИИМдин жетекчилигин басып алууга жашыруун даярдыктар жүрүүдө.

Министрдин милдетин аткаруучунун орун басары, социал демократтар партиясынын мурдагы депутаты Кубанычбек Кадыров мындай мүнөздөгү маалыматты чукул таратты:

- ИИМдин мурдагы министри генерал Суваналиев Өмүрбек Исакович жанына атайын топторду түзүп алып, туура эмес иштерди жүргүзүп жатыптыр. “Биздин түштүктүн кызматкерлери колдоп жатат, түндүктүктөр дагы колдоп, мени министр кылгыла”, деп жатканы тууралуу маалымат түшүп жатат. Биз министрдин жетекчилиги алдында мындайга жол бербейбиз.

“Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдрасулова убактылуу өкмөт тез аранын ичинде милицияны саясатка аралаштырбоо тууралуу өз концепциясын иштеп чыгуусу зарыл деген пикирин “Азаттыкка” кечээ билдирген:

- Милиция кызматынын уставында жана милиция жөнүндөгү мыйзамда милиция эч кандай саясатка аралашпайт, митинг-пикетке чыкпайт деген тыюу салган пункттар бар. Ошого карабастан, биз билген акыркы 15-20 жылдан берки эгемендүү убакта милиция кызматкерлери жалаң саясатка аралашып келишкен. Акаевдин убагында анын режиминин кызыкчылыгына, Бакиевдин убагында Бакиевдин режиминин кызыкчылыгына милиция кызматкерлери аябагандай кызмат көрсөтүп келишти, себеби булар буйрукка баш ийип келишти.

“Милиция коомдук тартип менен жарандардын коомсуздугун камсыз кылууга милдеттүү. Саясат менен алектенбейт!”, - деген Болот Шерниязов ал жетектеген тармакта реформа башталганын, буга чейин Кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгы толугу менен жаңыланганын билдирди. ИИМдин башкы жетекчилиги дагы алмашып, министрдин биринчи орун басарлары болуп Бактыбек Алымбеков, Кашгар Жунушалиев жана Кубанычбек Кадыров, түштүк аймагы боюнча Сүйүн Өмүрзаков кызматка киришти.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Аты-жөнү жазылбаган
20.04.2010 12:27
Ф.КУЛОВ ТУУРА СУНУШ КИЙИРГЕН,МОРОДЕРЛОРГО,ПРОВАКОТОРЛОРГО,БИЙЛИКТИ БАСЫП АЛУУНУ КААЛAГАНДАРГА ЖАНА БАСЫП АЛГАНДАРГА КАРШЫ КЕРЕК БОЛСО КУРАЛДУУ КУЧТОРДУ ПАЙДАЛАНЫШ КЕРЕК!

кимден: Ратмир каяктан: Бишкек
20.04.2010 11:24
Урматтуу укук коргоо органдарынын өкүлдөрү Сизлдерге биринчиден ыраазычылык билдиргим келет. Кыйчалыш убакта эки оттун ортосунда, адилеттик менен адилетсиздиктин ортосунда катуу кыйналдыныздар. Бирок сиздердин бүгүнкү күнү митингдерге чыгып мамлекеттибизди сактап калуунун ордуна кайрдан абаалды курчутуп жатканыныздар туура эмес. Албетте, сиздерди да туура түшүнүп жатабыз. Бирок, айрыкча Ош шаарынын милиция кызматкерлери силер койгон социалдык талаптар мамлекетибизде тынчтык орногондон кийин чеичилет эле го. Силер кочодо жургон бекерпоз адамдардан эмессиздер го. Саясий укуктук билим алып анан эл үчүн кызмат кылам деп ант берип эми аны өзүңөр бузган менимче туура эмес. Андан көрө Мамлекетибизге, Убактылуу өкмөткө жардам бериңиздер.

кимден: Данияр каяктан: Бишкек
20.04.2010 11:14
Жаны министрдин наамы полковник эмес, ага лейтенант деп айтышты эле, ошону тактоого азаттыктын мумкунчулугу барбы. Ошондой эле ИИМ башчылары жонундо, алардан профессионалдык таржымалын жонундо элге маалымат беруунуздорду азаттыктан суранып кетээр элем.

кимден: Жаныбек каяктан: Бишкек
20.04.2010 10:58
Албетте кайчылаш болот, милициянын башчылыгына саясатчыларды дайындашты. Азыркы мезгилде адистер керек эле, куч органдарына. Бул убактылуу окмоттун аябай чон жанылыштыгы болду.

кимден: нури каяктан: москва
20.04.2010 02:55
бирин олуп бирин кал боооооооолду токтоткула уят

кимден: кубаныч каяктан: москва
19.04.2010 23:23
От менен ойнобо,деген жакшы сөз бар.Мынакей бийлик от менен ойношуп журуп тапкан жыйынтыгынын бири.Милиция,ИИМ жөнүндө,алардын милдети, укугу,шарт-шарайыты жөнүндө ак-кара менен жазылган салмактуу бир документ болсо керек акыры.Же буларды "байпака"окшотуп каалаганда кийип.эскирсе чечип ыргытып жибергидей эле орду барбы?Министирин баш кылып,ур токмокко алып,бүт дуйнөгө шерменде кылсак.Берген антында туруп,милдетин аткарып жатып набыт болгондорго,жарадар болгондорго:итчилик мекениңден кетти,колдон келсе кечирип койгула,мынакей аз да болсо жардам дештин ордуна,мекенибиз эмне кылды баарыбыз жакшы билебиз.Айтса айткандыр,берсе бергендир,бирок кеч.Караса тартип жок,кылмыш өсүп жатат,не кылат?,милийсага барат.Чыксын ошол милийсага кол көтөргөндөр,тартип орнотуп,бейпилдикти сактасын.Жоок туугандар,колдон келбейт,алардын айдаганы эки эчки.Канчалык милийсаны жаман көрбөйлү,алар сиэ м-н биздер учун өз өмүрүн ортого коюп.иштешип жатат,муну деген унутпашыбыз керек туугандар.А Шерниязов ушуну көрүш керек эле,дагы кудай сактаптыр.Эми бийлик ИИМ м-н Коргоо мнистирлиги тууралуу эң бир негиздүү,кол тийбес документтерди кабыл алып,иш жузунө ашырыш керек.Ансыз өкмөттүн жасаган жумушу баары текке кетет.Итчилик кылган бийликти дагы бир жолу кечириңиздер,урматтуу тартип ж-а мекен сакчылары,үй-бүлөңүздөргө аманчылык,жергебизде тынчылык,ишиңиздерге ийгилик каалаймын.

кимден: arslan каяктан: france
19.04.2010 23:11
tapasan syipalap kal
kolgo tushurom dep baryp ozu kolgoo tushup kala jazdapturgoo bolot aka
ozu bashkargan menterden taiak jep
orustardyn jazganyna karaganda
atyshuu bolso tiruu chykmak emesin
kopko barbait chamasy bul kishi
beknazarov ekoo katuu ketip baratat

кимден: Роллан каяктан: Москва
19.04.2010 21:12
Окуп эле койбосон бул нерсеге пикирим жок.Эмне тушунуп калуу кыйын мындай болсо,эски бийликке да жетбейт го.Биздин жаны бийлик чиновниктери(иштегени)

кимден: aja каяктан: kmsh
19.04.2010 19:39
ajabai jakshi ish.teit aiylyn kuuchap,anan aksakaldar menen suiloshup anan bargycha sosedinin uiuno kirip albai jan jokpu alarda.tooba dedim.myncha jakshy ishteisiz bolat aka

Назарда

Орусияда кыздарга кордук көрсөткөн "Патриот"

Орусияда айрым кыргыз кыз-келиндерди жүрүм-туруму үчүн кордоп-кодулаган кыргыз жигиттеринин “Патриот” деген тобу пайда болду. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма "Шайтан арабадагы" токсон жыл

Баткендин Кара-Бак айылында жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун 90 жаштагы ардагери Айтпай ата согушка аттанаарда да велосипед менен аскер комиссариатына барган экен. (JsA/MiT)