Шейшемби, Май 22, 2012 Бишкек убакыты: 00:27

Саясат

Ө.Текебаев тергөөгө маанилүү маалымат берди

26-мартта “Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев Казакстандын Кордой шаарына барып, өткөн жыл этегинде Алматыда киши колдуу болгон журналист Геннадий Павлюктун өлүмүн иликтөө-тескөө иштери боюнча сурак берип келди. Ө.Текебаев казак тергөөчүлөрү көрсөткөн беш сүрөттүн ичинен Улуттук Коопсуздук кызматынын офицери Алдаяр Исманкуловдун сүрөтүн тааныгандыгын "Азаттыкка" билдирди.

Ө.Текебаев ''Ак жол'' чек ара бекетинде журналисттерге маалымат берүүдө, 26-март, 2010-жыл.
Текст көлөмү - +
- Сизде бул иш боюнча кыргызстандык үч жаран Казакстандын укук коргоо органдарында кылмышка шектүү деп кармалып турат деген божомол барбы?

- Сүрөттөрдүн өзгөчөлүгүнө карап, алар полицияда тартылган деп түшүндүм. Биздин үч жаран Павлюктун иши боюнча казак кызматтары тарабынан кармалган. Төрт сүрөттө тең мен тааныбаган жаш балдар, мага бешинчи сүрөттөгү бирөө гана тааныш көрүндү. 

Улуттук Коопсуздук кызматында техникалык бөлүмдүн жетекчиси Алдаяр Исманкуловдун сүрөтү гана мага тааныш көрүндү. Казак тергөөчүлөрү Алдаяр Исманкулов ким, ал жөнүндө эмне билесиз деген суроолорду мага берди.

- Сиз Алдаяр Исманкулов деп бир жарандын атын атап, мен аны тааныдым деп жатасыз. Канчалык далил менен ишенимдүү түрдө бул сиз атаган адамдын сүрөтү деп айта аласыз. Балким окшош бирөөдүр?

- Биринчинден, тергөөчүлөр Алдаяр Исманкулов ким деген суроону беришти. Экинчиден, мен Алдаяр Исманкулов менен жеке тааныш эмесмин. Бирок 2006-жылы январда абдан чоң чатак чыгып, парламенттик иликтөө жүрүп, төрт күн өзүнүн жыйынын ушул жигитке арнаган. Ошондуктан парламенттик иликтөөнүн чегинде Исманкуловду жакшы билем.

А. Исманкулов 1996-жылы раматылык Рысбек Акматбаевдин жээни Нурлан Коноев менен каракчылык-тоноо беренеси боюнча айыпталып, ага кылмыш иши козголгон. Кийинчерээк ошол кездеги ички иштер министри Суталиновдун айтышы боюнча 2005-жылы Исманкулов казак ишкерин алдап-тоноого катышкан.
Казак тергөөчүлөр Алдаяр Исманкулов ким, ал жөнүндө эмне билесиз деген суроолорду  берди...

Ал эми Раатбек Санатбаев өлтүрүлгөндөн кийин бир жума өтпөстөн Алдаяр Исманкулов эки мыйзамсыз тапанча алып жүргөн жеринен милиция кызматкерлери тарабынан кармалган. Бирок прокуратура аны камаганга уруксаат бербей койгон. Ошондо парламент карап, текшерип Исманкулов тезинен камакка алынсын деген чечим чыгарган.

Бирок Курманбек Бакиев эл адында ачык Исманкуловду колдоп чыккан. Андан кийин эртеси анын атасы жетектеген Дене-тарбия институтуна барып сөз сүйлөп, бул үй-бүлөнү ачык колдоорун жашырбастан көргөзгөн.

Ошентип үч кылмыш ишине аралашкан Исманкулов 2005-жылы кызматынан көтөрүлүп, уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш бөлүмүнүн башчысы болсо, азыр техникалык бөлүмдүн башчысы.

Казак тергөөчүлөрү Коопсуздук кызматынын техникалык бөлүмү эмне иш кылат деп абдан кызыгышты. Мен аны билбейм, бирок бул телефондук сүйлөшүүлөрдү угат, электрондук почтанын мазмунун текшерет жана башка ушуга окшогон бүгүнкү техникалык каражаттардын жардамы менен адамдарды аңдуу жана башка тергөө амалдарын жүргүзө турган бөлүм деп шек санайм.

- Өмүрбек мырза, казак укук коргоо органдары сизге көрсөткөн материалдардын, иликтөө-тескөө иштеринин негизинде кылмыш жасагандардын атын жарыялайт деп ишенесизби?

-  Павлюктун ишин иликтөө солгундап токтоп калгандай болгон. Күтүүсүздөн ал жанданып, казак тергөөчүлөр активдеше баштады. Россиянын “Регнум” деген маалымат агенттигинин аналитиги “Россиянын олуттуу маалымат каражаттарынын баары кыргыз президенти Бакиевге 23-марттан баштап оппозицияга өттү”, деп жазды.

Россияда бийликтен көз каранды болгон массалык маалымат каражаттары жөн эле дос мамлекеттин бийлигин сындабайт. Россия бийлиги Грузияны, Украинаны сындаганга уруксат берген, уруксат гана эмес ага ишарат берген. Эми Украина ал тизмеден чыгып, Грузиядан кийин Кыргызстан бул тизмеге кошулду.

Мына ушул убакта казак туугандар да жылаандын башын чыгарып, Павлюктун иши жабыла элек, ал биз иштин аягына чыгабыз деп мени суракка чакыруу аркылуу билдирди. Билдирмек турсун кыргыз жарандарынын бешөөнүн сүрөтүн мага көргөздү. Ошентип алардын үчөө колго түшкөндүгүн, бирөө учурда Коопсуздук кызматынын офицери экендигин кыргызстандыктарга даана билдирди.
O.Текебаев, Б.Шерниязов, С.Муканбетов Кордой райондук полициянын алдында, 26-март, 2010

- Сиз өзүңүз казак тергөөчүлөрүнөн иш качан аягына чыгаарын, дагы канча иликтөө амалдарын жүргүзүү зарыл экендигин сурап көрдүңүзбү?

- Өзүңүзгө белгилүү, бул иш Казак Ички иштер министринин орун басарынын түз көзөмөл алдында. Казак тергөөчүлөрү тергөө сырларын балыктай болуп айтышкан жок. Менин айткан байкоолорум алардын берген суроолорунан жана мага көрсөтүлгөн материалдардан улам гана болуп жатат.

Мен жана айтпадымбы, алар өздөрүнүн Коопсуздук кызматынын өкүлдөрүнөн качып жүрүштү деп. Мындан улам казак бийлиги бул ишти аягына чыгарганга абдан ынтызар деп ойлойм.

- Рахмат, Өмүрбек мырза!

P.S. УКМКнын маалымат кызматынын өкүлү Рысбек Быкын уулу “Азаттыкка” казак укук коргоо органдарынан эч кандай расмий кайрылуу болбогондугун тастыктап, бул тууралуу маалыматы жоктугун билдирди.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Курманбек каяктан: Алай
04.04.2010 16:04
Кыргызстанда толук криминал,бир ууч адамдардын кызыкчылыгын ойлогон бийлик орноду, палбандар менен кошоматчылардын доору журуп жатат.

кимден: Тешебай каяктан: Жаллабат
31.03.2010 18:40
ТУРГУНБАЙ ака, эгер Павлюктун ордунда сиз же сиздин балаңыз болуп калганда не болот эле? Киши өлтүргөн мыкаачыларды айыптабай, алардын бетин ачкан эр жүрөк, түштүктүн жана кыргыздын эң мыкты баласын сындаганыңыз чыккынчылык менен барабар.

кимден: Тургунбай каяктан: Ош
30.03.2010 15:54
Касым мырза, мен Азаттыктын форумун эн коп пайдаланган окурмандардын биримин. Текебаевдин аракети тууралуу таныркоолорумду эмнеге бийликти колдоо катары баалайсыз? Мага чындап тан калыштуу: казак тынчыларына жооп берип келип алып босогону аттабай жатып ай-гай салганы эмнени канкуулайт? Текебаевдин жоопторуна иреттуулук менен логика жетишпей жатпайбы... Россиянын ММКсынын бул жерде эмне тиешеси бар?

кимден: Акылбек каяктан: Бишкек
30.03.2010 08:59
Текебаевге корсотулгон суроттор кайсы максат менен, кайсы кылмыш ишине тиешелуу экедиги тууралу казах тынчылары тарабынан купуя сыр боюнча калып олтурат.Балким казахтар казахстандын жаранынын укугу бузулгандыгын аныктоо максатында Исманкуловдун суротун Текебаевге корсотуп жаткандыр. Казахтарга все таки, оздорунун жаранынын укуктарын коргоо баарынан жогору эмеспи. Ал туурасында Текебаев озу деле Исманкуловдун казак ишкерлерин алдап тоноого катышкандыгы туууралу божомолдун бар экендигин айтып жатпайбы. Мына ошондуктан бир тараптуу Исманкуловду Павлюкту олтургонго катышы бар шектоолордун озу туп-тамырынан туура болбойт деп ойлоймун.

кимден: che
29.03.2010 21:37
Криминал менен бийликтин бири-бири менен чырмалышып,жуурулушуп калганына дагы бир далил!Бул жонундо айтпасан да элге качантан белгилуу.Эгерде ишенбесениз,мен айткан жерге барып акырын байкап корунуз:бандитин да,чекистин да,милициясын да ошол жерден чогуу коросуз.Ал "Дордой" базары.Сырттан келген жуздогон автобус,таксилерден бандиттер келип "салык" алып турушат.Келгенде да беш-алтоо келет.Бирдеме деп айтсан,жада калса бир аз койо тур десен ооздон ары бир муштум жейсин дейт автобус-таксилердин ээлери.Ал эле эмес ошол бандиттердин бироосун тигилип карап койсон балээге каласын дешет.Мен,мисалы,оз козум менен бир оозунан эне суту кете элек баланын озунун атасындай болгон казак кишини токмоктоп жатканына кубо болдум.Болгону ал автобустун ээсинин сураган кезде жанында акчасы болбой калган.Бул жаш балдар-"торпедолор".Чондору ары жакта байкап турушат.Баарынан кызыгы алардын жанында СНБнын,УгРонун кызматкерлери жандап жургонундо.Ошолор баары чогулуп автобустарды жугу менен чек арага чейин коштоп,бажыканадан да откоруп коюшат.Эч ким кынк дей албайт экен аларга.Албетте,мунун баары бекер жасалбайт...

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
29.03.2010 14:58
Урматтуу Азаттык, учурда Нарын шаарында алты миңдей адам катышкан митинг өтүп, эл Д.Үсөнов менен жолугушуу өткөрүп жатканын маалымдарбыз, ушул тууралуу кеңири маалымат берип турсаңар деген өтүнүч менен кайрылдым, корко бербесеңер.

кимден: Касым каяктан: Талас
29.03.2010 14:15
Тургунбай, эгер сен азыркы бийликти коргосон, жүйөөлү аргумент айтып коргобойсуңбу. Анте албайсың, себеби ынанымдуу сөзүң жок.

кимден: Тургунбай каяктан: Ош
29.03.2010 14:04
Текебаевге ишениш кыйын. Кыргызстандын эшигинин оозуна кирип-кирбей жатып айгай салганына караганда иши оорлошуп калса керек. Павлюктун өлүмүно байланыштуу казактар аны неге көрсөтмө берүүгө чакырды? Неге казак коопсуздук кызматынын жарга такалган суроолоруна жооп берип келип алып, аңды-дөңдү айтат. Баягы арты булганган жаш бала да ушундай болуп калат эмеспи. Деги бул жерде Текебаев өзү тазабы?

кимден: Карышкыр
29.03.2010 13:03
А.Исманкулова болсо 4-5 жылдан бери эле көрүнгөн криминалдык чатактарга кийлигишип жүрөт. Бир гана нерсени түшүнбөйм, аны эмне анчалык койнуна алып жүрүшөт, же А.Исманкулов көптү билеби?

кимден: кыргыз ааламы каяктан: эл арасы
29.03.2010 10:43
Урматтуу Омурбек Текебаев,сизди жолборс жүрөк, кыргыз эли зор ишеним арткан тажырыйбалуу, абройлуу саясатчы ,чынчыл,туруктуу позициясы бар инсан катары,келечекте кыргыз злинин жүгүн,керек болсо бүт саясатын аныктоочу азгантай кыргыз элин,чыныгы элдик бийликке сүрөгөн , Жетектөочү топтун башчыларынын бири катары жалпы кыргыз эли билишет(ынанбагандары ушул күндөрү ойу жакшы) ,ошондуктан сиз керт башыңызды тобокелге салуудан оолагыраак болуп,азыркы эки аяктуу карышкырлардан өтө тыкыр сактанып,Жалпы кыргыздын максат-мүдөөсүн биринчи(жеке коопсуздуктай эле)орунга койот деген зор ишенимдебиз!Кой терисин жамынган карышкырлар ким экенин,алардын чабаны кимдин -кимдигине саясий баа бергениңиз,түшүнгөн калктын аң сезимин ойготууда.Ал эми мафия тойгуча жеп-мен жасабадым деп карганаары турган иш колуман кармабады деп,бир стрелочникти ушул жекече иш тийешеси бар деп түртө салышы мүмкүн! Ошентсе да саясатчылык,пидерлик кала берсе нагыз жигитчилик пикириңизди толук колдойбуз!Аман бар болуңуз!Кыргыз эл арасы ,чындык Кыргыз эли тарапта!
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Орусияда кыздарга кордук көрсөткөн "Патриот"

Орусияда айрым кыргыз кыз-келиндерди жүрүм-туруму үчүн кордоп-кодулаган кыргыз жигиттеринин “Патриот” деген тобу пайда болду. Толук

Онлайн шерине