Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:05

Тhe Times: «Борбор Азия: аял президент демократияга жол ачат»


Роза Отунбаева Борбор Азиядагы аял президент
Роза Отунбаева Борбор Азиядагы аял президент

Кыргызстандагы окуялар чет элдик басма сөз каражаттарында такай жарыяланып, кылдат талкуудан өтүүдө. Бул жумадагы бир катар басылмаларда Кыргызстан жөнүндө макалалар негизинен референдумга басым жасап, өлкөнүн саясий өнүгүүсүнө ар кандай божомолдорду берет.

«Борбор Азиядагы биринчи аял президент демократияга жол ачат» деген аталыштагы макала «Таймс» журналынын 28-июнда жарык көргөн санына чыкты. Аталаган басылманын Москвадагаы кабарчысы Тони Хэлпин өз макаласында, "27-июнда өткөн референдумда добуш берген өлкө калкынын дээрлик 91% жаңы Баш мыйзамды жактырып, убактылуу өкмөт жетекчиси Роза Отунбаеваны президент катары колдой тургандыгын билдирип добуш беришти. 59 жаштагы саясатчы, эл аралык мамилелер боюнча мыкты адис Отунбаева эми тоолуу чакан өлкөдө Борбор Азиядагы биринчи парламенттик система орнотууга жетекчилик кылат" деп жазат.

Андан ары автор, "Борбор Азиядагы башка мурдагы советтик өлкөлөр Өзбекстан, Казакстан, Түркмөнстан жана Тажикстанды эркек лидерлер башкарып, натыйжада авторитардык режим бекем орноду. Ал эми Отунбаева Кыргызстандын президенти катары 2011-жылдын аягына чейин кызмат кылат. Ага чейин өтө турган парламенттик жана президенттик шайлоого катыша албайт" деп баяндайт.

Парламенттик өлкөдө президент символикалуу эле бийликке ээ, ал эми иш жүзүндө өтө чоң бийлик премьер-министрге тиет. Жаңы Конституция боюнча эми президент бир гана жолу алты жылдык мөөнөткө шайланат. Ал эми парламентке 120 орун берилип, жеңишке ээ болгон партия эң көп дегенде 65 орун ала алат дагы башка партияларга тиешелүү орундар берилээри айтылат.

«The Wall Street Journal» басылмасы «Кыргызстан жаңы Конституцияны кабыл алды. Авторитардык башкаруу салтынан баш тартуу, жаңы система парламентти кеңейтет жана президенттин мөөнөтүн чектейт» деген аталыштагы макала жарыялады.

Кадыр Токтогулов менен Ричард Будро аталган макалада кыргызстандык атуулдар өз добушу менен убактылуу өкмөт жетекчисинин укуктарын азайтып, ошол эле учурда соңку окуялардан кийин морт болуп турган өлкө жетекчилигин расмийлештирип бергенин жазышат.

"Өлкөнүн мыйзам чыгаруу органына – Жогорку Кеңешке болгон шайлоолор октябрь айына белгиленген, бирок акыркы учурда шайлоону алдыга жылдыруу тууралуу да сунуштар айтылып жатат. Ошондой эле убактылуу өкмөт төрайымынын бир катар орун басарлары шайлоого катышуу максатында өз кызматтарын тапшыра тургандыктарын жана шайлоодо жеңишке жетишип, өлкөнүн премьер-министрлик ордун алууну көздөшөт" деп жазышат авторлор.

Ошондой эле макалада Роза Отунбаева өлкө түштүгүндөгү жарандар добуш берүүгө катышабы-жокпу, так билбей туруп референдумду ийгиликтүү өткөрө алгандыгы баяндалат. Макала ээлери добуш берүү мезгилинде өлкө түштүгүнүн айрым жерлеринде шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү куралчан амскерлердин коштоосунда жүрүп, азырынча көчөгө чыккандан корккон өзбек улутундагы жарандарга чейин жетишкендиги айтылат.

Авторлордун пикиринде жаңы жактырылган Баш мыйзам этникалык бөлүнүүгө көнүл бурбайт. "Өзбек улутундагылар беш жарым миллион калктын 15% жакынын түзөт, айрым өзбек лидерлери өзбек тилине Кыргызстанда кыргыз, орус тилдери менен катар эле расмий макам берүүнү сунуштаган. Бирок бул сунуш курамында кыргыз улутундагылар басымдуулук кылган Конституциянын долбоорун иштеп чыккан комиссия тарабынан каралган эмес. Ага карабастан, өлкөнүн өзбек улутундагы жарандарынын көпчүлүгү сунушталган Конституцияны колдоо менен өкмөт алардын бейкуттугун камсыз кылат жана парламентте өзбек улутундагылардын өкүлдөрү да болот деген ишеним менен добуш беришти" деп жазат басылма.

«Ройтерс» маалымат агенттиги «Кыргыздар демократия издесе, Москва экстремисттерди көрөт» деген аналитикалык макала жарыялады. Робин Пэкстон жана Алексей Анишник жазган макалада кыргызстандыктар чөлкөмдөгү авторитардык президенттер башкарган өлкөлөрдүн ичинен биринчи болуп парламенттик демократия үчүн добуш берсе, ошол замат чет жактан мунун аягы барып туруп саясий бийликтин исламисттик экстремисттерге тийиши менен аякташы мүмкүн деген кооптуу эскертүү алышты.

Мындай эскертүүнү биринчилерден болуп орус президенти Д.Медведев Канаданын Торонто шаарындагы «чоң жыйырмалыктын» жыйынында билдирди. Макаланын авторлору орус президентинин мындай өңүттө үн катышына Борбор Азия Орусия таасир эткен чөлкөм экендиги жана аймакта чыныгы демократия керектигин түшүнө баштагандыгы себеп болгондугун жазышат.

Аны менен катар эле казакстандык серепчи Досым Сатпаев «Кыргызстанда бир нече кен чыкчу жерлер бар, алар боюнча ушул жылдын соңуна чейин макулдашуулар аягына чыгышы керек болчу. Эми сүйлөшүүлөрдүн кайсынысы болсо да оңунан чыкпай калуусу мүмкүн» деп, орус тараптын дагы бир кызыкчылыгынын башын кылтыйтат.

«Орусия глобалдык мамилелерде» журналынын башкы редактору Федор Лукьяновдун пикиринде, президент Медведевдин Кыргызстанда парламенттик демократия иштебей калышы мүмкүн деп айтканы Орусияда кадыресе эле көрүнүш болчу, «көп кооптонууга негиз бар. Кыргыз парламентине келчү топтор менен кландардын аягы жок таймашы - саясий чечимдерди кабыл алууну сенек кылып салышы мүмкүн» деген пикири менен бөлүшөт.

Анте да казакстандык эксперт Досым Сатпаев «Кыргызстанда парламенттик системаны орнотуу кадамы – абдан кызыктуу эксперимент. Эгер кыргыздар чын эле бул тажрыйбаны ийгиликтүү ишке ашырып кетсе, анда жалпы Борбор Азияга үлгү болуп калат» деп белгилейт.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG