Шейшемби, Май 22, 2012 Бишкек убакыты: 00:22

Борбор Азия

Дүйнө: качкындардын жашоосу жана үмүтү

Кыргызстандын түштүгүндөгү кандуу окуялар төрт жүз миңден ашуун адамдарды жер которуп качкын болууга мажбурлады. Глобалдык деңгээлде алганда бул көрсөткүч дүйнө жүзүндөгү качкындардын бир пайыздан азын берет. Жыл сайын 20-июнь Улуттар уюму тарабынан Дүйнөлүк качкындар күнү катары белгиленет

Оштогу тополоң окуялардын учуруна миңдеген адамдар качкын болду.
Текст көлөмү - +
Өткөн жумадагы кагылыштан кийин Кыргызстандын түштүгүндөгү миңдеген карапайым адамдар коңшу өз үй өлөң журтун калтырып Өзбекстан тарапка агылып, убактылуу баш паанек издөөгө мажбур болушту. Кыргыз-өзбек чек арасынын эки тарабы тең эртеңкиге бүдөмүк караган, көздөрү кайгыга чөмүлгөн адамдарга толуп, гуманитардык кризистен кабар берип турду.

"Көп адамдар баш-аламандыкта өлдү. Өткөөл жолдор өтө кууш болгондуктан адамдар бири-бирин түртүшүп жатышты. Кары-картаңдар менен бирге эле балдар башкалардын бут алдында калышты. Өзбек чек арачылары улам-улам чек араны жаап, кайра бир сааттай убакытка эле ачып жатышты. Адамдар  болсо түн бою жерде отурушту", - деп өзбек улутундагы Абдуфаттох Расулов Кыргызстандын аймагынан туруп «Азаттыктын» өзбек кызматына айтты.

Өткөн жумадагы окуялардан кийин Кыргызстанда үч жүз миңден ашуун адам жер которууга мажбур болду. Адистердин айтымында, бул эгемендүү өлкө тарыхындагы чоң кризис болуп саналат. Кыргызстандагы качкындар менен айласыздан жер которуп, башка жерден баш паанек издеген адамдардын саны дүйнө жүзүндөгү мындай тагдырды башынан кечирип жаткандардын бир пайыздан азын түзөт.

Дүйнөлүк качкындар күнүнө карата (20-июнь) Бириккен Улуттар Уюмунун чыгарган баяндамасында, 2009-жылы кырк үч миллиондой качкындар, өлкө ичинде жер которууга же башка мамлекеттерден баш паанек издегендер катталган. Бул деген соңку он беш ичиндеги эң чоң көрсөткүч болуп саналат.

Качкындардын саны боюнча дүйнө өлкөлөрүнүн ичинен Пакистан алдыда турат, учурда бир жарым миллиондон ашуун качкындар бул мамлекетти байырлап турушат.

Улуттар Уюмунун качкындар боюнча жогорку комиссиясынын маалымат катчысы Бабар Балух өз мекениндеги качкындар тууралуу "Пакистанда биз качкындарды эки он жылдыктан бери коргоп келебиз. 1979-жылдан бери ооган качкындары Пакистанда жашап жатышат. Бирок биз көрүп тургандай, соңку кездери ооган качкындардын өз ыктыяры менен Пакистандан кетүүсү кескин кыскарганы байкалат", - деген маалыматты билдирди. Анын айтуусунда, качкындар өз мекенинде коопсуз болооруна ишенбегендиктен кайтып барууга белсенбейт.

Маалыматтарга караганда, өткөн жылы чет өлкөлөрдөн баш паанек издегендердин ар бир төртүнчүсү – оогандыктар болгон. Дүйнөдө жетимиш бир өлкө оогандык качкындарга баш паанек берет. Баш паанек издегендер боюнча оогандыктардан кийинки орунда эле ирактыктар турат. 2009-жылы беш жарым миллион ирак качкындары узак мөөнөт качкын абалында күн өткөрүп, дүйнөдөгү качкындардын көп бөлүгүн түзгөн.

Вашингтондогу укук коргоо тобунун ирак качкындары боюнча иш алып барган адиси Элизабет Кэмпелл Сирия жана Иорданиядагы ирактык качкындар жан багуу үчүн ар кандай жолдорго барууга мажбур экендигин белгилейт. Качкындар Иракка кайтып барган күндө дагы башка бир жарым миллиондон ашуун өлкө ичинде туруктуу жашай турган жери жок жер которуп жүргөндөрдүн катарына кошулат.
Үстүбүздөгү жылдын 18-июнундагы БУУнун маалыматы боюнча 2007-жылдан бери жүз миңден ашуун ирактык качкындар Ортоңку Чыгыш өлкөлөрүндө баш паанек табышкан. Ал эми качкындарды кабыл алуу боюнча дүйнөдө АКШ алдыңкы орунда турат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: aja каяктан: usa
24.06.2010 14:01
NOZ sen birinchi okujany toluk bilip anan jazsan bolmok.duino mmkalary albette bir bettu boldu uzbekterge tartyp.birok okuja bashkacha.kachkyndarga albette boorun ooruit birok alardy sen kach dep kubalap algan jok kyrgysdar

кимден: Ruslan каяктан: Bishkek
22.06.2010 19:32
кимден: Noz каяктан: Turkiya tuura kudaydan tileshibiz kerek! Birok dosum sen ech nerseni korgon da bilgen da joksun! internetten videolordu korup alip ele Kyrgyzdardy kunoolop jatasyn! Ves Mir protiv Kyrgyzstana! bolup jatat oylop korson! ozbekterdin kilgani da tuura emes

кимден: Патриот каяктан: Ош шаары
22.06.2010 19:01
Кыргызстандыктар силерге чон рахмат. Гумжардам алып жатабыз, силер болгон учун биз кыйынчылыктан чыгып баратабыз.Ар бир жардам ар бир адамдын батасы. Дайым бирге болуп бирге кыйынчылыктарды женели.

кимден: инсан каяктан: Кыргызстан
22.06.2010 15:28
качкындарда күнөө эмне!!! бүл иштерди баштаган жана жасагандардын кесепетинен качкындар көбөйдү. эки элден тең качкындар болду. өз калоосу менен ким үйүн жайын таштасын! аларга күч берүүнүн ордуна аларды дагы "аттиң Кыргызстаным дейсиңер" деп күнөөлөнүн эмне кереги бар! качкындар жөнүндө жазып жатып этият бололу. биз отуруп алып ар нерсе жаза беребиз, себеби алардын башынан өтүп жаткан кыйынчылыктар биздин башыбыздан өткөн жок. келгиле аларга колдоо көрсөтүп өз үйлөрүнө кайтуусуна жардам берели...

кимден: КЫРГЫЗ каяктан: МОСКВА
22.06.2010 15:17
бардык озбек айылдарын куралсыздандырыш керек. паспортный режим киргизип чек араларды катуу кармаш керек. ошондо гана согуш токтойт. атпа атпа мени деп жалдырасанар малдай кылып атып кайра эле согуш боло берет. биринчи элдин колундагы куралдарды тазаласын анан тынчтык болот. бийликтегилер эмнени ойлонуп жатышат тушунбоймун. Согушту токтотуунун эч бир жолу жок., бул жинди адамга да тушунктуу. Аял кишинин чачы узун акылы кыска дегени чын тура. Роза эже тезинен эркектерге откоруп бербесениз болбойт. Убагы келгендебаарына анализ жургузулот анан сизди да абкта отурат деп угуп калбайлы.ОЗбек, кыргыз айылдарын баарын издеп куралдарды катуу куч менен тазалаш керек. болбосо биз малекетибизди сактап кала албайбыз. Ойлонгула Убактылуу окмот КОЗУНОРДУ АЧКЫЛА ОЗУНОРДУ ОЙЛОП КЫРГЫЗ МАЛЕКЕТИН САКТАП КАЛГЫЛА!!! АРАМ ИШТЕСЕНЕР АЛЛАХ СИЛЕРДИ УРСУН!!! ТАЗА ИШТЕГИЛЕ!!! ОЙЛОНГУЛА

кимден: Noz каяктан: Turkiya
22.06.2010 13:44
Salam Aleykum Tuugandar.
Bizdin kalkıbız chyndygynda bul kılıngan nerselerden uyalıshı kerek.Bul okuya biz kırgıztan jana kırgız kalkı uchun choong bir jara boldu bul jara ech ayıkpayt dep oyloym.Munu az kelgensip keebiroolor dagy ele ozbek tuugandarıbızga kılıngan nerseni tuura korup jatyshat.Bul tuura gorgondor menin jeke oyumcha duynodo eng tomon jaratık dep oyloym.Antkeni bul kılıngan nerseler men adammın degen kişilerdin baary ele booru ooruyt.Men musulmanmın degen kişi echkachan mınday nerslerdi kılbashy kerek.Bizdin kalkıbız kırgız eli iymandan alistap jana bilimden alistagany uchun mynday korkunuchuu jaratyktar payda bolup jatat.al jaratyktar bizdin kyrgyz elibizdi artka tartyp dunuyodo uyat kılıp jatat.Oshonduktan tuugandar azir bizdin kylyshybyz kerek nerseler bul Kudaydan tilenishibiz kerek bolunboy eptep septep onoloyun degen mamleketibze jardam berip argandday tyshtan kelgen provokacialarga aldanbay.Ozbek tuugnadarga jardam berishibiz kerek.Munu kylgan jana kildirgan oto tomon ish kyldy.Allahım bizdin jardamchybyz bolsun..
Kudaydan tilegim batyraak bizdin kalkımız ıymanduu bolushu..
OOmin

кимден: БАЛА каяктан: РАША
22.06.2010 11:39
Эмнеге согуш жалан муслуман олколорундо болот?? бизде бирдик жок.

кимден: Асангайгы каяктан: Тенир-тоо
22.06.2010 08:55
ушул байланыш менен кыргызыстандык жарандарга кайрылгым келет. кыргызыстан баардыгыңардын үй-бүлңөр екенин есиңиздерге дагы бир жолу салгым бар. кыргызыстан ойрон болсо бардыгыңар ойрон болушуңар бул жолу аныкталды.ошого кыргызыстанды баардыгыңар көз карегиңердей асырашыңар шарт.бул силер үчүн ачуу чындык болду. бул ачуу чындыктан терең сабак алып кыргызыстан үчүн баардыгыңар ак болгула.жаман ой санаада болбоңуздар.кыргызыстандын келечегин жаратуу үчүн бардыгыңыздар бир колдон жең,бир жакадан баш чыгаргыла.мундан башка ең жакшы жол жок.бул жол сиздерди жакшы жашоого ее кылалалат.

кимден: Улутай каяктан: Ала-Тоодон
21.06.2010 23:35
Кыргызстандан качып кеткен качкындарды Озбекистандын президенти И.каримов калып алып Озбекистандын жарандыгын берер бекен? И.Каримовдун режимине КЫРГЫЗСТАНДА талтайып басып каалагандай жургон озбек туугандар чыдай алар бекен? Мунун баарын убакыт корсотот ко. Ошондо аттин КЫРГЫЗСТАНЫМ дейт болушунар керек?!

Назарда

Орусияда кыздарга кордук көрсөткөн "Патриот"

Орусияда айрым кыргыз кыз-келиндерди жүрүм-туруму үчүн кордоп-кодулаган кыргыз жигиттеринин “Патриот” деген тобу пайда болду. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма "Шайтан арабадагы" токсон жыл

Баткендин Кара-Бак айылында жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун 90 жаштагы ардагери Айтпай ата согушка аттанаарда да велосипед менен аскер комиссариатына барган экен. (JsA/MiT)