Шейшемби, Май 22, 2012 Бишкек убакыты: 00:17

Экономика

Түркмөн газы Кытайды көздөй агат

Газ куурун ачуу үчүн Борбор Азияны кыдырууга аттанган Кытай президенти Ху Цзинтао үч күндүк сапарын бүгүн (12-декабрда) Казакстандан баштады. Андан соң Түркмөнстанга барат. Ал жерде дүйшөмбү күнү Түркмөнстан – Кытай газ куурунун бет ачар салтанаты өтмөкчү.

Кытай президенти Ху Цзинтао Астанада, 12-декабр, 2009-жыл.
Текст көлөмү - +
Узундугу 1833 чакырым келген куур Түркмөнстандан башталып, андан соң Өзбекстан жана Казакстан аймагы аркылуу өтүп, Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районуна чейин жетет.

Куур толук кубаттуулукта иштеген шартта жылына 40 миллиард кубометр газ өткөрө алат.

Бүгүн (12-декабрда) Астанада "КазМунайГаз" мамлекеттик компаниясынын башкеңсесинде президенттер Нурсултан Назарбаев жана Ху Цзинтаонун катышуусу менен ушул куурдун казак бөлүгүнүн ачылыш салтанаты болду.

Ал эми Түркмөнстандагы дүйшөмбү күнү (14-декабрда) болчу салтанатка кытай лидеринен тышкары казак, өзбек президенттери да барары күтүлүүдө.

Куур - Орусиянын отун-кубат жаатындагы таасирин азайтуу амалыбы?

Түрмөнстан – Кытай кууру Орусиянын Борбор Азия газын тышкы базарга алып чыгуудагы ролун басаңдатуучу долбоор катары каралууда.

Орусия Түркмөнстандан жылына 50 миллиард кубометр газ сатып алып келген. Бирок быйыл апрелде газ куурунда болгон жарылууда, буга кошумча эки өлкөнүн баа боюнча талаш-тартышынан улам түркмөн газынын Орусияны көздөй агымы убактылуу токтоп калды.

Эки тарап сооданын жаңы шарттарын алигиче макулдаша элек. Мындан улам, адистердин эсебине караганда, Түркмөнстандын албай калган акчасы айына 1 миллиард долларга барат.

Кытайдын насыялык көмөгү

Бирок расмий Ашгабат чыгымынын бир бөлүгүн Кытайдын насыясы менен толтурчудай.

Кытай тарап дүйнөдөгү эң ири газ кору деп эсептелген Түркмөнстандын түштүк-чыгышындагы Мары облусунун аймагында жайгашкан Түштүк Йолотан (Жолатан) кенин өздөштүрүүсү үчүн 3 миллиард доллар насыя берүүдө.

Кытай насыя тартуулоо, отун-кубат (энергия) менен байланышкан долбоорлорго миллиарддаган доллар инвестиция салуу менен жалпы эле Борбордук Азия аймагындагы таасирин күчөтүүнү көздөп жатат.

Айтмакчы, Кыргызстан да Түркмөн-Кытай куурун өз аймагы аркылуу өткөрүүгө ынтызардыгын билдирген, бирок Бишкектин сунушу өткөн эмес. Ал эми Кытайдан Борбордук Азияга Кыргызстан аркылуу темир жол куруу ниети дагы эле күчүндө кала берүүдө.

Набукко долбоору да теребелде көрүнүп турат

Түркмөнстандын газын Орусиянын аймагысыз алып кетүүгө Евробиримдик да кызыкдар.

Биримдик учурда Набукко деп аталган долбоорду ишке ашырууга аракеттенүүдө. Ал - Борбор Азия менен Каспийдин газын Түркия аркылуу Европага жеткирүүнү караган куур.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Мекен каяктан: рф
13.12.2009 07:33
Өнүгө турган өлкөлөр ушинтип ызы-чуусуз эле өнүгүп жатат, орто азияда да баарынан арта кала турган болдук кресло талашып жүрүп. Же сыртта тентип жүргөн бир казакты же түркмөндү көрбөйсүң, баарысы өзүнүн өлкөсүн которуу үчүн иштеп жатат өз жеринде. Айта берсе арман көп.........

кимден: bakit каяктан: Stockholm
13.12.2009 02:41
Коншулар кандай өнүгүүнүн экономикалык булактарын табышууда.
Эмнеге газ түтүгү алардын аймагы менен өтүп бизден өтпөйт ?
Биздин өкмөттөгүлөр сүйлөшкөндү билишпесе керек.
Өз казаныбызда эле кайнап жатабыз.
Көрүп, угуп ичиң күйөт.

Назарда

Орусияда кыздарга кордук көрсөткөн "Патриот"

Орусияда айрым кыргыз кыз-келиндерди жүрүм-туруму үчүн кордоп-кодулаган кыргыз жигиттеринин “Патриот” деген тобу пайда болду. Толук

Онлайн шерине