Бейшемби, Февраль 09, 2012 Бишкек убакыты: 01:34

Борбор Азия

М.Абжан: Н.Назарбаевдин экономикага кошкон салымы чоң деле эмес

Казак президенти Нурсултан Назарбаев 6-июлда 70 жылдык маарекесин белгилеп, өлкөнүн бардык аймактарында салтанаттуу иш-чаралар уюштурулду. Казак президентинин бейнесине казак жаштарынын “Абырой” уюмунун төрага кеңешчиси Махамбет Абжан “Азаттыкка” курган маегинде мындайча токтолду.

Махамбет Абжан
x
Махамбет Абжан
Текст көлөмү - +
- Бүткүл казак жаштарынын атынан сүйлөй албайм, бирок оппозициялык жаштар уюмдардын атынан сүйлөөгө укугум бар деп ойлойм. Анткени өзүм Назарбаевдин саясий режимин сынга алып, Кыргызстандагыдай сыяктуу революцияны бизге да каалайм деп билдирүү жасагандан кийин мени Бишкектен алып келип үч жылга соттошту.

Ошондуктан бүгүн Назарбаев тууралуу айтууга моралдык укугум бар деп ойлойм. Бирок бүгүн мен аны сындагым келген жок. Андыктан мен бүгүн Нурсултан Абишевичти тек гана куттуктап, тезирээк пенсияга кетип, жаштарга жол берсин деп үндөйт элем. Анын бир гана касиетин белгилегим да келип турат: ал демократ эмес, анти-демократ болуп калды.

“Азаттык”: Мамлекеттик башкаруучу катары да кандай баа берет элең? Анткени Казакстандын экономикасынын өнүгүшүнө Нурсултан Назарбаевдин салымы чоң деген билдирүүлөр байма-бай эле айтылып келатпайбы

- Кыскасы 1993-жылдан бери Н. Назарбаев суперпрезиденттик республика түзгөнгө үлгүрдү. Экинчиден, Менделеев таблицасындагы бардык минералдар жана заттар Казакстандын аймагында бар. Бирок биз өзүбүздүн мунай жана газ мүмкүнчүлүгүбүздү толук кандуу пайдалана албай жатабыз. Биздеги кен байлык, мунай, алтын, темир, газыбыз менен өнүккөн Европа мамлекеттериндегидей, Араб Эмираттарындагыдай жашоого толук мүмкүнчүлүктөрүбүз бар эле. Ошондуктан бул жерде Назарбаевдин казак экономикасына кошкон чоң салымы деле жок дейм.
Бул шерине жабылды, бирок анын мазмунун "Фейсбуктагы" барагыбыздан (www.azattykplus.kg) андан ары талкуу кыла аласыздар.
Электөө
Пикир
     
кимден: Махамбет каяктан: Астана
14.07.2010 16:36
Талантбек, республика, конечно, лучшая, никто не спорит, а вот демократ ли он - спорный вопрос. Забирайте его себе в Ош, если так сильно любите.
Кстати, парень в галстуке на фото - не я.

кимден: aziatka каяктан: Bishkek
14.07.2010 14:30
Назарбаев кыргыз президенттериндей болуп уурдап алып качып кеткен жок, жерлерди четинен саткан жок, экономикасын онуктуруп жатат, онуккон алдынкы 15 олконун катарына киргени журот, Астананы мыкты куруп салышты,
биз тек гана улгу алышыбыз керек.

кимден: Кыргыз каяктан: Ош
08.07.2010 16:51
Айнанайын туугандар! Чек аранар бутун.Жеринерди эч ким саткан жок.Нурсултан ага балким идеялный эместир.Бирок казакка чыккынчылык кылган жок. ушунчалык болот. шугур дегиле.эгер Нурсултан агага каршы чыксанар башка кучтор кырдаалды кучотуп баш аламандыкты орнотушат.батышка да, оруска да ишенбегиле.кыргыз бир тууганын катары айтып жатам.биз коргон азапты силерге каалабайм.казак туугандарыма жакшылык гана каалайм.

кимден: Талантбек каяктан: ош
08.07.2010 15:59
МАХАМБЕТ АБЖАНГА: Махамбет Абжан ты глубако ошибаешься!Аллага шугур кылып жашасан болот.Казахстан лучшая республика.......

кимден: Bermet каяктан: Osh
08.07.2010 15:37
""Кембагал байга жетем десе ,бай айга жетем дейт ",Кудайга мин мертебе шугур айтып жашасанар боло,Нурсултан Абышевич Назарбаевге алтындан эстелик тургузсанар арзыйт,СССР ден болунгон Республикалардан бир Казахстан осуп онуго алды,Буга Н,Назарбаевдин салымы ото чон деп ойлойм ,Биздин Кыргызстандын,Тажикстанды,Озбекстандын калкын коруп турасынар кандай жашап жатканын ,Калкыбыздын жарымы ,жаштарыбыз чет олколордо журот тээнтип кор оокаттын айынан,Эн эле оболу кан тогуулордон кудайым озу сактасын,Кыргызстанда болгон ревалюция бизде да болуш керек деп адашасын,Сенин ойун тилегин ишке ашышы мумкун бей куноо адамдардын каны тогулуп ,адамдар жакындарынан ажырайт,Силерге окшогон саясатчылар саясаттын кумар оюнуна батып кумарланып журо бересинер,

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Тоң жер менен алышкан энергетиктер

Катуу сууктан электр энергиясын керектөө Бишкекте кескин жогорулап, авариялык өчүүлөр болуп жатат. (MiT)