Шейшемби, Май 22, 2012 Бишкек убакыты: 00:09

Кыргызстан

Таанышып алгыла: таланттуу скрипач Жумаш Дурусалиев

Лондондогу атактуу Иегуди Менухин атындагы эл аралык музыкалык мектепте Борбор Азиядан жалгыз кыргызстандык Жумаш Дурусалиев билим алууда. 17 жашар таланттуу скрипач жакында Прагада чакан концерт берди.

Жумаш Дурусалиев, 17 жашар таланттуу скрипач, Прагада концерт берди. 2010-жылдын 6-апрели.
Текст көлөмү - +
Прагадагы эстен кеткис концерт

Жумадил (Жумаш)  Дурусалиев Прагадагы концертте Эжен Изаинин сонатасын аткарып, музыкалык драмасы күчтүү чыгарманын ыргагында
Жумаштын концертке чакыруу кагазындагы сүрөтү. Апрель, 2010-ж.
таланты ташкындап, музыка дүйнөсү баарын багындырып жаткандай туюлду.

17 жашар аткаруучу Венявский, Римский-Корсаков, Крейслер, Бахтын чыгармаларын тартуулап, аягында Атай Огонбаевдин атактуу “Эсимде” аттуу ырынын обонун аткарды.

Римский-Корсаковдун “Жапан аарынын ызылдагы” аттуу чыгармасы Жумаштын жогорку чеберчиликтеги аткаруучулук техникасын ачып көрсөттү.

Ошентип, Кыргызстанда опурталдуу окуялар болуп жатканда кыргызстандык таланты күчтүү жаш музыкант ар кайсы улуттун өкүлдөрү чогулган концертте аткарып, аягында көрүүчүлөр ордунан туруп барып, Жумаштын колун кысып, жылуу пикир-каалоолорун айтып жатышты.


Эненин баасы

Музыкант менен кошо Прагага келген апасы Айнур Дурусалиева баласынын талантын атасы экөө тээ кичинекейинде эле байкашканын айтып берди.

- Атасы экөөбүз тең музыкант болгондуктан Жумаш төрөлгөндөн тарта эле музыка дүйнөсүндө чоңойду. Бишкектеги үйүбүздө пианино бар болчу, үч жашында аны дыңкылдатып ойной баштады. Кийинчерээк дубалда илинип турган скрипканы көргөзүп, ушуну ойнойм деп сурап калды. Төрт жашында Шубин атындагы музыкалык мектепке алып барсам, скрипкага жөндөмдүү экен деп окута башташты. Анан бир жарым жыл ичинде үйрөнгөн чыгармаларын топтоп туруп, беш жарым жашында эң алгачкы концертин берди.


Айнур Дурусалиева өзү пианист, көп жылдар Бишкектеги Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепте,
Айнур Дурусалиева "Азаттыктын" студиясында мейманда
кийин улуттук консерваторияда иштеген.

Азыр уулуна жакын болоюн деп, Шотландияда жашап, пианинодон сабак берет.

Музыкалык мектеп

Жумаш бир кезде апасы менен атасы окуган М.Абдраев атындагы музыкалык мектепте, кийин Алматыдагы К.Байсейитова атындагы атайын мектепте билим алды.

Барган жеринде мугалимдерден “балаңардын таланты өтө күчтүү экен, башка жактан окуткула” деген сөздөрдү угуп отуруп, Айнур баласынын аткарган чыгармаларын дискке жаздырып, дүйнөнүн ар тарабына жиберип, Жумаш акыры Лондондогу Менухин мектебине кабыл алынганына беш жылдан ашты.

Ал мектепте дүйнөнүн ар башка жагынан келген 69 таланттуу жаш музыкант окуйт, арасында кыргызстандык Жумаш Дурусалиев - өзү окуган жайдын оркестринде алдыңкы скрипач, бир катар конкурстардын жеңүүчүсү.

Музыка дүйнөсүнө сүңгүү

Кыргыздын чыгаан жазуучусу жана ойчулу Чыңгыз Айтматов каза болгондо Жумаш Лондондо анын элесине арналган атайын концерт берди. Түшкөн каражатты Кыргызстандагы балдар үйлөрүнүн бирине жөнөттү.

Атактуу Йо-Йо Манын Улуу Жибек жолу ансамблинин курамында концертке катышты.

Жумаш Дурусалиев, буюрса, келечекте чоң музыкант болот деп үмүт кыла туралы.

Ал жалаң скрипкада чертүү өнөрүн гана өрчүтпөстөн, өз алдынча чыгармалар да жазып жүрөт.

Алгачкы композициялары өзү окуган мектептин оркестри тарабынан аткарылды.

Чыгарма жазууда музыкалык идея, илхам кайдан келет? – деп сурасам:

- Мен досторум менен ар түрдүү музыканы көп угабыз. Алар мен уга элек чыгармаларды табышат, аларда жокту мен табам. Ошентип ар башка музыканы уга берип, бир убакта өзүмдүн оюмда бир обон пайда болот, - деп жооп берди жаш музыкант.

Келечеги кең болушун каалап, ичибизде кыргыздын атын алыска тааныта турган таланттар өсүп келатат деген үмүт жанданды.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Ainur Durusalieva каяктан: Great Britain (UK)
07.05.2010 03:32
Urmattu, Jerdeshter!

Bizdin kyrgyz ulanga juroktorunuzdon aitylgan ak-niettuu kaaloolorunuzga Jumashtyn apasy katary sizderge chyn yklasymdan mingdegen RAHMATymdy aitamyn!!!
Olkobuzdun ozgocho kurch abalynda baarybyzdyn janybyz katuu orrup turgan mezgilinde, Jumashtyn jurogunon chykkan muunu, koz jashyna tolgon kaygysy Muzyka arkyluu aitylyp jatat. Ar bir atkarylgan koncertinde uluu kyrgyz elibizdin jogorku madaniyatyn, chyndyk kyrgyz ulutunun talanttuu onorun evropalyktarga tartuulap dalildep jatat. Sizderdin jyluu ak-niet sozdorunuz Jumashka chon kuch kubat beret! Sizderge chyn jurogubuzdon chykkan alkyshybyzdy aitabyz! Kyrgyz elibizdi dayima Kudayim koldosun! Sizderge Chong Rahmat!!!

кимден: Тагайбек каяктан: Жалалабат
30.04.2010 17:58
Азаматсын, Жумаш, кыргызды дагы таанытып, бийик чокуларды багындыра бер, мен сага жалан ийгиликтерди каалап кетемин

кимден: Тагайбек
30.04.2010 17:51
Жумаш азаматсын, бугунку кундо кыргыздар дуйнону жаман жагынан таанытып жатса, сен эн жакшы жагынан тааныттын сага таазим

кимден: Burul каяктан: Korea
29.04.2010 16:17
Azamatsyn Jumash!!! Seni ushul darajaga jetkirgen ata-enenge rahmat. Kyrgyzdyn sendei uuldary m-n syimyktanabyz, aldyda da senden umutubuz chon. Jalpy kyrgyz elimdin atynan senin talantyna chon iigilik kaalaim !!!!

кимден: Чындык каяктан: Туура жол
29.04.2010 13:32
Кыргыздын атын алыска которгон жаш талант, мээнеткеч музыкант, ата-эненин жолун улаган уул, жана мени кубанткан азамат бар бол. талантын ашып ташып турсун. биз сенден дагы коп нерселерди кутобуз. эч качан ооруба , эч качан чарчаба Жумаш.

кимден: Бакыт каяктан: Ала-Бука
29.04.2010 13:25
Азаматсын кыргыздын чыгаан уулу Жумаш Дурусалиев. Биз сен менен сыймыктанабыз, келечегин кенен, бактын бийик, ыйманын таза адам бол. Музука бул таза дуйно. Озундун тага журтун Ала-Бука районун да эч качан унутпай жур. Сени менен сымыктанган Бактыбек.

кимден: Омурбек каяктан: Бишкек
29.04.2010 12:30
Жумаш иним сага Аллах Таалабыз сага таза Иман, Ден соолук жана чыгармачылына албан албан ийгиликтерди алып келсе экен!!! Кыргызды дунуйоого тааныткан атактуу музыкант бол!!! мен сендей болгон бир тууган боорлошум кыргыз иним бар экендигине абдан сыймыктанам!!! Азамат Мнас атабыздын руху сени менен болсун анткени Манас атабыздын руху менде да ар бир кыргыздын журогундо бар!!!
Мен азыр инимдин озуно айтаар элем. Жумаш ошол аянтка бизди эч ким чакырган эмес, корсо Манас атабыздын руху ар бирибиздин каныбызда болгондуктан Аллах Таалабыз да бизди суйгонунон журокто Иманыбыз жана биримдигибиз болгондуктан ошол жакта журдук шейит кетип жаткандарды корсок да журдук!!! кан тартат деп кыргызда бекер айтылбаса керек!!!

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
29.04.2010 11:57
Jok degende ushundai da kabar okuit ekenbiz eee? Jumash azamatsyn,jan duinosu taza adam gana muzykant bolo alat,jan duinono ech bir kir juguzba,Alga! bar,bol,Allah koldoochun bolsun!

кимден: shamyr kyzy jibek каяктан: kitai
29.04.2010 11:06
Jumash,pro4itav etu statiu v dushe u menia bolshaia radost, MOLODEC!my vse tvoi rodstvenniki gordimsia toboi ,uda4i tebe,vse v jizni u tebia vperedi!!!

кимден: Kiyalbek каяктан: Kipr
29.04.2010 08:56
Akyrky kabarlardyn arasynda mynday jagymduu kabardyn bashky kaarmany inim Jumash Kyrgyzstandyn kulunusun, kudayim koldop onorun kokko jetsin.Den soolukta bol!
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Орусияда кыздарга кордук көрсөткөн "Патриот"

Орусияда айрым кыргыз кыз-келиндерди жүрүм-туруму үчүн кордоп-кодулаган кыргыз жигиттеринин “Патриот” деген тобу пайда болду. Толук

Онлайн шерине