Алдыдагы берүү



Акча алмашуу

KGS / 
RUB
1,4825
KGS / 
EUR
60,246
KGS / 
USD
44,736

Сөз таануу

Кыргызстан

Экспертиза: Жекшенкуловдун тапанчасынан атылган

Соттук-баллисттикалык экспертиза бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Павел Берхтольд.

10.03.2009

Соттук баллистикалык экспертиза бөлүмү түрк жаранынын Таласта өлтүрүлүшүнө Аликбек Жекшенкуловдун тапанчасынын тиешеси бар экенин расмий түрдө бүгүн жарыялады. “Акыйкат үчүн” кыймылынын лидери Аликбек Жекшенкулов 9-мартта камакка алынган. Оппозиция муну саясий куугунтук деп эсептөөдө. ИИМ бул иштин саясий өңүтү жок дейт.

Өлкөнүн күч структураларынын эксперттери Түркиянын жараны Сервет Четин бир жарым жыл мурда Таласта Жекшенкуловдун тапанчасы менен өлтүрүлгөндүгүн ырасташты.

Соттук-баллисттикалык экспертиза бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Павел Берхтольд: “Жыйынтык так, күмөн саноо бар болсо, экспертизанын жыйынтыгын каалаган башка мамлекетке алып барып текшертсе болот”, - деди.

“Биз экспертизанын жыйынтыгын бурмалай албайбыз, болгонун болгондой айтабыз, - деди ал. - Себеби, мыйзамга ылайык туура эмес маалымат бергенибиз үчүн Кылмыш жаза кодекси боюнча жоопко тартылабыз”.

ИИМдин башкы тергөө башкармалыгын жетекчисинин орун басары Эшмурза Азимжанов бул иштин артында эч кандай саясий боек жок деп ишендирди.

“Кылмыш жаза кодексинин 94-беренесинин биринчи бөлүмүнүн үчүнчү пунктуна ылайык Аликбек Жекшенкулов убактылуу кармоочу жайга 48 саатка камалды. Аликбек Жекшенкуловго сыйлык иретинде берилген куралдан ок чыгып жаткандан кийин, биз андай ишти жөн калтыра албайбыз, мыйзам буга жол бербейт, - деп белгиледи Э.Азимжанов. - Дагы өзгөчө белгилей кетчү жагдай - бул жерде эч кандай саясий боек жок. Өзгөчө оор кылмыш жасалгандыктан, ушул күндөрү биз өзүбүздүн тергөө амалдарыбызга ылайык иш жүргүзүп жатабыз”.

2007-жылы 9-декабрда Таласта түркиялык ишкер Четин Сервет башына жана курсагына атылып өлтүрүлгөн эле. ИИМдин басма сөз кызматы 2008-жылы 29-январда Серветтин өлүмүнө тиешеси бар деп издөөдө жүргөн 35 жаштагы И. Абдыкадыровду былтыр 28-январда кармалганын кабарлаган. Маалыматта, ошондой эле, түрк ишкери өлтүрүлгөн жерден 9 миллиметрлүү бир гильза табылганы да кошумчаланган.

Ал эми бул жолу ал ишкер А.Жекшенкуловдун тапанчасынан атылган деген экспертиза ишкерди өлтүрүп кетишкен жерден эки гильза жана бир ок табылган деп билдирүүдө.

Бүгүн Башкы тергөө башкармалыгынын кызматкерлери бул боюнча бир жактуу жооп бере алышкан жок. Аталган башкармалыктын башчысы Алтынбек Бообековдун айтымында, өткөн жылы кармалган Илияс Абдыкадыровдун иши сотко өткөрүлүп берилген. Ал эми ошол кылмышка тиешеси бар калган адамдар жана кылмышта колдонулган курал боюнча өзүнчө тергөө иши ачылган, дейт Алтынбек Бообеков.

Деген менен айрым серепчилер баллистикалык экспертизаны жүргүзүү шарты жана эрежелери бузулганын айтышууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” курган макегинде “Улуу биримдик” партиясынын лидери Эмилбек Каптагаев: “Шарт боюнча баллистикалык экспертизаны Жекшенкуловдун катышуусу менен көз алдынча тапанчадан бир же эки окту атып, анан аны протоколдун негизинде экспертизага алышы керек болчу. Булар болсо зордуктап атып экспертизаны бүгүн жасайбыз, эртең жасайбыз деген шылтоо менен тапанчаны бир айдан бери алып жүрүшкөн. Ошол куралды эмне кылганын, канча жолу ок атылганын ким билет. Же ошол эки жыл мурда атылган окторду анын тапанчасына салып койгон жок деп ким кепил боло алат?! Мына ошол бир айдан бери Жекшенкуловго бербей, ээсиз тапанчаны алып жүрүшкөн милиция кызматкерлери, ошого жол берген бийлик жооп бериши керек”, - деди.

Жекшенкуловдун адвокаты Нина Зоотова болсо аларага экспертиза корутундусунун көчүрмөсү берилбей, андан башка да бир катар документтерди берүүдөн укук коргоо органдары баш тартып жаткандыгын айтты. Адвокат Жекшенкуловдун баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчү менен сотко кайрылаарын кошумчалады.

“Негизинен, шектүү адам тергөөдөн качып кетиши мүмкүн деген коркунуч турганда, убактылуу кармоочу жайга камалат. Жекшенкулов болсо качып эмне кылат? Тескерсинче ал айыптоолорду төгүндөгөнгө кызыкдар да. Жалпысынан айтканда, мунун баарын укуктук баш аламандык деп гана сыпаттаса болот. Он жыл мурда Куловдун иши кандай жасалып, даярдалган болсо, бул жолу да так ошондой болуп кайталанып жатат”, - дейт Нина Зоотова.

Оппозициялык Бириккен Элдик Кыймылдын мүчөсү Аликбек Жекшенкуловду камакка алууну анын тарапкерлери саясий куугунтук катары сыпатташууда.
Бул шерине жабылды
Электөө
     
Пикир
кимден: konok каяктан: karakol
11.03.2009 13:51
Павел Берхтольд: “Жыйынтык так, күмөн саноо бар болсо, экспертизанын жыйынтыгын каалаган башка мамлекетке алып барып текшертсе болот”, Talasta tabylgan gilzany almashtyryp koibogonunardy kandai dalildeisiner ...???
     
Текст көлөмү - +

Тасма

Бакыт үчүн күрөш

Кыргызстанда кыздарды эркине карабай ала качуу жосунсуз көрүнүшү улам кеңири таралууда. Анын курмандыктары үчүн келечекте жеке турмушун оңдоо - өтө чоң мүшкүл.

Интернеттик тейлөөбүздүн түрлөрү

ПодкастRSS усулуМобил (уюкфон)