Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:49

Тони Блэр комиссияда сурак берди


Британиянын мурдагы премьер-министри Тони Блэр Иракка аскер киргизүүдө АКШнын үгүтүнө карап эмес,өз алдынча чечим кабыл алганын ырастады.
Британиянын мурдагы премьер-министри Тони Блэр Иракка аскер киргизүүдө АКШнын үгүтүнө карап эмес,өз алдынча чечим кабыл алганын ырастады.

Британиянын мурдагы премьер-министри Тони Блэр Ирактагы согуштун себеп-жөнүн териштирип жаткан көз карандысыз комиссияда 6 саат көрсөтмө берди. Комиссия парламенттин чечими менен түзүлгөн.

Комиссия мүчөлөрү алды менен Иракка байланыштуу британ өкмөтүнүн 2001-жылдын 11-сентябрына чейинки жана андан кийинки саясаты кандайча өзгөргөнүнө кызыгышты.

Жакшы үмүт жана согуш

Экс-премьер ырасмий Лондондун 11-сентябрга чейинки позициясын "ооздуктоо" саясаты катары мүнөздөдү. "Мүмкүн болгондун баарын жасадык, иштин жакшы жагына үмүт кылган элек",-деп айтты Блэр. Бирок 11-сентябрдан кийин АКШ менен Британиянын Ирактагы кырдаалга байланыштуу көз карашы түп тамырынан бери өзгөрдү.

"Эгер 11-сентябрь болбогондо, анда Саддамдын планына байланыштуу биздин кооп-камтамачылыгыбыз ошол кездегидей болмок эмес",- деп көрсөттү Блэр.

Экс-премьердин айтымында, Ирактагы согушка Саддамдын апаат куралы бар деген маалыматтар шыкакчы болгон. "Эгер Саддамга өз программасын өркүндөткөнгө мүмкүнчүлүк берилгенде, анда азыр анын салакасын тартмакпыз",-деп ишендирди Блэр.

Британ өкмөтү 2003-жылы Иракка аскер киргизүүнү чечкен. 2002-жылы атайын кызматтар даярдаган документтерде Ирак массалык кыргын куралдарын 45 мүнөт ичинде колдоно алары айтылган. Блэр өзү ошол эле жылдын күзүндө парламенттеги сөзүндө депутаттар менен коомчулукту Саддам массалык кыргын куралдарын жасап жатканына бөркүндөй ишендирген.

Жакында болсо бир сөзүндө Саддамдын куралы болгон-болбогонуна карабай баары бир согушту колдомокмун деп капыстан айтып алды.

Лондондун өз чечими

Бирок Блэр Иракка аскер жөнөтүү чечимин АКШнын ошо кездеги президенти Жорж Буштун жетегине кирбей, өз алдынча кабыл алганын моюнга алды.

"Мындай иштерде ашкере тобокелдик кылганга болбойт,-деп билдирди Блэр. - Бу жерде бир нерсе: Ирак эгерде химиялык,биологиялык жана ядролук куралдарга ээ болсо, аларды колдонгондон кайра тартпайт деген маалыматтар биздин көз карашыбызды түп орду менен өзгөрттү, ошондуктан так кесе айтып кетейин: бул америкалыктардын позициясы болгон эмес. Бул менин позициям, британдыктардын позициясы болгон".

Комиссияда буга чейин көрсөтмө берген мурдагы тышкы иштер министри Жек Стро өз учурунда Блэрге башка да план сунуш кылынганын, анда Иракка аскер жөнөтүү маселеси каралбаганын ырастаган эле. Стродон тышкары эски өкмөттүн ошо кездеги негизги мүчөлөрү – коргоо министри Жеф Хун, премьердин кеңешчиси Алистер Кэмпбелл, мурдагы башкы прокурор лорд Голдсмит жана жакынкы күндөргө чейин эле МИ-6 чалгындоо кызматын жетектеп келген сэр Жон Скарлетт жана башкалар көрсөтмө беришти.

Азыркы премьер-министр Гордон Браун да комиссияга чакыртылышы мүмкүн. Браун ал кезде финансы министри болуп турган.

Комиссия сот эмес

Лейбористтер өкмөтүн былтыртан тарта көп сандаган сынчылар Ирактагы реалдуу жагдайды атайылап апырта баалап, өлкөнү бөөдө согушка тарткан деп активдүү айыптай башташкан. Коомчулуктун кысымына кабылган бийлик согуштун себептерин иликтөө боюнча көз карандысыз комиссия түзгөнгө аргасыз болгон. Комиссия былтыр ноябрда ишин баштаган. Бардык жагдайды иликтеп бүтүп,ал быйыл жыл этегинде өз бүтүмүн чыгарат.

Комиссиянын төрагасы Жон Чилкот бардык изилдөөлөрдүн максаты Британиянын Ирактагы окуяларга тартылышы канчалык деңгээлде өзүн актаган кадам болгонун колдон келишинче калыс териштирип чыгууда турганын, мындан бийликтер сабак алып, келечекте ушундай жагдай түзүлсө, кандай иш кылууну үйрөнүшү керектигин белгиледи.

"Комиссия сот эмес, биздин эксперттер кимдир бирөөнүн саясий пайдасын көздөбөйт",-деп көрсөттү.

Тони Блэр комиссия мүчөлөрүнүн суроолоруна Парламент аянтындагы жыйындар борборунда алты сааттай жооп берди. Имараттын чеке-бакасында, ошондой эле Блэрдин үйүнүн алдында коопсуздук чаралары күчөтүлдү.

Ирактагы согуштун оппоненттери жыйындар борборуна жакын жерде демонстрация өткөрүштү.

Жыйындын жүрүшүн негизги телеканалдар түз алып көрсөтүштү. Ага көз салып отурган көрөрмандардын бири Би-Би-Синин сайтына: "Ар кандай саясатчыга кандай гана суроо бербе, ал баары бир суудан курук чыгып кетет. Саясатчыларга ишенген адамдар дале бар экени таң калтырат",- деген пикирин жазып калтырды.

XS
SM
MD
LG