Дүйшөмбү, Май 21, 2012 Бишкек убакыты: 23:53

Дүйнө

Иран уранды 20 пайызга чейин байытууну көздөөдө

Батыш өлкөлөрү Тегерандын уран байытуу жаатындагы жаңы чечимине байланыштуу тынчсыздануусун билдиришүүдө. 7-январда президент Махмуд Ахмадинежад уранды 20 процентке чейин байытууга буйрук берди. Анын алдында Ахмадинежад Иран чала байытылган суюк отунду чет өлкөлөргө жөнөтүп турууга даяр деп айткан эле.

Ирандын президенти Махмуд Ахмадинежад лазер технологиялары боюнча конференцияда. Тегеран, 7-февраль, 2010-жыл
x
Ирандын президенти Махмуд Ахмадинежад лазер технологиялары боюнча конференцияда. Тегеран, 7-февраль, 2010-жыл
Текст көлөмү - +
7-январда Тегеранда лазер технологияларынын көргөзмөсүндө сөз сүйлөгөн президент Ахмадинежад өзөктүк кубат боюнча улуттук мекемеге уранды 20 процентке чейин байытуу тапшырмасын берди:

- 20 проценттик суюк отунду өзүбүз деле чыгара алабыз. Бирок жакында Батышка макул дедик. Биз аларга 2-3 ай убакыт бергенбиз. Алар болсо жаңы оюн башташты. Эми мен Өзөктүк кубат боюнча агенттиктин башчысы Салехиге центрифугаларды колдонуу менен 20 проценттик суюк отун өндүрүүнү баштоо буйругун бердим. Кызматташуу үчүн эшик дагы эле ачык.

Ошол эле маалда уран байытуу процесси качан башталаарын президент тактаган жок.

Батыш Ахмадинежаддын сөздөрүн камтамачылык менен кабыл алды. Британ Тышкы иштер министрлиги Иран президентинин жарыясы «олуттуу тынчсызданууга жем таштайт» деп, андай иш-аракет БУУ Коопсуздук кеңешинин резолюцияларын бузуу болуп эсептелерин билдирди. АКШнын коргоо министри Роберт Гейтс Иранга каршы жаңы санкция колдонууга үндөдү.

Жогору байытылган уран өзөктүк бомба жасоодо колдонулат. Батыш Тегеран тымызын түрдө атомдук куралдын үстүнөн иштеп жатат деп шектенүүдө. Иран ушу тапта уранды 4,5 процентке чейин байытып келатат. Аскерий эмес ишканалар болсо 3 проценттик уранды талап кылат. Иран анын атомдук программасы тынчтык максаттарды гана көздөйт деп ырастап келатат.

Улуттар уюмунун сүрөөнчүлүгү менен иштелип чыккан сунушка ылайык, Иран төмөн байытылган уранды Орусия менен Францияга жөнөтүп, ал жерлерден толук байытылган суюк отун Тегерандагы реакторго кайтарылып турмакчы. Сөз болгон реактор, Иран өкмөтүнүн ырастоосунда, медицина тармагынын керектөөлөрү үчүн пайдаланат.

Ахмадинежаддын 7-январдагы сөздөрү анын буга чейнки жарыясына каршы келет. Бир нече күн мурун ал Иран чала байытылган уранды чет өлкөлөргө жиберүүгө даяр деп айткан эле.

Ал эми Ирандын Өзөктүк кубат боюнча агенттигинин жетекчиси Салехи ИРНА маалымат агенттигине анын мекемеси азыр даярдыкка гана келтирилгенин белгилеп, суюк отунду башка өлкөлөрдө байытуу боюнча сүйлөшүүлөр натыйжасыз аяктаса, өндүрүш башталаарын билдирди.

Батыш өлкөлөрү Иранга каршы санкциялардын 4-тобун киргизүүгө үндөшүүдө. Бирок Коопсуздук кеңешинин туруктуу 2 мүчөсү - Кытай жана Орусия жазалоочу чаралардын күчөтүлүшүнөн майнап чыкпайт деп санашат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Пикир
     
Бул шеринеге эч пикир жарыялана элек. Башаттык ойду сиз жаза аласыз.

Назарда

Орусияда кыздарга кордук көрсөткөн "Патриот"

Орусияда айрым кыргыз кыз-келиндерди жүрүм-туруму үчүн кордоп-кодулаган кыргыз жигиттеринин “Патриот” деген тобу пайда болду. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма "Шайтан арабадагы" токсон жыл

Баткендин Кара-Бак айылында жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун 90 жаштагы ардагери Айтпай ата согушка аттанаарда да велосипед менен аскер комиссариатына барган экен. (JsA/MiT)