Дүйшөмбү, Май 21, 2012 Бишкек убакыты: 23:53

Дүйнө

Иранда профессор жардыруудан каза тапты

Тегеранда нейрон физикасы боюнча профессор бомбанын жардыруусунан каза тапты.

Профессор каза тапкан жер, 2010-жыл, 12-январь
x
Профессор каза тапкан жер, 2010-жыл, 12-январь
Текст көлөмү - +
"Маалыматтарга караганда илимдин доктору Масуд Али Мухамадди өз үйүнүн жанындагы мотоциклге коюлган бомба жарылуусунан каза тапты." Ирандагы англис тилиндеги телекомпания Тегеран университетинин профессору Масуд Али Мухамадди үйүнөн чыгып, жумушуна бараткан жолдо жардырууга кабылып, каза тапканын ушинтип билдирди.

Ирандын мамлекеттик телеканалы болсо окумуштуунунун өлүмүнө Израиль менен Кошмо Штаттарынын тиешеси болушу ыктымал деди. Кабарды окуган диктор өлкөнүн Тышкы иштер министрлигине шилтеме берип, бул «сионисттер, Америка жана алардын агенттеринин» жасаган иши деп айтты.

Ырасмий маалыматтарга караганда, бомба мотоциклге коюлган экен. Профессор нейрон физикасы боюнча окутуучу эле, ал ошондой эле 1979-жылдагы ислам революциясынын айныгыс колдоочусу болуп келаткан. Сыналгыдан көрсөтүлгөн кадрларда жардыруудан үйлөрдүн жана автоунаанын айнектери сынып, окумуштуу каза тапкан жерде анын каны төгүлгөн.

Тегерандын полиция кызматынын жетекчилеринин бири Сафари Баратлоунун айтымында, профессор Масуд Али Мухамадди мотоциклде жардыруу болгон маалда анын жанынан өзүнүн автоунаасын айдап бараткан. Болжолго караганда, бомба аралыктан башкарылган болушу ыктымал.

Ал эми Тегерандын прокурору Аббас Жафари Долатабадинин айтымында, профессор жардыруу болгон учурда автоунаасына жаңыдан отуруп бараткан экен. Азырынча өзөктүк курал боюнча профессорду жардырган окуяга байланыштуу эч ким камакка алына элек.

Ирандын башка бир "Борна" деп аталган маалымат агенттигинин кабарына караганда, Масуд Али Мухаммади өзөктүк курал боюнча башкы окумуштуулардын бири болгон.

Ирандын мамлекеттик маалымат каражаттарынын бергени боюнча Мухаммади "берилген революционер болгон", андыктан аны "антиреволюциачыл кутумчу күчтөр" өлтүрүшү ыктымал.  Иран адатта Батыштагы каршылаштарын "кутумчулар" катары атап коёт.

Ошол эле маалда профессор Мухамадди Ирандын өзөктүк куралдары боюнча программасында иштеген же иштебегени да айтыла элек.

Ирандын өзөктүк куралдар боюнча дагы бир окумуштуусу Шахрэм Амири Мекеге барган убакта дайынсыз жок болгон. Ырасмий Тегеран ал окумуштууну Кошмо Штаттарына берип салды деп Сауд Арапстандын бийликтерин сынга алган болчу.

Батыш жана АКШ Иран өзөктүк программасын курал чыгаруу максатында колдонуп жатат деп шектенип келатат. Тегеран болсо эл аралык коомчулук менен сүйлөшүүдөн баш тартууда.

Ирандын өзүндө азыр былтыр жайдагы президенттик шайлоодон бери саясий абал курч. Полиция менен демонстранттардын кагылышуусунан, ар кандай маалыматтар боюнча, кырктан сексенге чейин адам каза тапты.

Фарда радиосунун маалыматы боюнча Мухамадинин ысымы оппозициянын атынан президенттик шайлоого чыккан Мир Хуссейин Мусавини колдогон 420 мугалимдин катарында болгон.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Barsbek Kyrgyz каяктан: Bishkek
13.01.2010 21:55
Irandy da siyonistter m-n massondor bashalamandyk chygarttyryp, ushintip aralashtyryp jatyshat. Bolgon okuyalardyn artynda kimder turgany belgiluu ele.

Назарда

Орусияда кыздарга кордук көрсөткөн "Патриот"

Орусияда айрым кыргыз кыз-келиндерди жүрүм-туруму үчүн кордоп-кодулаган кыргыз жигиттеринин “Патриот” деген тобу пайда болду. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма "Шайтан арабадагы" токсон жыл

Баткендин Кара-Бак айылында жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун 90 жаштагы ардагери Айтпай ата согушка аттанаарда да велосипед менен аскер комиссариатына барган экен. (JsA/MiT)