Дүйшөмбү, Май 21, 2012 Бишкек убакыты: 23:52

Дүйнө

Иран: "Алтылыктын" дагы бир аракети

Эл аралык "алтылыктын" өкүлдөрү ушул аптанын этегинде Нью-Йоркто Улуттар Уюмунун баш кеңсесинде чогулуп, Иранга санкция жарыялоо маселесин талкуулайт. Мунун алдында Вашингтондун өкүлү Москвада жана Мадридде болуп, консултацияларды өткөрөт.

x
Текст көлөмү - +
Эл аралык "алтылыктын" өкүлдөрү жолугуша турганын АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон ырастады. Бул топко АКШдан тышкары Британия, Россия, Кытай, Франция жана Германия кирет.
 
Клинтондун айтымында, жолугушууда кимдерге жана кандай мааниде санкциялар жарыялоо керектиги сөз болот. Вашингтон ири алдыда иран жетекчилигиндеги чакан топтун өкүлдөрүн, атап айтканда, саясий чечим кабыл алганга акысы бар башкаруучу төбөлдөрдү жазалоо зарыл деп эсептейт. Алар кимдер экенин Клинтон тактаган жок, бирок муну Вашингтон бир катар өлкөлөр менен макулдашып чыкканын кыйытты.

Байкоочулар баарыдан мурда иран лидерлери, ошондой эле ислам революциясынын сакчылар Корпусу тууралуу кеп болуп жатканын болжолдошот. Аларга чет өлкөлөргө чыкканга чектөө киргизилип, банктардагы активдерине камал салынышы мүмкүн. Мындан тышкары сакчылар Корпусу менен коммерциялык негизде кызматташкан компанияларга жана уюмдарга каршы жазаналар аныкталышы ыктымал.

Вашингтондун сунуштарын макулдашканы мамлекеттик катчынын саясий иштер боюнча орунбасары Уилям Бернс эртең Москвада, андан соң Мадридде болуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Вашингтон Евросоюздагы өнөктөштөрүнө таянып, Иранга байланыштуу башка өлкөлөр менен кеңири мааниде масилет-мастеттерди өткөргөнү жатканын мамлекеттик департаменттин өкүлү Филип Кроули бышыктады. "Бул өтө маанилүү жана кечиктирилгис маселе",- деп билдирди Кроули.

Коопсуздук Кеңеши буга чейин Иранга каршы үч ирет санкцияларды жарыялады. АКШ, Британия жана Франция эми Тегеранды төртүнчү жолу, болгондо да кыйла катаң мүнөздө жазалай турган маал келгенин айтышууда. Россия мунун зарылдыгына ийиңкиребей турат. Кытай болсо кошумча санкцияларды колдобой турганын өткөн аптада айткан эле.

"Алтылыктын" кезектеги жыйыны былтыр 22-декабрда Брюсселде болмок, бирок Кытайдын өтүнүчү менен быйылкы жылга калтырылган.

Жаңы жыл алдында Британиянын Улуттар Уюмундагы элчиси Марк Лайалл Грант эгер Тегеран "алтылыктын" сунушун четке кагып, уран байытканын уланта берсе, Коопсуздук Кеңеши февралдын этегине барып Иранга кошумча санкцияларды жарыялашы мүмкүн экенин эскерткен.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Пикир
     
Бул шеринеге эч пикир жарыялана элек. Башаттык ойду сиз жаза аласыз.

Назарда

Орусияда кыздарга кордук көрсөткөн "Патриот"

Орусияда айрым кыргыз кыз-келиндерди жүрүм-туруму үчүн кордоп-кодулаган кыргыз жигиттеринин “Патриот” деген тобу пайда болду. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма "Шайтан арабадагы" токсон жыл

Баткендин Кара-Бак айылында жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун 90 жаштагы ардагери Айтпай ата согушка аттанаарда да велосипед менен аскер комиссариатына барган экен. (JsA/MiT)