Дүйшөмбү, Май 21, 2012 Бишкек убакыты: 23:50

Дүйнө

Иран ийге келе элек

Россиянын жана Кытайдын Улуттар Уюмундагы элчилери Тегеран өкмөтүн атом реакторлору үчүн эл аралык "алтылык" сунуш кылган долбоорго көндүрүүгө аракет кылышты. Бирок андан майнап чыкпады. Бул учурда АКШ Иранга каршы санкциялардын жаңы топтому боюнча Коопсуздук Кеңешинде активдүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтондун Москвадагы сапары маалында орус тышкы иштер министри Сергей Лавров Иранды жазалоого туура келип калышы ыктымал деп ырастады.18-март 2010-жыл.
x
АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтондун Москвадагы сапары маалында орус тышкы иштер министри Сергей Лавров Иранды жазалоого туура келип калышы ыктымал деп ырастады.18-март 2010-жыл.
Текст көлөмү - +
Улуттар Уюмунун баш кеңсесиндеги булактар ырасташкандай, орус жана кытай элчилери ушул айдын башталышында иран өкмөтү менен активдүү кеп-кеңеш өткөрүштү. Дипломаттар байытылган уран отунун чет элден сатып алууну сунуш кылган "алтылыктын" долбооруна Тегеранды көндүргөнгө аракет жасашты. Бирок алардын бир да демилгесин иран бийликтери кабыл алышкан жок.

Ошондон соң болуу керек, айтор, АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтондун Москвадагы сапары маалында орус тышкы иштер министри Сергей Лавров Иранды жазалоого туура келип калышы да ыктымал экенин моюнга алды.

Москва буга чейин такай санкциялардын күчөтүлгөн түрмөгүнө каршы туруп, алардын баары карапайым ирандыктарга гана зыян келтирет деп келген эле. Бирок марттын башталышында орус президенти Дмитрий Медведев Тегеранга айтылган бардык сунуштар менен чакырыктардан майнап чыкпаса, Москва өз позициясын өзгөрткөнгө аргасыз болорун эскерткен.

Ушуга таянып Клинтон тараптар "азыр Иранга каршы аракет көрүүгө даяр болуп калганын", бул багытта белсенип иштеп жатышканын белгилеген. Сөз арасында атүгүл президент Медведев иран жетекчилерине "акылдуу санкциялар" аркылуу таасир көрсөтүү керектигин айтканын да кошумчалай кеткен.

Андан саал мурдараак Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Милибэнд Пекинде болуп, Иран эл аралык милдеттенмелерин гана аткарбастан, дегеле атомдуу державага айланбашы керек деген позицияда эки тарап бекем турарын макулдашканын бышыктаган эле.

Ушу тушта Коопсуздук Кеңешинде АКШнын демилгеси менен Иранга каршы санкциялардын төртүнчү топтомуна байланыштуу жүйүр сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Мамлекеттик катчы Клинтондун айтымында, жаңы санкциялар "иран жетекчилеринин көшөргөн көктүгү кандай кесепеттерге турарын аларга таасын көрсөтө тургандай болот".

Бул аралыкта орустардын "Лукойл" мунай компаниясы Ирандагы Анаран долбоорунан чыкканын жарыялады. Мунун себебин компания АКШ өкмөтү бир тараптуу түрдө жарыялаган экономикалык санкциялар менен түшүндүрдү. Натыйжада "Лукойл" 60 миллион доллардан ашуун зыян тартты.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Пикир
     
Бул шеринеге эч пикир жарыялана элек. Башаттык ойду сиз жаза аласыз.

Назарда

Орусияда кыздарга кордук көрсөткөн "Патриот"

Орусияда айрым кыргыз кыз-келиндерди жүрүм-туруму үчүн кордоп-кодулаган кыргыз жигиттеринин “Патриот” деген тобу пайда болду. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма "Шайтан арабадагы" токсон жыл

Баткендин Кара-Бак айылында жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун 90 жаштагы ардагери Айтпай ата согушка аттанаарда да велосипед менен аскер комиссариатына барган экен. (JsA/MiT)