Дүйшөмбү, Май 21, 2012 Бишкек убакыты: 23:46

Дүйнө

Иран: Карруби өкмөттү тааныды

Иранда оппозициялык лидерлердин бири Мехди Карруби президент Махмуд Ахмединежадды өкмөттүн башчысы катары тааныды. Муну "Фарда" радиосуна Каррубинин уулу Хоссейн да бышыктап, айрым жагдайларды тактады.

Парламенттин экс-спикери, реформачыл партиялардын бирин жетектеген Мехди Карруби азыркы өкмөттүн амирине ыкрар кыларын бышыктады.
x
Парламенттин экс-спикери, реформачыл партиялардын бирин жетектеген Мехди Карруби азыркы өкмөттүн амирине ыкрар кыларын бышыктады.
Текст көлөмү - +
Консервативдүү маанайдагы "Фарс" маалымат агенттиги оппозициядагы лидерлердин бири Мехди Карруби азыркы өкмөттүн башчысы Махмуд Ахмединежадды "иран элинин мыйзамдуу шайланган президенти катары моюндаганын" кабарлаган эле.

Каррубинин уулу Хоссейн муну жалпысынан бышыктады. Ошол эле учурда айрым жагдайларды тактады. Атап айтканда, атасы "баштагыдай эле шайлоодо көптөгөн эреже бузуулар болду деп эсептей турганын, бирок азыркы өкмөттү жогорку лидер Али Хаменеи бекиткенин, ушул себептен улам гана Ахмединежадды аткаруу бийлигинин башчысы катары моюндайм" деп айтканын "Фарда" радиосуна кабарлады.

Хоссейн атасынын бул кадамы былтыр шайлоодон бери тынчыбай келаткан кырдаалдын кылоосун биртке болсо да жумшартат деп үмүт кылат. Өткөн жайдан кийин "Жашылдар" кыймылына бириккен оппозиция жаатынан Ахмеджинежаддын бийлигин моюндаганын эч ким ушу кезге чейин коомчулук алдында айта элек болчу.

Интернеттеги айрым баракчаларда бир катар ирандыктар Каррубиге нааразы болушту, кээ бирлери атүгүл аны "саткын" деп да атап жиберишти. Ошентсе да "Жашылдар" жамаатынын атын атабаган айрым өкүлдөрү Каррубинин азыркы бийликтин амирин тааныганы оппозициянын жалпы позициясы өзгөрдү дегенди билдирбей турганын ырасташты.

"Карруби Ахмединежаддын президент болуп шайланганын моюндайм деп айткан жок, Карруби болгону анын өкмөт башчысы экенин гана моюнга алды", - деп билдирди телефон аркылуу оппозициялык маанайдагы депутаттардын бири.

Тегерандык журналист Саид Разави Фагиин былтыр жайда Каррубини колдогондордун бири болгон. "Менимче,Карруби жана оппозициянын башка лидерлери өлкөдөгү кыйчалыш жагдайды чечүүнүн кыйла акыл-эстүү жолдорун издеп жатышат. "Иран азыр ичтен да, тыштан да олуттуу бир катар маселелердин кысымына кабылды, алардын баары өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарына, коопсуздугуна жана коомдун биримдигине коркунуч келтириши мүмкүн", - дейт ал.

Каррубинин бийликтин амирине ыкрар кылуу ыкыласын билдиргенин саясий эксперт Мохаммед Салех Седгиан да эскичил күчтөр менен реформачылар ортосундагы элдешүүнүн ишаарасына жоруду. Анын айтымында, "оппозиция азыр Ахмединежаддын бийлигин моюндаганга ыкыластана баштагансыды, бирок шайлоо усулдарына баштагыдай эле каршы чыгып жатат".

Оппозициянын дагы бир лидери Мир Хоссейн Мусави да өткөн айдагы билдирүүсүндө азыркы президенттин бийликтен кетишин талап кылган жок. Мындан тышкары айрым жаңылыктарда экс-президент Мохаммед Хатаминин аятолла Али Хаменеиге жазган катынан үзүм кептер келтирилди. "Азыркы өкмөттү биз моюндайбыз, бирок экстремизм токтотулууга тийиш", - деп айтылат Хатаминин катында.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Пикир
     
Бул шеринеге эч пикир жарыялана элек. Башаттык ойду сиз жаза аласыз.

Назарда

Орусияда кыздарга кордук көрсөткөн "Патриот"

Орусияда айрым кыргыз кыз-келиндерди жүрүм-туруму үчүн кордоп-кодулаган кыргыз жигиттеринин “Патриот” деген тобу пайда болду. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма "Шайтан арабадагы" токсон жыл

Баткендин Кара-Бак айылында жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун 90 жаштагы ардагери Айтпай ата согушка аттанаарда да велосипед менен аскер комиссариатына барган экен. (JsA/MiT)