Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:07

Иранда оппозициянын эки мүчөсү дарга асылды


Тегеран -- Террорчул уюмдун мүчөлөрү жана Алланын душмандары деп табылган Араш Рахманипур менен Мохаммед Али Замани сот маалында.
Тегеран -- Террорчул уюмдун мүчөлөрү жана Алланын душмандары деп табылган Араш Рахманипур менен Мохаммед Али Замани сот маалында.

Иран бийликтери бейшемби күнү таңга жуук эки кишини дарга асышты. Экөө тең Алланын душманы жана ислам түзүлүшүн кулатууну көздөгөн аскерий топтун мүчөсү деп табылган.

Дарга асылгандардын аты-жөнүн бийликтер ырасмий түрдө айтышкан жок, бирок Isna маалымат агенттиги алардын бирин Мохаммед Реза Али Замани, экинчисин Араш Рахманипур деп атады.

Оппозициянын мүчөлөрү сот былтыр октябрда эле Али Заманиге өкүм чыгарганын ырасташты. Аны жана Рахманипурду бийликтер Ирандагы режимди кулатууну көздөгөн монархисттик маанайдагы "Падышалык жыйын" тобунун мүчөсү деп айыптап, ушунусу үчүн кармашкан.

Шайлоо тополоңунан соң тергөөчүлөр экөөнү тең оппозициянын "бузуку иштерине катышып, кутумчулук кылганын" мажбурлап моюнга алдырышкан.

Тегерандагы таанымал адвокаттардын бири Насрин Сотудех он тогуз жаштагы Рахманипур өткөн жылы апрелде камалганын тастыктады.

"Рахманипурдун үйүнөн айрым материалдар, мисалы, химиялык жер семиткичтер табылган,- дейт ал. - Араш аларды бомба үчүн пайдаланган деп айтышкан. Химиялык жер семирткичтерден бомба жасоо дегеле мүмкүн эмес".

Айрым булактар Али Заманини да коопсуздук кызматтары былтыр шайлоого бир нече күн калганда кармап кетишкен дешет.

Адвокат Насрин тергөө-сурак иштеринен соң сот процесси болуп көрбөгөндөй ыкчамдык менен жүргүзүлгөнүн белгиледи. Муну менен бийликтер калктын үшүн алууну көздөп жаткан көрүнөт.

"Өзгөчө декабрда Ашура азасы тополоңго айланып, жоон топ киши набыт болгондон кийин өкмөттөгүлөр абдан чочуп калышты, эми ошол алдастаган маанайын коомго жайылткысы келип жатышат",- дейт Насрин.

Дарга асылган эки адамдан тышкары алар менен бирге өлүм жазасына өкүм кылынган дагы тогуз адам бар. Эгер аларга чыгарылган өкүм аткарылса, өлкөдө нааразылык толкуну дагы күчөшү ыктымал.

"Буларга мыйзамсыз жана адилетсиз негизде чыгарылган өкүмдөр үчүн жоопкерчилик кудай алдында деле Ислам республикасынын мойнуна жүктөлөт",-дейт адвокат Насрин.

Жалпысынан Иранда былтыр жайдагы окуяларга байланыштуу жүздөн ашуун киши соттолду.

Адам укуктары үчүн эл аралык өнөктүк уюмунун Ирандагы өкүлү Хади Гаеми шайлоодон кийинки сот өкүмдөрү өлкөдө өлүм жазасын алып салуу өтө маанилүү экенин көрсөттү дейт.

"Иран коому үчүн мунун өзгөчө мааниси бар, анткени ал саясий окуяларга байланыштуу адамдарды өлүм жазасына тартуу практикасын токтотот эле",-дейт Гаеми.

XS
SM
MD
LG