Дүйшөмбү, Май 21, 2012 Бишкек убакыты: 23:40

Саясат

К. Байбосунов: Ирактагы согуш мунайзат үчүн болгон

Бүгүн Саддам Хусейн режимине каршы Ирак согушу башталган күнгө жети жыл болду. АКШнын Ирактагы согушу жөнүндө кыргызстандык талдоочулар эмне дешет? “Азаттыктын” суроолоруна саясат таануучу Карыбек Байбосунов жооп берди.

Текст көлөмү - +
- Иракка каршы АКШнын согуштук аракеттери бул Иракка каршы согуш эмес, жеке Саддам Хусейнге каршы Буштардын династиясынын өчү эмес. Бул жерде Американын мунайзат жана каржы саясаты турат. Эмне үчүн Иракка каршы ушундай согуштук аракеттер болду? Эң биринчи эле себеби Орто Түштүктөгү араб өлкөлөрүндөгү, Орто Түштүк Евразиянын капталындагы мунайзат чыккан булактарды байлоо гана керек болчу.

Мунайзат Америка үчүн байлоого берилген гана каражат. Ал эми калганынын баары алаксытма. Хусейндин башын алабы, башка кылабы – Америка үчүн проблема эмес. Бул техникалык маселе. Саясий маселеси, менмин деген мамлекеттердин бардыгын алаксытуу -  Саддам Хусейндин режими өөдө-төмөн, анын атомдук куралы бар экен деп.

Кийин химиялык дагы, атомдук дагы куралы табылбай эле калбадыбы. Бул шылтоо болгон. Мунун баарын Американын атайын кызматтары билген. Билип туруп атайын жасалган акция, маневр болчу.

- Саддам Хусейндин режими деген нерсени бир топ фактылар менен далилдөө аракеттери жасалган да. Сиз Хусейндин режимине кандай карайсыз?

- Саддам Хусейндин режими – арзыбаган нерсе болгон. Эми күрддөрдүн бир топ кыштактарын аткылаптыр, өрттөптүр. Ошону Хусейндин аскерлери талкалаганбы же Американын жалдама аскерлери талкалаганбы? Ким уюштурган? Бу дагы эмгиче ачылган жок да.

- Саддам Хусейндин эл аралык терроризм менен байланышы бар деген дагы дооматтар айтылбады беле?

- Эл аралык терроризм деген да шылтоо да. Эл аралык терроризм деген жок, мен ачык айтып коеюн. Мындай нерсе көтөрүлбөш керек болчу. Бул атайын ойлонуп табылган оюнчук болгон. Ошол оюнчукту, ошол сагызды баарыбыз чайнадык, ошол оюнчук менен баарыбыз ойнодук, мен демократмын деген мамлекеттин бардыгы.

Бул деген алдамчы саясат. Мунун негизги себеби - федералдык система деген доллар чыгарган миллиардерлер менен триллиардерлердин оюну, спектакли. Андан башка эч нерсе жок бул жерде.

- Ирак согушунан ошол Америка өзү, анан анын өнөктөштөрү эмне утту, эмнени уттурду?

- Америка да, анын өнөктөштөрү да эч нерсе уткан жок. Дүйнө жүзү да. Мен демократмын деген күчтөр да эч нерсе уткан жок. Бул жерде Американын федералдык системасы гана утту. Ашык акчалар бар эле чыгымдаш керек болчу, эски куралдар бар эле аларды иштен чыгарыш керек болчу. Жана жаңы курал чыгарууга, АКШны күчтөндүрүүгө жаңы бюджет алыш керек болчу. Мындан ары деле Саддам Хусейндер чыга берет, Америка улам бирдемени ойлоп таап, кризистерди уюштура берет.

- Ирак согушу дүйнөлүк саясатка кандай сабак берди деп ойлойсуз?

- Ирак согушу башталганда кичине көңүл бурумуш болгон. Азыр бардыгы унутту. Бул эч кимге сабак болгон жок. Бул жерде болгону АКШнын үстүнөн караган, дүйнө жүзүнүн үстүнөн караган айрым күчтөрдүн театралдык спектакли болуп калды.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: k.baibosunov каяктан: Бишкек
16.04.2010 14:43
Калыска калыстык, Акылбекке акыл жетишпейт экен. Аман болгула. Бирок бул жерде Калыс жана Акылбек деген ат менен башка кишилер жазганын билем. Жана аларды жакшы тааныйм.

кимден: Калыс каяктан: Бишкек
21.03.2010 08:34
Карыбек мырза же бир нерсе уйронуп суйлосо, же суйлобой эле оокатын кылса. Мунун коз карашы тээтиги совет заманындагы айылдын адамдарынын коз карашынан эч айырмасы жок экен. Европаны да, Американы да эч нерсе билбеген кылып, озу баарын билгендей суйлойт.

кимден: Акылбек каяктан: Бишкек
20.03.2010 21:46
Байбосунов мырза дайыма бир тараптуу ой жүгүртөт. Мурда ал Аскар Акаевдин "рупору" болчу. Башка терең салмактаган саясатчыларды деле кепке чакырсаңар. Бирок оюн билип койгонуңар да соп-сонун болду.

Назарда

Орусияда кыздарга кордук көрсөткөн "Патриот"

Орусияда айрым кыргыз кыз-келиндерди жүрүм-туруму үчүн кордоп-кодулаган кыргыз жигиттеринин “Патриот” деген тобу пайда болду. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма "Шайтан арабадагы" токсон жыл

Баткендин Кара-Бак айылында жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун 90 жаштагы ардагери Айтпай ата согушка аттанаарда да велосипед менен аскер комиссариатына барган экен. (JsA/MiT)