Дүйшөмбү, Май 21, 2012 Бишкек убакыты: 23:38

Кыргызстан

Уюлдук байланыштагылар уюшуп алышканбы?

“Ак жол” фракциясы уюлдук байланыштын 60 тыйынга кымбатташы тууралуу маалыматтарды угуп, маселе бир жаңсыл чечилгиче кымбаттоону токтотуу боюнча өкмөткө сунуш жолдоду. Уюлдук байланыш компаниялары болсо чалууларды кымбаттатууга мажбур болушканын айтышат.

x
Текст көлөмү - +
Соңку кездери кыйла талаш-тартышты жараткан уюлдук байланыштын 60 тыйынга кымбаттоосун Жогорку Кеңештин “Ак жол” фракциясы да карады. Депутаттардын айтымында, бүткүл дүйнөдө уюлдук байланыштын баасы барган сайын арзандап атса, Кыргызстанда тескерсисинче кымбаттап кеткени көптөгөн шектенүүлөрдү жараттууда.
Азыр биз муну бул жерде талкуулаганга чейин өкмөт эч кандай чечим кабыл албаса, эч ким эч нерсе билбесе, анда ушул мүнөттөрдөн баштап 60 тыйындан кетип баратканын токтотушсун.
И.Жунусов

Өлкөдөгү ири уюлдук байланыш компаниялары 1-февралдан тарта ар бир чалуунун баасын 60 тыйынга көтөрүшкөн. Алар муну электрге, жылуулукка жана ысык сууга болгон тарифтердин жогорулашына жана рыноктогу шарттарга байланыштырышууда.

Мурда уюлдук байланыш тармагы Улуттук байланыш агенттигинин көзөмөлүндө болчу. Жаңырган жылдан тарта эми бул тармак Монополияга каршы саясат боюнча мамлекеттик агенттигинин карамагына өтүп, аталган агенттик учурда маселени иликтеп атканын айтууда.

Байланыш агенттигинин жетекчиси Кубат Кыдыралиев буга чейин эле чалуулардын 60 тыйынга кымбаттоосу уюлдук компаниялардын жеке чечими экендигин айткан.

Депутат Ибрагим Жунусов Монополияга каршы саясат агенттиги маселени териштиргиче аталган кымбаттаттууну токтотуп, 1-февралдан кийинки 60 тыйындык кошумчаны бардык абоненттерге кайтартуу керектигин сунуштады:
Ибраим Жунусов

- Азыр биз муну бул жерде талкуулаганга чейин өкмөт эч кандай чечим кабыл албаса, эч ким эч нерсе билбесе, анда ушул мүнөттөрдөн баштап 60 тыйындан кетип баратканын токтотушсун.

Өкмөттүн эч кандай чечими болбосо, алар билбесе, өздөрү эле кошо берсе, анан биз жөн эле талкуулай беребизби..? Азыр биз бул жерде сүйлөшүп отурганда элдер миллиондогон акча төлөп атышат.


Ал эми Монополияга каршы саясат агенттигинин башчысы Надырбек Турганбаевдин айтымында, эгерде уюлдук байланыш компаниялары кымбаттатууну жөнү жок жасашканы аныкталса тиешелүү чаралар көрүлөт:

- Кечээ биз бардык уюлдук байланыш компанияларынын жетекчилерине каттарды жөнөттүк. Азыр биз бүгүнкү абал боюнча анализ жүргүзүп атабыз. Анын жыйынтыгын сиздерге, өкмөткө да беребиз.
Аталган бизнестин жагымдуулугун арттыруу жана өнүктүрүү үчүн ушундай кылууга мажбур болдук.

Андрей Силич

“Ак жол” фракциясынын чечими боюнча эми аталган маселе профилдик комитетте каралып, уюлдук операторлордун чечимдеринин негиздүүлүгү териштирилмекчи. Фракция ошондой эле өкмөткө сунуш жолдоп, аталган маселе териштирилгичекти жогорудагы кымбаттатууну токтотуу боюнча чара көрүүгө чакырды.

Уюлдук байланыш компаниялары болсо, аталган кымбаттоо бардык эсептөөлөр жүргүзүлгөндөн кийин гана болгонун айтышууда. “MegaCom” компаниясынын башкы директору Андрей Силичтин айтымында, кийинки жылдары Кыргызстандын тоолуу шарттарында жаңы уюлдук тармактарды курууга өтө көп каражаттар кетти. Алардын баарын кармап туруу да кыйла каражат талап кылат. Соңку кездери бул маселеге тарифтердин көтөрүлүшү да себепчи болду:

- Акыркы төрт жылда сүйлөшүүлөргө баалар канча эсе төмөндөгөнүн карап көрүңүздөр. Биринчиден, мурда тармактарыбыз аз болчу. Ага кеткен каражаттар да аз жана тарифтер жогору эле. Ал эми азыр тескерисинче. Тармактар өлкөнүн бардык аймагын камтыйт. Азыр жер-жерлерде 710 базалык станцияларыбыз бар. Ал эми тарифтер төмөн болуп кеткендиктен пайдабыз азайып кетти. Аталган бизнестин жагымдуулугун арттыруу жана өнүктүрүү үчүн ушундай кылууга мажбур болдук.

Уюлдук байланыш – Кыргызстандагы эң эле кирешелүү бизнестердин бири. 2009-жылдын жыйынтыгына караганда, өлкөдөгү капиталдык айлануусу боюнча алдыда турган эң ири 10 компаниянын катарына “Sky Mobile” жоопкерчилиги чектелген коому (Beeline) менен “Альфа Телеком” жабык акционердик коому (MegaCom) кирген. Тизме боюнча “Beeline” компаниясы үчүнчү орунда, “Кумтөр” менен “Газпром нефть Азия” компанияларына куйрук улаш келатат. Ал эми “MegaCom” компаниясы тизмеде бешинчи. Байланыш тармагынын бул эки гиганты капиталдык айлануусу боюнча “Кыргыз темир жолу”, “Түндүкэлектро”, “Кыргызгаз” сыяктуу лөктөрдөн эбак озуп кетишкен.

Мурдагы президент А.Акаевдин тушунда да уюлдук байланыш өтө кирешелүү бизнес катары саналып, президенттин үй-бүлө мүчөлөрү бул тармакты көзөмөлдөй турганы айтылчу. Андай сөздөр азыркы президенттин тушунда деле айтылып келатат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Гульшайыр каяктан: Бишкек
16.02.2010 17:44
Уюлдук байланышка 60тыйындан төлөгөнүбүз аз келгенсип эми үй телефонуна дагы 12тыйындан төлөйт экенбиз. Данияр келгенден бери кымбатчылыктын чордонунан чыга албай жатабыз. Эми ары-бери басканыбызга, жакындарыбыз менен жанында туруп сүйлөшкөнүбүзгө, дем алган абабызга, биз кармаган жандуу дагы жансыз дагы заттарга дагы налог салып койсун. Андай кылбаса байкуш туугандары ачкадан кыйналып калышат да.

кимден: Jakut каяктан: ОШ
14.02.2010 02:12
Депутаттар да, карапайым эл да чырылдап-чырылдап кала берди. А байланышчылар эч тоготпой эле кымбаттатып, акча иштей башташты.

кимден: Эдик каяктан: Бишкек
13.02.2010 06:16
Бакыт сен бул эки компания бири -бири менен сүйлөшүп алып ушуну кылып жатат -деп жазыпсың, а менин угушум боюнча экөөнүн тең кожоюну бир- деп уктум бир киши өзү-өзү менен сүйлөшөбү? Менин билишимче- бул игра "Еврейская" деп аталат. Себеби эки бирдей компания бири-бирине конкуренция болгондо биринин услугасын арзандатат Ошондо баардык потребительдер ошол компания менен договор түзүп иштей баштайт анан максимальный клиент болгондо компания услуганынын баасын жогорулатат, а көп потребительдери башка экинчи компания менен договор түзгөнгө мажбур. Кийин экинчи компаниянын да услугасы кымбаттайт.Ушул иградан орто жолдо канчалаган миллиондор пайда болот, эсептеп көр.

кимден: Эдик каяктан: Бишкек
13.02.2010 06:04
Азыркы депутаттар жөн эле "иштеп жатабыз, эл үчүн күйүп жатабыз" -деп көрүнгөнү. Чынында иш жүзүндө эч нерсе кыла алышбайт. Парламентте бирди сүйлөп "кожоюндун" алдында башка сүйлөйт.

кимден: Нарынбек каяктан: Нарын
09.02.2010 17:17
Оңбой калдык ко! Бул бийлик менен алыс бара албайбыз. Баарын сатат. Элди ойлогон эч ким жок. Данияр Үсөнов мурункусунда маршруткаларды кымбаттатса, азыр уюлдук байланышты. Короче запарили они НАС "НАРОД". Если они считают себя Кыргызами, то мне стыдно и обидно, что я Кыргыз.

кимден: Aijamal каяктан: karakol
09.02.2010 13:54
Skoro my za 4istyi vozduh v KGstane budem platit'!!!!!!!!

кимден: Рустам каяктан: Ош
05.02.2010 20:37
Эми кандай аракет колдонсо да Ажобуз чечет го дейм.Чындыгында эле Бакиевке кирешелуу болуп атпайбы.

кимден: Динара каяктан: Бишкек
05.02.2010 19:32
Данияр Усонов окмотко келгенден бери баары кымбаттады. Баарынарды чакырат элем Усоновдун окмоттон кетсин деген ураанга! Уюлдук байланышка тийишпей коюшса болмок.




кимден: Жалал-Абад
05.02.2010 10:45
Өкмөт жана депутаттар катуу кароо керек телефон сүйлөшүүлөр 60 тыйынга эле эмес 1 сому дагы бар мурда укмуш тарифи 50 тыйын болчу азыр 1сом болуп дагы байланышкан үчүн 60 тыйын алууда элди пайдаланып жатышат эскертүүсүз калайык калкка боруңуздар ачыбайбы? оң жагынан чечип бергиле атка минерлер

кимден: Секелек каяктан: Чүй
04.02.2010 10:51
Ак-жолдун депутуттары баардык уйулдук телефон компаниялары кимдики экенин билбейт көрүнөт, чочоңдогонуна караганда.
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Орусияда кыздарга кордук көрсөткөн "Патриот"

Орусияда айрым кыргыз кыз-келиндерди жүрүм-туруму үчүн кордоп-кодулаган кыргыз жигиттеринин “Патриот” деген тобу пайда болду. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма "Шайтан арабадагы" токсон жыл

Баткендин Кара-Бак айылында жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун 90 жаштагы ардагери Айтпай ата согушка аттанаарда да велосипед менен аскер комиссариатына барган экен. (JsA/MiT)