Бейшемби, Февраль 09, 2012 Бишкек убакыты: 07:36

“Азаттык” TV / “Ыңгайсыз суроолор”

Каатчылыкка каршы өкмөт планы канткенде үзүрүн берет?

«Ыңгайсыз суроолор» берүүсүндө Өкмөттүн каатчылыкка каршы планы, экономикадагы оош-кыйыштар жана сырттан келип жаткан каржылык жардамды алуунун жоопкерчилиги суроо талкууга алынды.

Текст көлөмү - +
           Катышкандар:


 

        


        
               Эмил Үмөталиев

              экономиканы 

              тескөө министри







            Аскар Бешимов,
 
  
          «Келечек долбоору”
 
            экономикалык иликтөөлөр
 
            корунун аткаруучу директору




"Азаттык»: Эмил мырза, октябрга чейин иштейсиздерби?

Эмил Үмөталиев: Мыйзамдын чеги менен чектелген мезгил ошол айлар.

«Азаттык»: Эки жылдык антикризистик планды иштеп чыгууда логика бар деп ойлойсузбу?

Эмил Үмөталиев: Чындыгында пландардын көбүнөн башыбыз айланып баратат окшойт. Бирок айла канча, апрель айынан кийин дагы эле кандайдыр бир күчүбүз, ниетибиз бар эле чечкиндүү реформаларды жасап жиберсекпи деген. Бирок июнь айынан кийин тилекке каршы андай чечкиндүүлүгүбүз кичине тайыздады. Бирок көбүрөк коопсуздукка басым кылыш керек болуп калды. Үчүнчү программа болуп кетти, антикризистик программа деген. Бул атайын Казакстандын демилгеси менен болуп аткан сүйлөшүүлөрдүн артында биз Казакстандын демилгеси менен Евразия фондунан кандайдыр бир каражатка ээ болгону турабыз. Ошол каражатты далилдеш үчүн, ошол каражатты кандайча туура пайдалана алабыз, кандайча эффективдүү ишке ашыра алабыз, ошону негиздеш үчүн ушул антикризистик план жаралган.

«Азаттык»: 1 миллиард 200 млн. доллар сурап жатасыздарбы?

Эмил Үмөталиев: Ал антикризистик пландын негизинде эмес.

«Азаттык»: Аскар мырза, сиз ишенесизби, азыр план жазылды, октябрдагы шайлоолор өтөт, ошондон кийинки өкмөт ушул пландарга карап иштейт деген сөздөргө?

Аскар Бешимов: 20 жылдан бери жүздөгөн, миңдеген пландар чыкты. Түзүлгөн кырдаалга карата 7-апрелге чейинки болгон пландар баары жараксыз болду, 7-апрелден кийин биз жаңы актай барактан баштадык. Бул дагы жаңы пландарды туудурду. Эми кеп ал пландардын ишке ашуусунда болуп атпайбы, ишке кандай ашат, кайсынысы сөз менен калат? Менин байкашымча, мурун кандай болсо ошол боюнча эле калды, эч бир жаңылануу, эч бир өзгөрүү, эч бир чечкиндүү кадамдар жок. Бир гана чечкиндүү кадам болду, анын үстүнөн акыркы учурда абдан чоң талкуулоо болуп атат, бул ишкерлерди текшерүүлөрдү азайтыш керек, жок кылыш керек. Мен бул туура эмес деп ойлойм, таптакыр муну жоготуу болбойт, анда салыкты кантип топтошот?

«Азаттык»: Эмил мырза, сиз өзүңүз ишенесизби ушул планга?

Эмил Үмөталиев:
Мен макул болом, чындыгында ушул пландардын көпчүлүгү кээде ишке ашпай калышы да мүмкүн, кээде иштин өзүнүн жүрүшүнө да тоскоол болуп кетиши мүмкүн экен.

«Азаттык»: Ушул пландын аткарылышына же аткарылбай калышына ким жооптуу?

Эмил Үмөталиев: Атакарылышына мамлекет жооптуу. Мамлекеттин бүгүнкү күндө аткаруучу органы - бул бийлик.

«Азаттык»: Бийликтен ким - Убактылуу өкмөтпү, сизби, министрликпи, ким жооп берет?

Эмил Үмөталиев: Мен дагы сөзсүз жооптуу болом. План - бул кандайдыр бир координацияга алып келе турган иш чара. Бул өзү жыйынтык эмес, бул эч качан иштин тыянагы эмес, ишке сөзсүз алып келе турган кепилдик да эмес. Бул керектүү координация кыла турган гана иш чара. Ошондуктан планга анча көп эле басым жасай берген деле болбойт.

«Азаттык»:
Төрт артыкчылыктуу тармакты айтып кетесизби. Себеби аябай бутакташып кеткен да.

Эмил Үмөталиев: Биз бүгүнкү күндө коопсуздукту сактап калышыбыз керек дагы, анан кийин саясий талаш-тартыш көп болуп, коопсуздук тайыз болуп турган кезде биз чечкиндүү иштерди кээ бир топтордун карама-каршылыгына алып келе турган нерселерден баш тартып турабыз. Анан пландын негизиндеги төрт артыкчылыктуу багыт дегениңиз, биринчиси - азык-түлүк коопсуздугу, экинчиси - энергетикалык коопсуздугу, үчүнчүсү - каржы коопсуздугу, анан коомчулуктун коопсуздугу.

«Азаттык»: Демек Ош, Жалал-Абадды кайра куруу кирбейт?

Эмил Үмөталиев: Ал дагы кирет. Бирок кайсы регионду, кайсы тармакты албайлы, алардын бардыгы коопсуздуктун төрт катмарынын ичинде.

«Азаттык»: Планды карасаңыздар, азыркы Кыргызстандын абалы аябай жакшы сүрөттөлгөн: биз ушундай акыбалдабыз, оор кырдаалдабыз деп. Бирок кантип ушул акыбалдан чыгып кетебиз деген суроого мен жооп тапкан жокмун. Ал жооп мындай: бизге ушунча миллиард акча бергиле биз чыгып кетебиз деген?

Аскар Бешимов:
20 жыл эгемендүүлүктө жашап, өзүбүздүн экономикалык саясатты башкарып келдик кайсы бийлик болбосун. Бирок акырында жыйынтыгы эң кедей КМШ өлкөлөрүнүн арасында биз турабыз.

«Азаттык»: Биздин колубуздан эч нерсе келбейби?

Аскар Бешимов:
Ошол жерде бүт пайыздар көрсөтүлгөн. Ошонун негизин жалпысынан караганда 20 жылдын ичинде 2 жарым млрд. тышкы карызыбыз бар. Андан сырткары 20 жылдын ичинде ошончо эле 2 жарым млрд. АКШ долларын биз грант, бекер белек катары алганбыз. Бирок бүгүнкү учурда дагы кризиске каршы план, азыр дагы акчаны бергиле, биз ошол акчаны бүгүнкү коопсуздук, “өрттөнүп” аткан жерлерди жабабыз деп атабыз. Бул өзгөчөлүгү. Бирок анын ичинде Кыргызстан өзүнүн салымын, эмнесин кошот, ал жөнүндө бир сөз жок. Ал тышкы өлкөлөр бизге милдеттүү, көп жылдан бери тышкы жардамсыз жашай албай калдык. Бул көрүнүш жылдан жылга өсүп атат.

«Азаттык»: Ушуга кошуласызбы Эмил мырза?

Эмил Үмөталиев: Мурдатан эле толкундандатчу эле. Азыр ички кээ бир маалыматка көбүрөк ээ болгондуктан мен буга ого бетерден толкунданып, ого бетерден терең ойлончу болдум. Биз элибиз ар бир жөнөкөй жеке адамдан баштап ишканалар көпчүлүк учурда акча сураганды билет экенбиз, акчаны гана сурайт экенбиз, доолайт экенбиз, анан доолаганда эмнеге керектейбиз, кандай өндүрүшкө керектерибизди далилдей албай, биз өзүбүзгө эмнени керектейбиз ошону гана далилдейбиз. Биз кандай пайда алып келерибизди далилдебейбиз. Тилекке каршы, жеке адамдан ишканага чейин эмес, мамлекеттик бийик тармактарга чейин ошондой аң-сезимде экен. Мен ушунчалык терең экендигине мурда ишенбептирмин. Бүгүнкү күндө мамлекеттин бийигирээк деңгээлдеги чиновниктердин талкуулаганда, чечим чыгарганда өндүрүшкө кандайча шарт берүүнүн жолун изденбей, сурап алып, анан аны таратып берүүнүн гана жолун изденүүдө чоң кемчиликтер.


«Азаттык»:
Эмил мырза, «Кыргыз концепт» ийгиликтүү фирмасын түзгөнсүз Кыргызстанда, реформаларды жүргүзөм деп келгенсиз да. Бирок ишке ашпай жатат, ким тоскоолдук болуп атат?

Эмил Үмөталиев:
Биринчиден, эч нерсе ишке ашпай калды деп айта албайм. Мен өзүмдүн жетишкендиктерим бар. Бүгүнкү күндө көпчүлүк ушул кырдаалдын оордугуна жараша чечкиндүү иштерге жол берилбесе дагы, биз көп нерсени коргоп калдык. Мисалы ушунча айдан бери экономика тармагында, же биздин министрликтен жаман мыйзам, жаман демилге чыкты деп эч ким бизге бет ачар кылалбайт. Биз жыл сайын кандайдыр бир ишкерлер, экономика субъектилери, кандайдыр бир деструктивдүү, зыян келтирген оорчулукка алып келген, же болбосо жөнөкөй кишилердин укугун тепселеген жаңы мыйзамдарга коргонуп эле жүрчү элек. Мурдагы жол менен келаткан мыйзамдардын көпчүлүгүн токтоттук. Күчүбүздү, убактыбызды ошого жумшап атабыз.

«Азаттык»: Бирок сиз чын айтпай жатасыз да өзүңүз, чын дилиңизден айтынызчы, сиз бийлик бутагына келип министрликти жетектегениңизге ыраазысызбы, жасап жаткан ишиңиз купулуңузга толуп жатабы?

Эмил Үмөталиев: Мен жөнөкөй сөздөрдү пайдаланбайт элем. Бул өтө оор жооптуу маселе. Мен бүгүнкү күндө бул жерге жардам бергени келгем. Менин ордума эгерде башка киши келип калса ким билет бүгүнкү күндө биз коргогон маселелерди коргобой, элге керексиз мыйзамдар чыгып кетиши мүмкүн беле. Анткени бийликте күнүнө талкуулар болуп атат. Ал жерден ундун, башка азык-түлүктөрдүн, башка экономикалык чаларадын кандайча ишкерлерге, же кандайча экспорт, импортко, же бажы регуляторлорунун кандай таасири тийиш керек, өйдөлөтүш керекпи, ылдыйлатыш керекпи, жоюш керекпи, же киргизиш керекпи деген талкуулар күнүгө саат сайын болот.

«Азаттык»: Бирок бизге түшүнүксүз ушул талкуулардын жыйынтыгы, жөнөкөй эле түшүндүрүп бериңизчи?

Эмил Үмөталиев:
Биздин демилге боюнча мурдагы кирген импорт унунун ар бир килосуна 3 сом бажы пошлинасы бар эле, ошону биз ылдыйлаталы деп демиле чыгарганбыз, ошол демилгебиздин артында турабыз азыр. Сөзсүз ылдыйлайт. Кымбаттайбы, кымбаттабайбы деген маселе жалаң гана министрликтен эмес, дегеле Кыргызстандан таасир этпейт. Анткени Кыргызстан Орусиядагы жана Казакстандагы ун чыгаруучуларынын жана ун продукциясынын көлөмүнөн таасир этет. Ошондуктан эгерде дүйнө жүзүндө баасы көтөрүлүп атса, сөзсүз түрдө Кыргызстанда да көтөрүлөт. Аны эч качан жашырбаш керек, эч качан калп эле жаап-жаппаш керек.

«Азаттык»: Аскар мырза, сиз ушул кризиске каршы планды аябай сындап жатасыз, эмнеси жакпай жатат сизге?

Аскар Бешимов: Беш ай мурун эле азыр бийликте отургандар оппозицияда жүргөндө өздөрү эле айткан, Бакиевдин үй-бүлөлүк режимин критика кылганда, абдан чоң көмүскө экономикабыз бар, коррупциябыз бар, анын ичинде, булактарында оңбогондой акчалар бар. Ошолорду ачыкка чыгаруу менен биздин жардамыбыз, биздин салымыбыз жөнүндө бир дагы сөз жок. Ошону анык айтып кеткенде мурункудай эле сын пикирлер айтылган, газ эл үчүн Өзбекстандан 220 доллардан келет, эл үчүн орточо алганда 360 долларга сатылат, 140 доллар кайда кетет деген суроого эмдигиче жооп жок мурункудай эле. Бир киловатт саат электр энергия чыгарган 6 тыйын, жалпысынан 70 тыйынга сатылат, ошонун ортосунда канча айырмасы бар. Дагы эле кризиске каршы планда энергосекторго бизге акча бергиле деп атышат. Акыркы 4 жылдын ичинде, мен ойлойм, азыр кыш келет, жылуулукту сактайбыз дегенде эле ТЭЦке дагы эле акча керек, дагы эле котелдор бузуллду дейт. Бирок үч жылдын ичинде депутаттар болгондо айтылган, 80 млн. доллар Дүйнөлүк банктан келип, ТЭЦтин баарын эки эсе алмаштыргандай болду эле. Бирок көрүнүш дагы эле ошондой. Биздин өзүбүздү-өзүбүз бакканга мүмкүнчүлүктөрүбүз бар, ошол эле биздин айыл-чарбабыз, ошол эле тигүү секторубуз. Биз жактан ой туулуп атат, азыр саясий жактан турктуулукка жетели, коопсуздукту бекемдейли, анан кийин убакыт жетет экономикага өтөбүз. Бирок менин оюм боюнча ал туура эмес, себеби экономика түз жөнөкөй элге таасир этет. Ачык эле айтыш керек, биздин изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча күздө баалар кымбаттайт.

«Азаттык»: Канчага кымбаттайт, чеги канча болот?

Аскар Бешимов: Булактарына караганда жок дегенде 8-9 пайызга, айрым көп товарларга 25 пайызга чейин кымбаттайт. Ошол эле учурда доллардын өсүшүн өзүңүздөр көрүп атасыздар күн сайын. Бул эмне дегендик? Бул деген элдин жашоо турмушу мындан дагы ылдыйга түшөт. Бул жалпы бийликтин баа берүүсү. Мага деле кыргыз жараны катары бийлик план түзөбү, программа түзөбү менин турмушум жакшырак болсо ошол бийликке баа берүү деген.

«Азаттык»: Эмил мырза, айтсаңыз энергетика биринчи төр приоритетте турат деп, экинчи туурабы, ошондо ошол көмүскөдө калган акчалар чындап эле кайда деген суроого жооп тапса болобу азыр?

Эмил Үмөталиев: Жок, бирок так энергетика жөнүндө суроолорду, биздин энергетика министрлигибиз бар эмеспи, ошондуктан эмки чыгарууларда ошолорго суроо берсеңиздер.

«Азаттык»: Бирок программага кирбей калган да ошол эсептөөлөр?

Эмил Үмөталиев: Программага кирген. Программада коопсуздугу жөнүндөгү чаралар кирген. Бирок азыркы айтылып аткан конкреттүү суроолорду ушул министрдин өзүнө берсек жакшы болот эле. Мен анын ордуна жооп берүүгө укугум да жок.

«Азаттык»: Аскар мырза, сиз айтып жатпайсызбы эл өзүнчө жашайт, өкмөт өзүнчө жашайт деп. Мисалы Эмил мырза деле ийгиликтүү бизнесмен болгон, бирок бийликке келгенде кыйынчылыктар болуп жатат деп атпайбы. Сиз деле бийликке келсеңиз, “кыйратам”, “реформаларды жүргүзө алам” деген сөздөр калп болуп калат беле? Кыйынчылык эмнеде?

Аскар Бешимов: Биринчи эрк керек, экинчи жоопкерчиликти өзүнө алуу. Азыр эми көрүп атпайсызбы, бир миллиарддан ашык кризиске каршы план чыкканы менен, жоопкерчиликтүү адам жок. Эми билбейм күзүндө бир партия утуп алып эле партия өзүнүн моюнуна албаса, бирок менимче бийликке келгенде Эмил Сатаровичке деле сунуш киргизет элем коопсуздук, жалпы экономикалык саясий туруктуулук, бирок ошол эле учурда биздин кандай ишкерлерге жардам берүү боюнча сунуштар киргизилип, ал азыртан эле кабыл алыныш керек, азыртан эле талкулоого тийиш болуш керек, анан башка убакыт 2011-2012-жыл деп өтпөстөн. Себеби бул күндөн күнгө бизге таасир этип атат.

Бизде түштүктө Ошто окуялар андан беш-бетер биздин экономикалык тартыштыкты күчөттү. Бирок негизи 2008-жылдан баштап биз ылдыйлап атабыз. Баягы Кытайдан эбегейсиз келген товарлар бекеринен Казакстан, Орусияга сатылып жүрүп, мына Бажы союзу түзүлдү, ошого күндөн күнгө бөгөт коюлуп атат, ошол булактар бизде жок. Ошого мына 2009-жылы 26 пайызга тышкы соода көлөмү түштү. Эми 2010-жылы түштүктөгү окуялар болбогон учурда андан беш бетер түшөт эле. Бул эмне деген? Бул акыркы үч-төрт жылдын ичинде биз ылдыйлап кетип атканыбыз.

Бирок ошого чара көрүп, ошондон чыгып кетүү боюнча бир чечкиндүү кадамдар керек болуп атат. Чечкиндүү кадамдар айрыкча соода саясатыбызда, айрыкча биздин бюджет саясатыбызда, биздин ички экономиканын түзүлүшүн өзгөртүү боюнча. Эми биз барыбыз азыр саясатка кирип кеттик, бүгүн эптеп саясатты бир нерсе кылып алалык, анан эртең экономика эл үчүн болсун деп.

Эмил Үмөталиев: Биз чындыгында эле чечкиндүү иштерди жасасак болот эле, биз ушул ишкананын иштешине шарт түзүп берүүгө көбүрөөк көңүл бурсак болот эле. Биз кээ бир учурларда ушул ишкананы барып карап атабыз, же болбосо ишкананы көзөмөл кылып атабыз деп же кийлигише баштайбыз, же өтө эле анын ордуна бир иштерди жасап жибергиси келет. Чындыгында биз ишканалардын иштешине шарт түзүп берүүгө көбүрөөк жол түзүшүбүз керек эле.

Бүгүнкү күндөгү кырдаалда соода чек араларыбыз өзгөрүлүп турган кезде көбүрөөк ишканалардын ишкерлик эркиндигине жол ача турган соода эрежелерди, бажы эрежелерин түзүп беришибиз керек эле. Тоскоолдук кылбай жеңилдетип беришибиз керек. Бүгүнкү күндө дагы оорчунду маселе, бул бүгүнкү күндөгү телени көрүп аткан ишкерлер, же болбосо чоң ишканалардын жетекчилери угуп отургандыр кээ бир ишканалар келет экен биздин продукцияларыбыз конкуренттүү болбой атат, бизге сырттан келген импортторго чектөө коюп бергиле деп.

Ушул нерсе, мен ойлойм, бир-эки ишкананы коргойбуз деп протексианисттик саясат эч качан өзүн ийгиликке алып келген эмес 20-кылым аны далилдеди. Өзгөчө Кыргызстандай кичинекей өлкө үчүн бул абдан коркунучтуу нерсе. Биз ошол бир-эки эскирип калган ишкананы коргойбуз деп чындыгында башка топтолгон ошол импорттук продукциясын пайда кылган жана башка продукцияларды чыгарган көптөгөн майда ишкерлердин ишин конкуренттүүлүгүн ылдыйлатып коюшубуз мүмкүн. Ошон үчүн чектөөлөрдөн алыс болушубуз керек.

Аскар Бешимов: Бул мен ойлойм,, Эмил Сатаровичтин өзүнүн жекече ою. Президентибиз Роза Исаковна Астанада айтты, биз Бажы союзуна киребиз деп. Ал эми Бажы союзунун жалпы стратегиялык багыты протекционизм. Либералдуулукту жоюп, бүт импортко бөгөт коюп, он жарым пайызга бажы пошлиналарды көтөрүү. Ошонун ичинде соода саясатын жаңы бажы кодекси боюнча өткөрүү. Ал жерде либералдуулук жөнүндө бир дагы сөз жок.





«Азаттык»: Бизге Фейсбук баракчасынан дагы суроолор бар. Эмил мырза, сизге Анарбек Калыков деген колдонуучудан бир суроо. Азыр чек аралар жабык да ээ?

Эмил Үмөталиев: Чек аралар тилекке каршы жабык. Бирок кечээки КТРдин маалыматы боюнча, жана Бажы, Чек ара кызматкерлеринин маалыматы боюнча төрт чек ара постунан башка дагы эки чек ара жайы ачылыптыр, ошону менен бирге он эки чек ара постунан азыр алтоо ачык болуп турат.

«Азаттык»: Жабык учурунда кандай таасирин тийгизди?

Эмил Үмөталиев: Абдан оор таасирин тийгизди. Чек араны ачуу маселеси бул абдан оор маселе. Муну биздин тышкы саясат жүргүзүүчү мамлекеттик органдарыбыз, анан мамлекет башчыларыбыз күнүгө чечүүгө аракеттенүүдө. Бирок биз бардыгыбыз даяр болушубуз керек ушул кырдаалда эгерде тышкы тоскоолдуктар болуп атса, анан ошого эле такалып, аны чечүүгө аракет кылуу менен бирок ошондон гана турмушубузду таасирлентип отуруп калбашыбыз керек, биз изденишибиз керек. Анан ошол тоскоолдукту аттап өтүүгө изденүүчү ишкерлер бизден табылды. Биринчи эле күндөн баштап, мисалы жеңил өнөр жайында иштеген ишкерлер жаңы жолдорун таап, мурда кичинеден топтоп унаа менен жиберген соода продукцияларын көбүрөөк топтоп туруп, аба жана темир жолдору менен жиберип, өздөрүнүн рынокторун жоготушкан жок.

Аскар Бешимов: Бул жерде бир кызык абал түзүлдү. Ошол эле Казакстандан деле ар бир барганда, өзүңүздөр деле көрүп атасыздар, КТРден деле көрсөтүп атат, бул абдан чоң жетишкендик, мына бизге 10 миллион берди бекер, техникалык жардам бул дагы бекер. Мына көрсөтүп атышты Азербайжан 100 миң доллар берди. Бул сүйүнүч болуп кабыл алынып атат. Менин оюмча мындан уялыш керек, бекер оокат да.

Эми чек аранын жабылышы боюнча, Казакстандан биз күнүгө суранып атабыз. Ошол боюнча биз өзүбүзчө дагы караштырып, айтып атабыз. Казакстан менен Кыргызстандын арасында болгон эки тараптуу, ЕврАзЭстин ичинде болгон келишимдерге чек ара жабылганы карама каршы келет. Бул дал келгени Бажы союзуна Казакстан кирип, ошол жерде импортко бөгөт коюп, ошонун ичинде атайын алар өзүнчө өкмөттүн отурушун өткөрүп Кыргызстандан, Кытайдан келген экспортко кандай бөгөт коебуз деп, ошол боюнча чечим кабыл алынгандыр.

Бирок бул учурда юридикалык жактан эч бир дал келбейт Ал себептүү биз эч нерсе деп унчукпайбыз. Биз деле баягыдай тилемчи болуп сурагандан кийин бетке кандай айта алабыз "силер бул кандай карама-каршылык кылып атасыз" деп. Биздин колдон келбей жатат. Ошол эле Дүйнөлүк соода уюмунун ичинде Казакстан дагы мүчө болуп кирип, анан ошол жерде алдына милдеттенме алам деп атат да, либералдуу өткөрөм башка өлкөлөргө дискриминация кылбайм дегендей.

Дүйнөлүк соода уюмда биз да көтөрсөк болот, эмне себептен Дүйнөлүк соода уюмуна мүчөлүккө кирем деген өлкө бүгүнкү учурда мына бизге каршылык дискриминация кадамдарды кылып атат. Ал аз келгенсип, мен ойлойм, бул жалпысынан айтылып аткан сөз, ошол Казакстан кире турган жумушчу топ бар, ошого биз мүчө болуп эбак эле кол коюп бергенбиз эч Казакстанга дооматыбыз жок деп. Ошол  протоколду чакырып алса болот. Ошонун кесепетинен бүгүнкү кейпибизди кийин отурабыз. Мындан ары дагы турмуш начарлайт, бул ачыктан ачык айтылган сөз.

«Азаттык»: Аскар мырза айтсаңыз, сиз тышкы иштер министринин орун басары болуп канча жыл иштедиңиз?

Аскар Бешимов: Тышкы иштер министринин орун басары болуп 3 жыл иштедим, жалпы ошол системада 15 жыл. 95-жылы мен жөнөкөй эле адис катары киргем. 15 жылдын ичинде бүт тепкичтен өтүп, элчиликтерде иштеп, акыркы үч жыл тышкы иштер министринин орунбасары болуп иштедим. Ошонун ичинде экономикалык кызматташтык боюнча бул менин жоопкерчилигим. Ошон үчүн мен айтып атам бул келишимдерге дал келбестигин.

«Азаттык»: Сиз Бакиев, Акаев учурунда иштегенсиз, ушул системаны түптөөгө күнөөлүмүн деп, салымым бар деп эсептебейсизби?

Аскар Бешимов: Тиешем бар ага сөзсүз түрдө. Бирок мен ал убакта саясатка кийлигишүүнү туура эмес көргөм.

«Азаттык»: Ушул системаны түптөгөнгө демек күнөөлү эмесмин, салымым жок деп эсептейсиз?

Аскар Бешимов: Салымым бар. Моралдык жагынан, үч жыл иштегениме министрдин орун басары болуп, ал дагы сөзсүз түрдө мага да тиешелүү.

«Азаттык»: Эмил мырза, өрт өчүргүчтөр деп жатышпайбы техникалык өкмөттү, сизди дагы. Ошол утурумдук чукул чаралдардан тышкары экономиканы өнүктүрүү үчүн чечимдер кабыл алынып жатабы, стратегиялык максатта? Мисалы Кыргызстан 10 жылдан кийин, 5 жылдан кийин кандай акыбалда болот деген. Ошого таасир берчү чечимдер кабыл алынып жатабы жана кайсы чечимдер, айтып кетсеңиз?

Эмил Үмөталиев: Сөзсүз түрдө, эң биринчи иретте биз бүгүн мурдагы Конституцияга, мурдагы саясатка таянып, экономиканын баарын бир гана топтун колуна тапшырып берип жана бүт шарттын барын ошол аз топторго гана берип, жеңилдетип жана башка жөнөкөй калкка, майда ишкерлерге түзүлгөн оор шарттарды бүгүн кайрадан өзгөртүп, чоң ишканаларга калыс конкуренттик шарт түзүп берүүгө саясатты куруп жана майда, чакан, орто ишканаларга жеңилдетилген шарттарды түзүп берүүгө күчүбүз жетип атат. Ошону тынбастан аткара беребиз бүгүн бийликте болобузбу, бийликтен кетебизби.

«Азаттык»: Конкреттүү эмне деген чаралар?

Эмил Үмөталиев: Экономикалык чаралар деген көп инструменттерден таасир этет. Бул бажы чаралары, техрегулирование деп коет, продукциялардын чыгарылышына кандай мыйзам тоскоолук кылат, же жеңилдик берет, салык кодекси жана салык саясаты, лицензия, уруксат берүү, сертификация деген ушундай мамлекеттин кийлигишүүсү же шарт түзүп берүү саясаты. Ушул экономикалык көп инструменттеринин бардыгын тең биз бүгүн башкача иштетүүгө буруп атабыз.

«Азаттык»: Жакында парламенттик шайлоолор болот, ушул партиялардын арасынан сиз көрүп жатасызбы, экономикалык программасы түзүк, популисттик эмес кадамдарга барган партиялар барбы?

Аскар Бешимов: Менин билишимче азыр 3-4 эле партия экономикалык багыт боюнча жалпы программалык багыттарын айтты. Бирок уккандан кийин бир жылдын ичинде биз газ менен өзүбүздү муктаж кылабыз деп, мунун баарында сыйкырдуу таякчасы бар окшойт деп ойлойм.

«Азаттык»: Эмил мырза, өнүктүрүү инвестиция инновациялар боюнча агенттигинин тагдыры кандай азыр? . Сиз айттыңыз эле анын макамы Экономикалык тескөө министрлигине өтөт деп?

Эмил Үмөталиев: Ал жоюлган, жоюлуу жолунда.

«Азаттык»: Ошол ишке азыр ким жооптуу?

Эмил Үмөталиев: Биз жооптуу болушубуз керек эле. Бизге толук бойдон ыйгарылып берилсин деп талап кылып атабыз. Негизинен бизге жүктөлгөн. Бирок кээ бир дагы кандайдыр бир бюрократиялык талаш тартыш болууда, тилекке каршы.

«Азаттык»: Кандай?

Эмил Үмөталиев: Кээ бир топтор толук бойдон эле Экономика министрлигине эмес дешүүдө. Менин түшүнүгүм боюнча, биз эгемендүү мамлекет катары экономикалык саясатты Экономика министрлигине мамлекеттик орган катары толук бойдон тапшырышыбыз керек дагы, ошол министрликтен жоопкерчиликти сурашыбыз керек. Эгерде биз мурдагыдай эле экономика саясатын чачыранды кылып, Каржы министрлигине  жарымын берип, тияк-биякка чачырата берсек, анда саясатыбызды жоготуп коебуз.

«Азаттык»: Азыр ыйык Рамазан айы, сиз өмүрүңүздө пара алып көргөнсүзбү, же пара берип көргөнсүзбү?

Эмил Үмөталиев: Жок.

«Азаттык»: Сизчи?

Аскар Бешимов: Жок.

«Азаттык»: Чын айтасызбы?

Аскар Бешимов: Чын.

«Азаттык»: Рахмат.

Бул шерине жабылды, бирок анын мазмунун "Фейсбуктагы" барагыбыздан (www.azattykplus.kg) андан ары талкуу кыла аласыздар.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Асангайгы каяктан: Теңиртоо
03.09.2010 08:28
бул <<ыңгайсыз суроолор>> аттуу берүүңөр Бүбүкан Досаалы кызы менен кошо кетти. кайра жаралышы мүмкүн емес. теги азаттыктын жаматы айтып койгулачы Б. досаалы кызы кайда кетти. Бүбүкан нее бети калың бетсиздерди эл алдына алыпчыгып алып бетке сайып өлөр жери безке сайып элдердин моокумун кандыруучу еле. бул кыз...

кимден: Байыш каяктан: Бишкек
02.09.2010 15:07
Ай силер жон эле Досалиева кайда кетти деп ызычуу болуп жатыпсынар. Ал бийликке кеткен турбайбы. Кап бир мыкты журналист кайып кетти. Элдин моокумун кандырган так тилдуу журналистке азайды. Ал элдин конулун которуп, шык берип турчу.Эми анын ордун басчуларга чон жук! Аны которо алышсын деп тилейм.

кимден: Фатима каяктан: Россия
01.09.2010 15:56
Чын эле айтканда мен Б.Досалиева эженин суроолорун уккум келет. Ал билимдуу да, суйкумдуу да, жини келгендер деле ачуусун басып калышат го. Бул жерде видео коргондо кыргыздын аялдары ушундай деп сыймыктанабыз. Анан тажрыйбасы кучтуу экени корунуп турат. ошол тажрыйбаны ал жаштарга уйротушу керек. Анан тажрыйбалу кишилерди башкалар да сыйлаш керек. Орустардын бир жакшы жери бар экен. Тажрыйбасы болсо соссуз сыйлашат, анан опытын алышат.Досалиевадан уйрончу коп нерсе бар. Мен деле журналист болсом уйронот элем деп коем кееде.Эми барсам соссуз барам Азаттыкка. Тажрыйбасы жок адам такыр баалабнбайт.Бар болунуз эже, ден соолукта юолунуз!

кимден: NAZAR каяктан: KOREA
30.08.2010 15:54
Aiyda Kasimalievaga i6ihe yigilik!!Ja6 jurnalisterdin aldihkillaryna kiret dep oylom.Tajruyba ubakyt menen kelet.

кимден: Лазат каяктан: Кыргызстан
30.08.2010 11:16
Замандаштар!
Кыргызда "бойроктон шыйрак чыгарып" деген сонун соз бар.Анын сынарындай бул программаны, андагы которулгон теманы талкууга албастан, "иий,оой, Досалиева болгондо,....." дей берипсиздер го. А мен болсо, жаны алып баруучу Аида Касымалиева менен бул программанын жаны дем, куч менен чыга баштаганы жалпы корормандар жана УТРК денгээлинин осушуно оз салымын кошот деп ойлойм. Чынында эле, оз кесибин мыкты билген жон билгилердин маеги болуптур. Анан азыркы убакта олкобуз учун олуттуу тема которулгон.

Азаматтсынар Азаттык жана анда эмгектенген журналисттер.
Ишинерге дагы ийгилик.

кимден: Sher каяктан: Bishkek
28.08.2010 17:19
Чын эле Бубукан Досалиеванын суроолору ото эле курч. Оторбаев кеткенде эми анын ордунда башканы корбойм деп ойлочумун. Бирок Досалиева ал орунду жоктоткон жок. Азаматсыз! Так держать! Отпускага чыгып, кайра чон куч менен менен келесиз деп ишенгим келет.

кимден: Вериниса каяктан: Бишкек
28.08.2010 14:49
Мен да Б.Досалиеваны издеп жатам.Ал кайда? Ынгайсыз суроолор аны менен еле корктуу эле. Аны коргун келип суроолорун уккун келе берет.Анын суроолру аябай кызык, бирок акырын эле жылдырып согуп коет. Анан ал Кыргызстандын патриот деген аялдарынын бири, анын суроолоруна жооп таба албаган канча тынчыкма болду.Угуп алып кулкун келет. Аял берген суроого жооп таба албаганадан кийин акылдуу аялдарга таазим кылышы керек

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
28.08.2010 04:23
Азаттык ушул теманы туура которгону эн туура. Эми ушуну менен бутуруп, жыйнап койбой дагы, дагы коп жолу талкууга салып тургула деп суранат элем, себеби Кыргызстандын экономикасын которуу биринчи приоритетте турат деп ойлойм. Биринчи олкобуздун экономикасын которуубуз абзел, андан кийин деле, баягы тугонбогон сысык саясатты суйлой берсе боло берет. Бул эки акылдуу жетекчилер, бир жакшы, олкобузго ото маанилуу нерсени белгилеп кетишти, бул ЭКОНОМИКАЛЫК ЭРЕЖЕЛЕР. Олкобуздо эффективтуу иштей турган, олкобузго чон пайда алып келе турган эрежелер жокко эсе. Ошон учун ушул эрежелер тууралуу, Азаттык дагы бир передача кылып, корсотуп койсо, олкобуздогу жалпы ишкерелерге жана элге пайдалуу болот эле.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган каяктан: Evropa
28.08.2010 02:21


Kechiresisder Bybykan Docalieva es alyyga ele chuktubu je ordyn kotordyby? Men byl peredachanu al ejebisis elestete albaim...

кимден: Bek каяктан: Germany
28.08.2010 01:42
Askar Beshimov myrzanyn jooptoruna koshulam al emi Emil Ymotaliev myrza bolso kyiyr tyrdo joop berip koiup kutulup ketti.

Ekonomikalyk turuktuuluk, osyp onygyy bolmoiuncha, saiasii stabildyylyk bolboit. Ekonomika, eldin jashoo sharty saiasii stabildyylyko tyzdon tyz taasirin tiigizet.

Al emi azyrky okmot bolso birinchi saiasii stabilodyylyk ornotup anan ekonomikany onyktyryshot eken.

Kim ishenet?
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Тоң жер менен алышкан энергетиктер

Катуу сууктан электр энергиясын керектөө Бишкекте кескин жогорулап, авариялык өчүүлөр болуп жатат. (MiT)