Жума, Май 18, 2012 Бишкек убакыты: 09:50

Кыргызстан

HRW: Кыргызстанга тез арада эл аралык полиция киргизиш керек

Human Rights Watch уюму Кыргызстанга тез арада эл аралык полиция киргизүү керектигин жана токтоосуз эл аралык иликтөө баштоо керектигин айтууда. АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Майкл Макфол болсо кыргыз өкмөтү Ош менен Жалал-Абадга эл аралык полиция күчтөрүн киргизүүгө макулдук беришкенин билдирди.

x
Текст көлөмү - +
Human Rights Watch уюмунун Кыргызстандагы кырдаал боюнча тынчсыздануусу - адам укуктарына байланыштуу.

Аталган уюм кыргыз бийлигинен тез арада июнь окуясына себепчи деген негизде өзбек тектүү жарандарды жөн жеринен кармап-камоону токтотууну, тергөө учурунда аларды кыйнабоону талап кылууда. Ош жана Жалал-Абадда күч органдары адам укуктарын бузуп аткандыгы тууралуу маалыматтарды Human Rights Watch уюму аталган аймактагы кызматкерлеринен алып атышканын, өз кезегинде аларга мындай укук бузуулар тууралуу фактыларды ишенимдүү булактар жеткирип атышканын билдирет. Ошентсе да Human Rights Watchтун билдирүүсүндө денеси көк ала болгондордун сүрөттөрү жана өзбек тектүүлөрдүн айтып бергендеринен башка конкреттүү фактылар бар экени айтылган эмес.

Уюмдун билдирүүсүнө караганда, мындай укук бузуулар июнь окуяларын объективдүү, калыс иликтөөгө жолтоо болот жана кырдаалдын мындан ары курчуп кетишине жол берет. Уюмдун кызматкерлери өздүк иликтөөлөрүн жүргүзгөн учурда күч органдарынын аракеттеринен улам ондогон адамдын денеси көк ала болгон фактыларды, ал тургай мындай аракеттерден улам бир адам көз жумганын катташкан делет.

Human Rights Watchтун жетекчисинин өзгөчө кырдаалдар боюнча орун басары Анна Нейстаттын айтымында, 16-17-июлда Астанада өтчү ЕККУнун тышкы иштер министрлеринин жолугушуусунда, биринчи маселе катары Кыргызстанга эл аралык полиция күчтөрүн жайгаштыруу маселеси каралышы керектигин билдирет.

АКШ президентинин атайын жардамчысы Майкл Макфол болсо кечээ күнү кыргыз бийлиги эл аралык полиция киргизүүгө макулдугун бергенин билдирген. Human Rights Watch сыяктуу эле ал да өзбек тектүүлөрдүн укуктары көбүрөөк бузулуп аткандыгы тууралуу маалыматтар бар экенин айтат:

- Кошмо Штаттар Кыргызстанда адам укугунун сакталышы, айрыкча өлкөнүн түштүгүндө, өзгөчө кыргызстандык өзбек улутундагы жарандардын укугунун сакталышында биртоп өксүктөр бар экендигине тынчсызданууда.

БЭК партиясынын негиздөөчүсү, Убактылуу өкмөттө сот жана прокуратура тармагын тейлеп келген Азимбек Бекназаровдун айтымында, М.Макфолдун жана Human Rights Watch сыяктуулардын өзбек улутундагылардын укуктары көп бузулуп атат деп айтуусуна негиз жок. Эгерде эл аралык күчтөр ушул нерсеге таянып Кыргызстанга полиция киргизе турган болсо, анда бул эгемен өлкөнүн ички саясатына кийлигишүү, касташууну күчөтүү болуп саналат:

- Ошондой маанайда, ошондой негизде келатабыз десе, анда бул биздин ички саясатка кийлигишүү болуп эсептелет. Бул тескерисинче улуттар аралык жакындашууну эмес, улуттар аралык касташууну күчөтөт. Анткени алар бир тараптуу иш жүргүзүп, бир тараптуу пикир айтканга негиз жок. Кыргызстанда жабыр тарткан – бул кыргыз эли, кыргыз улуту болуп атат. Менин жеке пикиримде эл аралык полиция киргизүү терс таасирин тийгизиши мүмкүн.

Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылынын тургуну Салтахан Жолдошева баласын милиция алып кетип калганын, барышса көргөзбөй коюшканын айтат:

- Кечинде талаадан келген баламды алып кетип калышты. Саат бештер болчу. Барганыбызда комендант бизди киргизбей, баламды көрсөтпөй коюшту...

ЕККУнун полиция күчтөрүн киргизүү маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдү Кыргызстандын тиешелүү бийлик органдары биргеликте жүргүзүп атышат.

Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык уюмдар жана коопсуздук департаментинин жетекчиси Сейит Убукеев “Азаттыкка” билдиргендей, азарынча ЕККУнун полиция күчтөрүн киргизүү маселеси талкуу процессинде турат. Анын айтымында, бийлик бул боюнча тынымсыз сүйлөшүүлөрдү өткөрүп атканы менен алардын кирер-кирбеси тууралуу маселеге чекит коюла элек.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Сагын Айнакулов каяктан: Бишкек
18.07.2010 19:28
Кимден: Алмаз каяктан: Ош
15.07.2010 19:46
Биз алыскы эле эмес жакынкы Афганистан, Иракты алып королу. Америка кирген жер эч качан ордуна келбейт, калк айтса калп айтпайт "90-чу жылкы Ош коогаланын деле СССрдин адамдары кирип Озбек улуттарынан кп суммадагы акча алып коп кыргыздарды каматып ийген деген". Биз башкага ишенсек, анда биз кыргыз деген улутту очуруп ташташыбыз керек. Кыргыздар оз эл жерин озу коргоп Кыргызстан деген жерди туптоп келген, эгерде силер жери жок Цыган, Курт улуттарын карап коргуло жери жок ар жерде сангып журушот, а биз Кыргызстан деген жерибиз бар эй туугандар. Эгерде биз эл аралык байкоочу деп Американы киргизсек , секинден бизди алдап туруп Озбекстанга Ошту откоруп жуберет. Эй кыргыздар ойгонгула... жоо келе жатат...
-------------------------------------------------------------------------------------------------------

Алмаз, ты прав! Можем потерять не только Ош, но и весь юг.Оз кучубуз менен эле порядок кылып коёбуз. Гумжардам, финжардам келе берсин. Не против мы...

кимден: Сезим каяктан: Ош
16.07.2010 12:12
Мен кыргызмын. Ошто жашайм. Тополоңду чынында өзбек улутундагылар баштады. Бирок бардык өзбектер эмес да. Менин өзбек курбуларым, кошуналарым бар. Алар да кыргыздарга окшоп жапа чегип, коркуп отурушту. Чындыгында айылдардан кыргыздар келбегенде Ошто аябай жаман кан төгүлмөк. Бирок НААРАЗЫ болгон жерим, дүкөн, ишканаларды өрттөгөндөрү болду. Ал жерлерде канчалаган кыргыздар деле иштечу. Баары жумушсуз отуруп калышты. Менин машинемди кыргыз эле балдар токтотуп, "сен бара бер, бизге машина керек, кийин кайтарып беребиз" деп алып кетишип,ошол бойдон беришкен жок. Тааныш агаларым менен барып, балдарды кармап милицияга да алып бардым,мурдатан каракчылык,уурулук кылып милицияга түшүп жүргөн жигиттер экен.
Оперлердин баары менен тааныш, участокто өз үйүндө жүргөндөй ээн-эркин менттер менен кол алышып көрүшүп жүрүшөт. Тергөөчү мага "тополондо ар кандай иш болду, сени өлтүрүп койбогонуна ыраазы болуп, арызынды кайтарып ал, кыргыз балдар экен,өзбек болгондо машиненди албаса да мойнуна илип,төлөтүп берет элек"дешти. Машинемди минип кеткен бала, мени шылдындап күлүп чыгып кетти. Туура, канча адам өлдү,дайынсыз жоголду. алардын жакындарынын абалын түшүнөм,жана кайрат айтам. Бирок мен да машина алуу учун канча жыл бешене тер төгүп иштегем кыргыз жигиттери намыстары болсо машинамды кайтарып беришсе болот эле да. Мен жабырлануучу болуп туруп, кылмыш кылган балдарга, милицияларга шылдын болдум го. Милиция кызматкерлери өздөрү бир нерсесин жоготушса,бейкүнөө жигиттерди токмоктоп мойнуна алдырышат го. Чыныгы кылмыш кылган балдарды кармап келсем да жогорудагыдай мамиле кылышты. Демек, кыргыз кылмышкерлер жайма-жай кайра кайра кылмыш кылып эркин жашай беришет экен да. Анда адам укугу эмне болот? Кыргызстанда ушундай абал улана берсе, кыргыз улутундагы кылмышкерлер жаза албаса анда Кыргызстан криминалдуу мамлекет болуп кала берет го. Анткени милиция менен кылмышкерлер чырмалышып биригип кеткен да. Улутуна карабай кылмыш жасаган адам жазасын алыш керекпи же кыргыз улутундагы кылмышкерлер Мыйзам алдында жооп бербейт деген жаны Мыйзам чыкканбы? КЫРГЫЗ МИЛИЦИЯСЫ БУГА ЧЕЙИН ДЕЛЕ ИДЕАЛДУУ ИШТЕГЕН ЭМЕС,ЭМИ АЛАРГА БИРОТОЛО КУДАЙ БЕРДИ.

кимден: Улукбек Бакыев каяктан: Москва
16.07.2010 10:26
Башкарыш колунардан келбесе эмнеге бийлик талашасынар???!!!
Силердин ойунарды тушундум,башкара албай жатасынар туштук тарап нааразы.Кыргыз эл дагы толкуп чыгышы мумкун, а силерге болсо бийликтегиордунарды сактап калышынар керек!!!Эл толкуса бизди сырттагы кучтор басып турат ошон учун кайра-кайра бир Орустарга бир демократтарга кайрылып жатасынар!Хамид Карзайдын тактикасын колдонуп жатасынарбы?Кыргыз которулсо сыртагы кучуно дагы карабайт жана коркуп эч качан жанын аябайт.!!!

кимден: орозбек каяктан: Ош
16.07.2010 10:08
Эч кандай эл аралык полиция дегендеринин кереги жок. кыргыз мамлекети озунун уй-булоолук чатагын эшикке чыгарбай озу чечиш керек. Эгерде эле ошондой полициялар кире турган болсо, "теменедей ишин теректей" , "оймоктой ишин ороктой" болуп, бул жангал очпой эле тутанып кетиши мумкун. Ошондуктан эсибиз барда этегибизди озубуз жабалы.

кимден: Aika
16.07.2010 09:50
ЕККУнун полиция кучторун киргизууго жол жок! Кыргызстан - экинчи Афганистанга айланышына кыргыз эли каршы! Окмот буга макул болсо да эл эч качан макул эмес экенин билип койгула, урматтуу "адам укугун коргоочулар"!!!

кимден: Марс каяктан: Казахстан
16.07.2010 09:28
Азыркы Кыргыз өкмөтүнүн башында тургандарга ( аттарын жазсам чыгарбай коет экенсинер ) Акаевдин убагында элден сурабай туруп Үзөнгү Куушту, Бакиев Токтогул суу сактагычындагы сууну жана Нарындагы жерди сатып жибергендери (Кыргызстандын ичиндегилердин 90% сатып алгандарын айтпай эле коелу ) силердин азыркы ОБЕССенин солдаттарын Кыргыз жерине киргизебиз дегенинер ошого эле барабар,алардын айткандары боюнча озбектердин укугу тебеленип жатса,тигилер киргенден кийин тескерисине айланабы? Силердин ийниңер которуп жургон башынардын ичинде бир нерсе барбы же ичи бошпу???? Мурунку бийликтегилердей болуп КЫРГЫЗ ЭЛИнин атынан чечим чыгарууга,атуулдук дагы,моралдык дагы укугунар жок,эгер ошолорду киргизсенер Кыргыз элим дагы деле болсо которулот деп ишенем,Кыргыз элин ошого туртпогуло!!!!!!!!!! Эл ишенген Бекназаров менен Исаков элге оң жообунарды,ачык турдо бербейсинерби,эл силерден оң жооп кутот.Ал эми Хюман Райтчтын окулу Анна Нейстетти Кыргыз жеринен кууп жибериш керек. Ал айым Кыргыздардан, Кыргыз жеринен айланып кетсин демекмин.

кимден: Асан каяктан: Алматы
16.07.2010 09:14
Ассалаумагалейкум кыргыз бауырлар! Қазақ қырғызды әрқашан да қолдайды. Қазаққа қырғыздан жақын, қырғызға қазақтан жақын ешкім жоқ!

кимден: Америкалык кыргыздар каяктан: UNITED STATES OF AMERICA
16.07.2010 05:31
УО ко кайрылам силер эч кандай тыштан башка кучторду киргизбегиле.Кыргызда эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт деген макал бар,ансыгандай болбойт эл аралык палицияны киргизген.Мисалы АКШ палиция отур десе бардыгы отурат ,тур десе баардыгы турат .Айткандарын аткарбаса же каршылык корсотсо анда катту мамиле кылат, такыр болбосо атып салат. АКШ куч органдары шектелген кылмышкердин уй булолордун, ата энесинин создоруно тайанып ишин токтотуп койбойт.Эл аларык палиция АКШ катту мамиле кылат деп оздорунун кучторун АКШ киргизбейтда?! ,эмнеге бизге киргизиш керек????!!!! АКШ канчалык закондору куч органдары кылмышкерлерге туруктук берсе ощончолук сыйлайт!Бизде мнеге андай болбош керек? Мнеге биздин Кыргызстанды сыйлабаш керек? Биздин эгемендулугубузду сыйлабайбы?Ушунчалык ошол HRW кыйын болгондо эмнеге Озбекистанга Андижанда барышкан жок???? Ж.б Майкл Макфол айтып атпайбы мындай сураныч бизге тангалычтуу болду деп.Ошондой суранычка куч киргизууго биз макулбуз деп атпайбы, дамек суранышса орустардай мамиле жасабайлык деп биздин айрым УО мучолорунун отунучун аткарып аткан турбайбы? .Демек УО суранып аткан турбайбы алардын аты ким?.... Эгер азыр жагдайды тузоп кетсе ,анда дагы кечирсек болот айрым УО мучолорун. Эгер жок эл аралык полиция кучун киргизебиз дешсе анда биз АМЕРИКАЛЫК КЫРГЫЗДАР митингднрди жана башка бул чечимге каршы аксияларды баштайбыз! Кайсы жерде болбойлук биз кыргызбыз, кыргыз болуп жаралганбыз ,кыргыз болуп жашайбыз, кыргыз болуп олобуз! Эсинерге тыйып алгыла атка минерлер иш чон чатака айланбасын?!!!!

кимден: Кыргыз каяктан: Мигрант
15.07.2010 22:51
Human Rights Watch уюму дагы, дагы башка эл аралык уюмдардын кучторунун дагы, АКШнын дагы, Батыштын дагы, Орусиянын дагы Кыргызстандын ички ишине кийлигишуусуно жол бербешибиз керек. Тезинен Кыргыз мамлекеттуулугунун сакталуусун каалаган жаштар Мекенчил Жаштардын Улуу Кыймылын тузуп, олкобузду ички жана сырткы душмандардан коргоп калуубуз зарыл.

кимден: Салтанатхан Жолдошевага.
15.07.2010 20:45
Тополоң күндөрү кайда жүрдү эле балаңыз?
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Орусияда кыздарга кордук көрсөткөн "Патриот"

Орусияда айрым кыргыз кыз-келиндерди жүрүм-туруму үчүн кордоп-кодулаган кыргыз жигиттеринин “Патриот” деген тобу пайда болду. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма "Шайтан арабадагы" токсон жыл

Баткендин Кара-Бак айылында жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун 90 жаштагы ардагери Айтпай ата согушка аттанаарда да велосипед менен аскер комиссариатына барган экен. (JsA/MiT)