Жума, Май 18, 2012 Бишкек убакыты: 09:44

Илим, билим берүү, IT

Гундула Салк: “Сүйүнчү! Тоголок Молдонун санжырасы тууралуу китебим чыкты”

Жакында белгилүү немис чыгыш таануучусу Гундула Салк айымдын жаңы илимий монографиясы жарык көрдү. Китеп айтылуу кыргыз жазма акыны жана санжырачысы Байымбет Абдыракман уулунун (Тоголок Молдонун) санжыралык мурасын иликтөөгө арналган. Дал ушул темада Гундула былтыр Германиянын Фрайбург университетинде жактаган доктордук диссертация эң мыкты баага татыган.

Сүрөттө: Гундула Салк (ортодо) кытайлык кыргыз илимпоз Мамбеттурду Мамбетакун жана Гүлсайра Йасин айым менен. Үрүмчү, Кытай. 1996-жыл.
Текст көлөмү - +
Илимий чыйыр башаты

Гундула Салк (Gundula Salk, бүлө күтө электеги тегаты - Zillmer) – европалык белгилүү кыргыз таануучу жана түрколог айым.

Анын ысымы кыргызстандык окумуштууларга жакшы таанымал.

Гундула айым 1986-1996-жылдары Берлиндеги Эркин Берлин университетинде (Freie Universität Berlin) жана Германиянын ордо шаарында негизделген алгачкы университет – Гумбольт университетинде (Humboldt Universität Berlin) түркология, борбордук азия таануу жана монголистика бөлүмүндө окуган.

Ал 1996-жылы магистрдик диссертациясын эң мыкты баага жактаган.

1992-жылдан тартып чыгыш таануу (негизинен, кыргыз таануу) жаатында илимий жана илимий-жамаатттык макалаларын жарыялай баштаган.

Айтмакчы, алардын айрымдары Кыргызстанда (Бишкекте) жана Кытайда (Үрүмчүдө) кыргыз тилинде жарык көргөн.

“Манас” мааракесине катышуу

1995-жылы Кыргызстандагы “Манас” дастанынын миң жылдыгынын шартуу мааракесине катышып, жергиликтүү окумуштуулар менен жакындан таанышып, Бишкек, Чүй, Талас сыяктуу аймактарды кыдырган.

Дал ошол жылы мен да Гундула менен таанышып калган элем.

Эсимде, Бишкектен Таласка илимпоздорду автобуска салып жөнөөрдө автобус айдоочулар жана аткаминерлер аз жерден Гундуланы Таластагы мааракеге албай койо жаздашкан. Эптеп аларга түшүндүрүп жатып, Гундуланы да автобуска салганбыз.

Гундула айымдын айтымында: анын илимий жетекчилеринин арасында айтылуу кыргыз таануучу, француз профессору Реми Дор да болгон.

Кытай саякаты


1995-1998-жылдары Кытайдын бир катар аймактарын кыдырып, этнографиялык-диалектологиялык жана башка иликтөөлөр жүргүзгөн.

Салк айым Кытайдын Сычуан вилайетинде, Шинжаң Уйгур автоном районунда (анын ичинде кыргыздар байырлаган жайларда), Хэйлуңжан вилайетиндеги фу-йү кыргыздарынын жашаган аймактарында болгон.

Бээжиндеги теги дунган, кыргыз таануучу профессор Мухаммед Ху Чженхуа жана Үрүмчүдөгү кыргыз профессор Мамбеттурду Мамбетакун менен тыгыз кызматташты.

Мамбеттурду экөө фу-йү кыргыздарынын тилин жеринен үйрөнүп, илимий макалалар жарыялашты. Алардын жыйынтыгын кийинчерээк хакас этнографы Астайбек (Виктор) Бутанаев да тастыктады.

1998-жылы Польшанын Краков (Krakow) шаарында анын Түндүк Кытайдагы фу-йү кыргыздары жана алардын тили тууралуу илимий эмгеги жарык көргөн.

(1997-2002-жылдары Түркиядагы Мерсин университетинин (Mersin Üniversitesi) Котормо бөлүмү жана Түрк тили жана адабияты бөлүмү менен да тыгыз чыгармачыл-педагогдук байланышта болгон).

Гундула жана кыргыз санжырасы

Гундула Салк айым 1998-2000-жылдары Кыргызстанда болуп, башка темалар менен катар эле кыргыз санжырачылык өнөрүн иликтеп кайткан. Жапар Кенчиев сыяктуу кыргыз санжырачылары жана Кыргыз улуттук илимдер академиясынын кызматкерлери менен байма-бай жолугушуп, кол жазма санжыраларды да иликтеген.

Баарынан кызыгы, кыргыз илимпоздору айрым окумуштуулар тууралуу хрестоматиялык маалыматтарды улам кайта көчүрүп, тереңдебей кайпактатып таразалаган темалар кыйла эле арбын.

Маселен, совет доорунда тарыхчыларыбыз акын Байымбет Абдыракман уулунун (Тоголок Молдонун) санжырасы тууралуу атайын диссертациялык иликтөө деле жүргүзгөн эмес.

Ал түгүл анын уруусу-теги (урку) тууралуу тагыраак жазып коюу маселесине тарыхчылардын башы эч ооруган эмес экен.

Дал ушул биографиялык маселелер да Гундуланын көз жаздымында калган жок.




Айтмакчы, өмүрдүк жубайы Паулдун иш орду өзгөргөнүнө байланыштуу алар 2000-2001-жылдары тээ Ыраакы Чыгышта - Тайванда жашап калышты.

Ошондо да Гундула кыргыз таануу жана кыргыз санжырасы боюнча иликтөөлөрүн уланта берди.

Алар кайра Германияга көчүп келишип, Гундула 2007-жылы Германиядагы Фрайбург (Freiburg) шаарындагы университеттин Чыгыш таануу бөлүмүнүн ислам таануу тармагына (Orientalisches Seminar (Islamwissenschaft) Тоголок Молдонун санжыралык мурасы тууралуу теманы доктордук иликтөө темасы катары кабыл алуу өтүнүчү менен кайрылат. Бул доктордук диссертация темасы ошол жылы ага бекитилет.

Ара-чолодо, 2008-жылы, айтылуу кыргыз манасчысы Кенже Карадан ХХ кылымдын башында жазылып алынган фонограмма (үн) тууралуу Д. Прайор (D. Prior) жазган илимий эмгек жөнүндө сын макаласы жарык көрөт.

Көп жылдык мээнет кайтты, иш жакталды

Гундула Салк айым он беш жыл ичинде Ички Азияда жана Кыргызстанда жыйнаган мол материалын жалпылап, доктордук диссертациялык эмгегин бат эле бүткөрдү.

Бул заманбап иликтөөнү жактоо үчүн ал 2008-жылдын сентябрында университетке тапшырат.

Гундула 2009-жылдын май айында Фрайбургдагы Алберт-Лүдвигс университетинин (Albert-Ludwigs-Universität) Чыгыш таануу бөлүмүндө диссертациялык эмгегин эң жогорку баа (magna cum laude) алуу менен ийгиликтүү коргоду.

“Тоголок Молдо (1860-1942) жазган санжыра” - Die Sanjïra des Togolok Moldo (1860-1942) - деп аталган бул диссертациялык эмгек 2009-жылдын соңунда өзүнчө илимий монография болуп да жарык көрдү. (ISBN 978-3-447-06161-2)

Дал ушул эмгеги аркылуу Гундула Салк Батыштагы Омелян Прицак, Реми Дор, Барбара Келлнер-Хайнкеле, И. Лауде-Циртаутас, Роберт Данкофф сыяктуу заманбап чыгыш таануучулардын жолун жолдоочу таланттуу муун өсүп келе жатканын тастыктады.

Азыр да кыргыз тилин билбей туруп кыргыз коому тууралуу диссертацияларын коргоп жаткан айрым жергиликтүү ала-тоолук окумуштуулардан айырмаланып, Гундула Салк биздин эне тилибизде тим эле түш жоруйт.

Жакынкы болочок үчүн илимий мерчем

Бизге жазган эң соңку катында Гундула айым кыргыз таануу жаатында иликтөөлөрүн андан ары улантууга белсенип жатканын билдирди.

Эми ал совет доорунда “кара тизмеде” болгон тарыхчы жана санжырачы Белек Солтонкелди уулу Солтоноевдин (1878-1938) мурасын иликтемекчи.

“Кызыл кыргыз тарыхы” эмгегинин автору Белек Солтоноевди жазуучу жана публицист Кеңеш Жусупов кыргыз илимине жана адабиятына 1980-жылдардын экинчи жарымында “Ала Тоо” журналы аркылуу тааныштырган. Андан бери Солтоноевдин чыгармасы ар кыл изилдөөлөрдүн бутасы болуп келет.

Бирок Батыш чыгыш таануучулардын өкүлү, полиглот Гундула Салк бул чыгарманын улам жаңы өңүтүнө үңүлүп, улам жаңы илимий табылгаларын сунуштайт ко деген үмүтүбүз чоң.

(Орустун “Игордун кошууну тууралуу байан” деген чакан дастаны боюнча эле канча жүздөгөн диссертациялар жакталганын эскере кетели).
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Nurjamal каяктан: Кыргызстан-Кытай Эл Респ
22.06.2010 20:30
Урматтуу Гунди ! Азаматсыз! Сизге коптогон ийгиликтерди каалайм!
Сиз менен байланышка чыкканга аракет кылам.

кимден: Эмир
25.01.2010 21:59
Баарыңар тең салтты билбейт экенсиңер. СҮЙҮНЧҮ деп атпайбы. Менден бир козу, Кыргызстанга келсеңиз союп берем.
Пикирге жооп

кимден: Т.Чоротегин каяктан: Прага ш.
04.07.2010 13:09
Эң жакшысы – “козу сойом” деп отурбастан, жылуу сөзүңүздү өз колуңуз менен pgsalk@gmx.de дарегине жазып жибергениңиз.

кимден: Абдыкерим Муратов каяктан: Бишкек
25.01.2010 13:34
Жакшы материал экен. Тынчтык мырза, уруксат этсеңиз газетага (Заман Кыргызстанга) Сизге, "Азаттыкка" шилтеме берип бассак. Эл (кыргыз зыялылары) окуса (намыстанса дегеним) болор эле.
Терең урматым менен
А.Муратов

кимден: Актилек
25.01.2010 11:09
Гундула айым! Сизге жасаган эмгегиңиз үчүн чоң рахмат! Китебиңизди окуп чыккандан соң ой пикирлерди айтаарбыз. Бир беткей болуп калбаса эле болду.

кимден: немис каяктан: Германия
25.01.2010 05:22
Гундула айым сизге чоң рахмат ушул жасаган көлөмдүү изилдөөңүзгө! Ушинтип биздин кыргыз элинин окумуштууларын намыстантып койбосо, отура беришет, жалкоолонуп. Бул сиздин изилдеген иштериңизди, эмгектериңизди көрүп сестенип, кой кокуй уят болбой, биз да аракет кылалы деп шымаланып, изилдөөгө киришип калышар. Мен дагы анча мынча көчмөндөрдүн, анын ичинде кыргыздын тарыхы менен кызыгам, хобби катарында деп айтсам туура болот ко. Эгерде менде кыргыз санжырасы тууралуу суроолорум пайда болсо, сизге кайрылсам болобу?

кимден: Janyl каяктан: Pragadan
25.01.2010 04:15
Урматтуу Гунди, сизди бул эмгегиңиз менен куттуктап, чың ден-соолук жана албан-албан ийгиликтерди каалайм, Жаңыл:)

кимден: Gundi каяктан: Германия
23.01.2010 01:45
Урматтуу Нургүл, саламатсызбы!
Ой-пикириңиз үчүн чоң ыракмат! Мени ушул электрондук дарек (адрес) аркылуу таба аласыз: pgsalk@gmx.de
Өзүңүз кайсы тема боюнча иликтөө жүргүзүп жатасыз? Катыңызды күтөм.
Ысык саламым менен, Гунди Салк.

кимден: Т. Чоротегин каяктан: Прага ш.
22.01.2010 17:06
Урматтуу Элмурат мырза! Менимче, кыргыз эли өзүнүн руханий байлыгы бар экенин дүйнөгө ачышы керек. Гректер "Илиада" менен "Одиссеяны" же башка мурасын "өзүбүз эле изилдейбиз, сырттагылар ага кол тийгизбегиле" деп айтып атышкан жок да! Юрий Кнорозов унутулган жазманын ачкычын таап бергени үчүн майя элинин азыркы урпактары ага ыракмат гана айтып жатат.
Тоголок Молдонун "доолдай тиктирмек болгон жалкоолор" тууралуу тамсилинин турмуштук сабагы азыр да күчүндө.
Азыр да Тоголок Молдону изилдесем болмок деп, бирок бир сап жазууга эринген "илимпоздорубуз" четтен чыгат.
Бирок бул - аны иликтөө кыргыздын гана иши болушу керек дегенди туйунтпайт да!

Балким, Гундула айым да өз пикирин айтып калаар, күтө туралы.

Ал эми анын китебин ISBN номуру аркылуу тактап, интернет/почто аркылуу сатып алса да болот.

Gundula Salk. Die Sanjïra des Togolok Moldo (1860-1942). VDSUA (79), Wiesbaden 2009.
- ISBN 978-3-447-06161-2 (ISSN 0340-6423) (Harrassowitz Wiesbaden)


кимден: Элмурат каяктан: Биишкек
22.01.2010 15:24
Өзүбүз изилдебесек, мына ушинтип сырттан киргендер бизге өз көз карашына ылайыктап, бизге үйрөтмөкчү!!! Кыргыздар ооз ачып отура берели!

кимден: Joomart каяктан: Kol
22.01.2010 13:16
Nurgul, bul darekke kairilsan Salk aimdi tabasin owoncholuk ele taaniwkin kelse:

Kontakt
Institut für Turkologie
Schwendenerstr. 33
14195 Berlin
Telefon: +49 (30) 838-53955
Telefax: +49 (30) 838-53823
E-Mail: turkinst@zedat.fu-berlin.de

....je bolboso <http://www.123people.de/s/gundula+salk> degen saitka kirip korchu. al jerden tabiwin mumkun..

anda emese iigilik saga, Nurgul
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Орусияда кыздарга кордук көрсөткөн "Патриот"

Орусияда айрым кыргыз кыз-келиндерди жүрүм-туруму үчүн кордоп-кодулаган кыргыз жигиттеринин “Патриот” деген тобу пайда болду. Толук

Онлайн шерине