Жума, Май 18, 2012 Бишкек убакыты: 09:41

Саясат

Павловский: Келерки президент - Медведев

Орус саясатындагы Путин-Медведев тандеминин келечеги тууралуу ушул тандемдин идеологиялык пайдубалын түзүп келаткан адам өзү кандай ойдо? “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун жаңылыктар бөлүмүнүн башчысы Жей Толсон менен радионун орус редакциясынын кабарчысы Данила Гальперович Павловский мырзага ушул суроо менен кайрылышты.

Глеб Павловский: Путин четке чыгышы керек
Текст көлөмү - +
Глеб Павловский Орусияда “Эффективдүү саясат” корун жетектейт. Ал акыркы 15 жылда орус президентинин администрациясынын башкы саясий кеңешчиси болуп келатат.

“Азаттык”: 2012-жылы президенттик шайлоодо бийликтеги “Бирдиктүү Орусия” партиясынын талапкери ким болот ойлойсуз? Путинби, Медведевпи же үчүнчү бирөө болушу мүмкүнбү?

Глеб Павловский: Эң эле жакшысы - Путин менен Медведев акыркы жылдары даярдаган үчүнчү бирөө келсе болмок. Коомдо жандануу жаралмак. Бирок бул азырынча мүмкүн эмес. Ошондуктан Медведев эле коомдун, элитанын, байланыш топторунун колдоосун алып, Путин муну жөн гана факты катары кабыл алса дурус болот эле. Анткени Путин четке чыгышы керек. Бирок Путин Кремлде эч кандай олуттуу балакет болуп кетпесе, Медведевдин бүт саясаты кыйрабаса гана, өлкөдө оор кризис болуп кетпесе гана сыртка чыга алат. Андыктан, эгер быйыл оор кризис болбосо, Медведев 2012-жылга президенттик үчүн ат салышчу негизги талапкер болуп калышы мүмкүн.

“Азаттык”: Ахыбал начарлап кетпесе, Путин бийликтен четтеши керек деп жатасыз. Дегинкиси, Путиндин жетекчилиги тушундагы анын эң башкы утулушу эмнеде болду деп ойлойсуз?

Глеб Павловский: Менимче, ал өлкөдөгү азчылыктар менен иштешүүдө ийгиликке жете албады. Мен интеллектуалдык, инновациялык, чыгармачыл топтор жөнүндө айтып жатам. Путин көбүнчө азчылыктарга басым жасабай, көпчүлүктү түзгөнгө аракет кылды. Мунун натыйжасында өзүнчө бир боштук пайда болуп калды да. Ага бир четинен, радикалдык топтор, экинчи жагынан, эң эле коркунучтуусу, бейформал мамлекеттик күч структуралары кошула баштады. Жыйынтыгында кооптуу абал түзүлдү. Орусия мамлекет катары кабыл алынганы менен, коом катары таанылган жок. Мына ушул “таанылбаган коом” бүгүн проблемага айланууда.

“Азаттык”: Ал эми Дмитрий Медведевдин ийгилиги жана утулушу эмнеде болуп жатат деп ойлойсуз?

Глеб Павловский: Медведев дагы эле такшала элек. Анын биринчи президенттик мөөнөтү кыска деп үммүттөнөм, төрт жыл. Ал азыр анын ортосуна жетип калды. Мына ушул мезгил ичинде ал, эң башкысы, өлкөнүн ичинде мамлекеттик аппаратта өзүн президент катары тааныта алды. Бул оңой болгон жок, анткени ал Путиндин батасы менен президенттик кызматка келген болчу. Бул аябай коркунучтуу абал. Азыр Медведев өз алдынча абройго ээ боло баштады. Аброй ага заматта келе калган жок. Ал 2008-жылкы грузин-осетин согушунан башталган жана акыркы демилгелери менен коштолууда. Медведев азыр мамлекеттик аппаратта кадыр-барктуу болуп калды жана бул 2012-жылкы шайлоо үчүн маанилүү нерсе. Башкы эле кемчилиги анын ашкере этияттуулугунда. Медведев чынында азыр жасап жаткандан да көпкө күчү жетет. Ал муну өзү да түшүнөт. Бул - чыныгы проблема. Ал дале чечкиндүү аракеттерге барбай, өтө этияттык менен акырын кыймылдап жатат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Акбар каяктан: РФ
26.01.2010 17:48
Менимче бул Павловскийдин жөн гана коомчулуктун ою кандай экенин билейин деген бир иш-планы го. Ошого жараша даярданалы дешкен го. А Путинге тике берилген суроого айтты-2012 жыл келсин,Медведов менен отуруп,чечебиз деп.Демек Путин Россияда кайрадан Президент болушу толук мүмкүн.

кимден: Жаке каяктан: Ош
26.01.2010 14:04
Жеке менин оюмда кезектеги президент Медведов болуусун колдойм, анткени Путин алып келген, Путинди дагы Эльсин президенттик столго олтургузган. Путинден Эльсин талашкан эмес. Элдин үнүн угуш үчүн жалпы россиянын эли Медведовду колдоосуна туура келет.

кимден: Салижан каяктан: Россия
25.01.2010 21:43
Медведев Путиндин колундагы куурчак десе болот. Путиндин "Бирдиктуу Россия" деген партиясы бар. Өлкөнү контролдоп турган КГБсы бар. Күч органдарынын баары Путиндин кишилери. А бечара Медведевдин эч кимиси жана эч нерсеси жок. Ошон үчүн 2012-жылы Путин эмне десе ошо болот. Менин оюмча Путин кайра оордуна келет. А эл деген неме, Орусияда да биздикиндей эле, эч нерсени чечпейт, бийлик шайлоону каалагандай бурмалап коюшат.

Назарда

Орусияда кыздарга кордук көрсөткөн "Патриот"

Орусияда айрым кыргыз кыз-келиндерди жүрүм-туруму үчүн кордоп-кодулаган кыргыз жигиттеринин “Патриот” деген тобу пайда болду. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма "Шайтан арабадагы" токсон жыл

Баткендин Кара-Бак айылында жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун 90 жаштагы ардагери Айтпай ата согушка аттанаарда да велосипед менен аскер комиссариатына барган экен. (JsA/MiT)