Жума, Май 18, 2012 Бишкек убакыты: 09:36

Дүйнө

Грузияда эстеликти жардыруудан 2 киши набыт болду

Грузияда “Даңк” эстелигин жардыруу маалында ал жерден өтүп бараткан аял жана анын сегиз жашар кызы мерт болушту. Грузиянын Башкы прокуратурасы бул окуя боюнча кылмыш ишин козгоду.

x
Текст көлөмү - +
Маалыматтарга ылайык, эстелик турган жерге парламенттин жаңы имараты жайгаштырылмакчы. Оппозиция болсо бул эстеликти коргоп калуу үчүн 20-декабрда нааразылык акцияга чыгууну пландаштырып жаткан. Ушундан улам бийлик бул эстеликти шашылыш жардырды деп оппозиция бийликти айыптады.

Совет маалында согушка катышкан аскерлердин урматына Кутаисиде 46 метрге жеткен эстелик орнотулган. 19-декабрда эстеликтин алдына жардыргыч заттарды коюу иштери башталган. Ошол маалда ал жерден өтүп бараткан эне менен кызга эстеликтин сыныктары тийип, кыз ошол жерде жан берсе, анын энеси ооруканага жетпей набыт болду.

Грузиянын Башкы прокурору Муртаз Зоделаванын айтымында, эстеликти бузууда жумушчулар коопсуздук чараларын эске алышкан эмес. Кутаисидеги кайгылуу окуядан кийин Грузиянын президенти Михаил Саакашвили Имерети аймагынын акими Михаил Чоговадзени кызматтан алды.

Бул окуяга байланыштуу биринчи кезекте Орусия менен Грузиянын оппозиция жаатынын өкүлдөрү нааразылыгын билдиришти. Алар бийлик мындай кадам менен фашизмге каршы күрөштө курман болгондордун элесин кордогонун айтып чыгышты.

Орусиянын Мамлекеттик Думасынын эл аралык иштер боюнча комитетинин төрага орун басары Леонид Слуцкий буларды айтты:

- Бул иш Грузиянын президентинин макулдугу менен болду. Окуя күнөөсүз эки кишинин жанын алды. Бул жорукту актоо мүмкүн эмес. Бул жөн гана маскаралоо эмес, бул - мамлекеттик бүлүнтүүчүлүк.

Кутаисинин шаар бийлиги эстелик урайын деп араң турганын, анын колосу уурдалып жатканын, Улуу Ата Мекендик согушка катышкан жоокерлерге эстелик башка аймакта орнотуларын билдирди.

“Азаттыктын” Тбилисидеги кабарчысы Георгий Кобаладзе буларды айтты:

- 20-декабрда Кутаисинин шаар башчысы эстеликти шашылыш бузганга байланыштуу имараттын алдында оппозиция өкүлдөрүнүн нааразылык акциясы өттү. Алар эстеликти шашылыш бузганга буйрук берген башчыны да жоопко тартууну талап кылышты.

Москва жана грузин оппозициясы “бул - Улуу Ата Мекендик согушка катышкан Грузиянын 700 миң атуулун сыйлабагандык” деп билдиришти.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Советтик жоокер каяктан: ушул тема
20.12.2009 21:13
Совет учурунда Германияда жайгашкан Советтик Армиянын группасында көп улуттуу бригадада кызмат өтөгөм, жана биздин аскердик бөлүк Рейхстагка жеңиш туусун сайган эр жигит, улуту грузин жана бүткүл грузин эли катуу сыймыктанган баатыр М.Кантария кызмат өтөгөн 3-чү сокку армиясынын курамына кирчү эле. Ал киши өзү 1985- жылы Улуу жеңиштин 40 жылдыгына биздин бөлүккө келип кеткен экен.
Грузин бийликтери ошол согушта курман болгон жана согуштан кийин курман болгон баатырлардын арбагынан жана тирүү жүргөн ошол алаамат согуштун катышуучуларынын каргышынан коркпой экен го.Германиядагы андан чоң жана аябай көп аянттарды ээлеген Советтик аскерлердин көрүстөн-эстеликтерин деле жеңилген немис эли ушул күнгө чейин көздүн карегиндей сактап, коргоп ал тургай жашылдандырып да турушат....Сөз жок...

Назарда

Орусияда кыздарга кордук көрсөткөн "Патриот"

Орусияда айрым кыргыз кыз-келиндерди жүрүм-туруму үчүн кордоп-кодулаган кыргыз жигиттеринин “Патриот” деген тобу пайда болду. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма "Шайтан арабадагы" токсон жыл

Баткендин Кара-Бак айылында жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун 90 жаштагы ардагери Айтпай ата согушка аттанаарда да велосипед менен аскер комиссариатына барган экен. (JsA/MiT)