Жума, Май 18, 2012 Бишкек убакыты: 09:36

Саясат

Грузин телеканалынын “тамашасы” элдин үрөйүн учурду

Грузин оппозициясы Орусия Грузияга каршы согуш баштаганын көргөзгөн “тамаша” телеберүүнү сотко берээрин билдирди. “Имеди” телеканалы көрсөткөн ал берүүнүн калп-чынын ажырыта албаган көрүүчүлөрдүн үрөйү учуп, жүрөгү кармап догдурга кайрылгандар да болду.

Кыжырданган эл 14-мартта "Имеди" телекомпаниясы астында митингге чогулду. Тбилиси, 2010-ж.
x
Кыжырданган эл 14-мартта "Имеди" телекомпаниясы астында митингге чогулду. Тбилиси, 2010-ж.
Текст көлөмү - +
Ишембиде кечинде популярдуу “Имеди” телеканалын көрүп отурган грузиндер катуу чочуп, коркуп кетип ызы-чууга алдыргандар да болду. Телеканал орус танктары грузин чек арасын ашып өтүп, Тбилисини көздөй келатканын, Грузиянын президенти Михаил Саакашвили өлтүрүлгөнүн баяндап жатты. Грузиядагы аэропорттор менен порттор бомбаланып, Тбилиси менен Горинин миңдеген жашоочулары үйлөрүн таштай тынч жай издеп качып баратышат. Кабарда белгилүү грузин оппозициячылары Нино Буржанадзе жана Зураб Ногаидели Москва менен сүйлөшүп алып, Элдик өкмөт түзүп атышкан болот. Жарым сааттай созулган берүү башталаар алдында авторлор кыскача бул балким, ушундай болуп кетиши ыктымал деген ойдон улам даярдалган кабар экенин айтышкан, анысын көрбөй калган миңдеген грузиндер кандай акыбалда калаарын эске алышкан эмес.

Жекшембиде грузин оппозициясынын лидерлеринин бири, парламенттин экс-спикери Нино Буржанадзе телеберүүнү эч бир акылга сыйбаган жоопкерчиликсиз акт деп айыптады.

- Бир да нормалдуу өлкөдө мындай нерсеге эч убакта жол берилбейт. Теледен эле бирөө сени чыккынчы, башка өлкөнүн тыңчысы деп кантип айтсын. Грузин эли стабилдүүлүк, өлкөдөгү биримдик, демократияны тандаарына бөркүмдөй ишенем. Ал үчүн биз азыркы кылмыштуу, жоопкерчиликсиз өкмөттү алмаштырышыбыз керек.

Оппозициячылар телеберүүнү миңдеген карапайым адамдардын саламаттыгына доо кетирген, грузин бийлиги шыкактап даярдалган пропаганда деп сыпаттады. Кабарларга караганда, опурталдуу телеберүү жүрүп жатканда далай кишилер көчөгө жүгүрүп чыгып, мобилдик телефондон чалгандар чуру-чуу түшүп байланышка күч келип, жүрөгү кармап, тез жардамка кайрылгандардын саны кескин көбөйгөн.

Тбилисидеги чиркөөдө иштеген динаятчы Давид окуяны кылмыштуу акт деп атады.
“Кырдаал ансыз да чыңалып турганда, мындай маселени тамашага айландыргандар сот алдында жооп берүүгө милдеттүү”, - деди ал.

Грузин президенти Михаил Саакашвилинин досуна таандык “Имеди” телеканалы кийинчерээк кечирим сурады. Берүү башталаарда кыскача андагы кабарлар жасалма экени эскертилгени менен, берүү өзү көргөзүлүп жатканда андай жазуу, же эскертүү колдонулган эмес.

Саакашвилинин басма сөз катчысы Манана Манжгаладзе жекшембиде телеканалга барып, өлкө башчысынын атынан эскертүү жасаганын маалымдады.

- Президент мени бул жакка атайлап жөнөтүп, мындай программа даярдалганда, анда айтылгандар чын эле биздин өлкөнүн башында турган реалдуу коркунучтар болгондо да, ал жасалма берүү экенин оозеки гана эскертпестен, экранда башынан аягына дейре ошондой жазуу турушу керек деп айтып кой деди.

Нино Буржанадзе жана ал жетектеген Бирдиктүү Грузия демократиялык кыймылы “Имеди” телеканалын жана грузин бийликтерин бул окуяга байланыштуу сотко берээрин жарыялашты.

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Пикир
     
Бул шеринеге эч пикир жарыялана элек. Башаттык ойду сиз жаза аласыз.

Назарда

Орусияда кыздарга кордук көрсөткөн "Патриот"

Орусияда айрым кыргыз кыз-келиндерди жүрүм-туруму үчүн кордоп-кодулаган кыргыз жигиттеринин “Патриот” деген тобу пайда болду. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма "Шайтан арабадагы" токсон жыл

Баткендин Кара-Бак айылында жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун 90 жаштагы ардагери Айтпай ата согушка аттанаарда да велосипед менен аскер комиссариатына барган экен. (JsA/MiT)