Бейшемби, Февраль 09, 2012 Бишкек убакыты: 08:00

Кыргызстан

Оппозиция от алып келатабы?

Коомчулукта азыркы бийликке нааразы болгондор барган сайын көбөйүп баратканын айткан кыргыз оппозициясы жаз айларында ири иш-чаралар болушунан үмүттөнүүдө. Ал арада өлкө тышындагы кыргызстандыктар азыркы режимге каршы кыймылдарды уюштура башташты.

Текст көлөмү - +
Илим Жанузаков
Мындан үч жыл мурдараак Бишкектин борбордук аянтына он миңдеген тарапкерлерин чыгарып, бийликти олуттуу саясий кадамдарды жасоого мажбурлай алчу күчкө ээ кыргыз оппозициясы кийинчерээк кыйла эле алдан тайып кеткен. Андай болушуна бир катар жүйөлүү себептер бар эле.

Маселен, жалпы оппозициянын башын бириктире алчу күчтүү лидер чыкпай койду. Бул арада оппозициянын дымагы күчтүү өкүлдөрү өз ара тирешип, аны бийлик өкүлдөрү усталык менен өз пайдасына колдонушту.

Айта кетсек, 2007-жылдын мартында оппозициядагы негизги лидерлердин бири Алмазбек Атамбаевге премьер-министрлик кызмат сунушталып, “Бакиев, кетсин!” деген ураандын баш каармандарынын бири бир заматта бийлик адамына айланган. А.Атамбаев кийинчерээк кайра оппозицияга өткөнү менен ошол кадамы үчүн дале сындарга кабылууда.

Былтыр январь айында Социал-демократтардын эң бай мүчөлөрүнүн бири, президент Курманбек Бакиевдин катаал сынчыларынан болгон Өмүрбек Бабановго биринчи вице-премьер-министрлик сунушталып, ал да бийлик тарапка өткөн.

Алардан тышкары Феликс Кулов, Өмүрбек Субаналиев сыяктуу көрүнүктүү саясатчылар да бийликтен оппозицияга, кайра бийликке өтө беришип, талдоочулар эл арасында оппозицияга болгон ишенич төмөндөп кеткенин айтышкан.

Акыркы үч жыл ичинде кыргыз оппозициясы бир катар акчалуу өкүлдөрүнөн да кол жууду. Социал-демократтардын айрым акчалуу мүчөлөрү бизнестеринин айынан саясий ишмердүүлүктөрүн ташташты. Бир катар оппозициялык саясатчылар чет өлкөлөргө баш калка сурап кетишти.

Жазында жанданууну күткөндөр...

Мурдагы коргоо министри, генерал Исмаил Исаковдун сегиз жылга эркинен ажыратылышы оппозицияны кыйла чыйралткандай болду. Бишкекте, Алайда кыйла адам дале ачкачылык акциясын улантып, чет мамлекеттердеги кыргыздар да Кыргызстандагы режимге каршы кыймылдарга бириге башташты.
Азыркы режимге каршы чет өлкөлөрдөгү кыргызстандыктар да кыймылдай баштады. Алардын мындай кыймылдары Кыргызстандагы оппозицияга чоң жөлөк...
Т. Тургуналиев

Бириккен элдик кыймылдын саясий кеңешинин мүчөсү Топчубек Тургуналиев “Азаттыкка” билдиргендей, бүгүнкү күнү Кыргызстанда эле эмес чет мамлекеттерде да Курманбек Бакиевдин башкаруусуна каршы чыккан тилектештер бириге башташты. Чет мамлекеттерде кыргыз оппозициясын түзүү демилгелери АКШ, Европа өлкөлөрү, Орусия, Казакстан, Түркияда көтөрүлүүдө:
Топчубек Тургуналиев

- Жалаң эле Кыргызстанда жашагандар эмес, чет өлкөдөгү кыргызстандыктар да кыймылдай башташты. Бизге ар кайсы өлкөлөрдөн чалып атышат. Эки жолу Вашингтондон чалышты. Ал жактагы саясатчылар, Равшан Жээнбеков, Руслан Исаковдор АКШда чет жердеги оппозициянын уюткусун түзүп атышат. Алар БЭК менен кеңешип иш жасап атышат. Европанын бардык өлкөлөрүндө кыргыздар бар. Швецияда Эдил Байсалов, Кубанычбек Кадыровдор аракет кылып атышат. Орусияда болсо Алайлыктар эле эмес көптөгөн башка кыргызстандыктар да ошол оппозициялык кыймыл боюнча аракет кылып атышат.

Ошондой эле Т. Тургуналиевдин пикиринде, чет жердеги кыргызстандыктардын бүгүнкү режимге каршы биригүүлөрү Кыргызстандагы оппозицияга чоң арка-жөлөк, дем болуп бермекчи.

Ал арада АКШнын борбору Вашингтон шаарында чет жердеги кыргызстандык оппозиция өкүлдөрүнүн алгачкы жыйыны болду. Жыйынды уюштуруучулардын бири Равшан Жээнбековдун айтымында, АКШда каттала турчу чет жердеги оппозициялык кыймылга дүйнөнүн башка жерлериндеги кыргызстандыктар да тартылмакчы.

Бийлик өкүлдөрү болсо соңку кездери Кыргызстандын экономикасында кыйла жылыштар болгонун, эл турмушу барган сайын жакшыруу үстүндө экендигин айтып, оппозицияны көпчүлүк эл колдобой турганын билдиришет.
Бизде алга жылган жакшы иштер көп, мына заводдор ачылып, жолдор курулуп атат. Муну эл түшүнөт, мурдагыдай көтөрүлүп чыкпайт. 
Б. Абдрасаков

“Ак жол” фракциясынын мүчөсү Бегалы Наргозуевдин пикиринде, президенттин соңку реформалары жана Максим Бакиев баштаган жаштардын бийликке келиши көп нерседен үмүттөндүрөт. Ошол эле фракция мүчөсү Бейшенбек Абдрасаков мындай дейт:

Бейшенбек Абдрасаков
- Бизде алдыга жылган иштер көп. Мына, акыркы кездери Камбар-Атада жардыруу болуп, ГЭС курулуп атат. Кумтөрдө мурда он беш жылда берилчү акчаны он эсе көтөрүп, аны төлөй башташты. АКШ базасы 17 миллион төлөп келген болсо азыр 60 миллион доллар төлөп атат. Мунун бардыгы экономикалык өсүп-өнүгүү.

Мына, заводдор ачылып атат. Президентибиз кечээ эле Токмокко барып 2-3 завод ачып келди. Жалал-Абадда, Ошто заводдор ачылып атат. Жолдор курулуп атат. Мунун бардыгы фактылар. Ал эми жанагы нааразычылыктар боюнча, муну бир киши камалса эле аны саясатташтырып атышат. Ошолор жазында бир нерсе кылабыз деши мүмкүн. Бирок бүгүнкү күнү эл түшүнөт, эл билет. Алар мурдагыдай көтөрүлүп чыкпайт.


Айрым оппозиция өкүлдөрүнүн айтымында, эгер жаз айларында кырдаал курчуп кете турган болсо бийлик сыноодон өткөн технологияларын колдонуп, оппозиция өкүлдөрүн бийликке тартууга, аларды бөлүп-жарууга аракет кылат. Т. Тургуналиевдин божомолунда, андай учурда парламентти таркатып, жаңы шайлоо белгилөө аркылуу айрым оппозициялык партиялар менен соодалашуу жүрүшү да ыктымал. Бирок эл толкуп кетсе, айрым оппозиция өкүлдөрүн сатып алуу да жардам бербейт дешет.
Бул шерине жабылды, бирок анын мазмунун "Фейсбуктагы" барагыбыздан (www.azattykplus.kg) андан ары талкуу кыла аласыздар.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Kunduz каяктан: Germany
02.02.2010 00:23
men oz elimden alys bolsom da Kyrgys elin barktap any yiyk sezip kyrgysdy jolukturup kalsam eken dep kun saiyn umut kylyp olturam jana kyrgysdardyn kaada saltyn elinin yntymaktuusun bul jaka aityp berem.Biz az elbiz biz bir bolbosok bizdi bawka el erten ele basyp toobuzdon bawkarywyn kaalabaim.Birikkile kyrgyzdar ozubuz 5 mln elbiz oilongula oigongula!!!

кимден: HHH каяктан: OOO
01.02.2010 20:59
Бегалы мырза, Курманбек акеңизге жакшылап түшүндүрбөйсүңөрбү
Исаков менен баарын токтото албайсыңар.деп
Ак үйдөгү көзү ачыктар деле айтып жатса керек, Баке кандай келсе ошондой кетет деп. Эптеп күнүн өткөзүп жатышат да баары кошамат уруп.

кимден: Барктабас каяктан: Балыкчы
01.02.2010 19:14
Оппозиция азыр да күчтүү жана ар дайым өз максатына жетүүгө даяр. Ошону бийлик сезип, жүрөгү түшүп, жанталашып камап атпайбы. Эгер оппозиция күчсүз болсо анда бийлик коркпой эле өз ишин кыла бермек.

кимден: куйдургу каяктан: корея
01.02.2010 18:51
ак-жол партиясы кыргыз элинин убал сообунан корккулачы,аягылачы,качанкыга чейин чыдайт,мауглидеги шакалдай болбогулачы,кыргыз эли силерге окшоп кошоматчы болуп менталитети бузулуп баратат

кимден: кайран эл каяктан: Маскоо
01.02.2010 17:30
Ассаламу алейкум туугандар.Тышкы кыймыл Кыргызстандын келечегин өзгөртөрүнө ишенсек болот.Ал кыймылдын баштоочуларын көпчүлүгүн жаштар түзөт.Жаш муун эвропа америка турциядагы тарбияны көрүп такшалып кележатат.Бул жашттарга үмүт байлап жардам көрсөтүүгө чакырам бүт келечегин ойлогон жаштарды..!Ал эми БЭК.тин баштоочулары силердин баарыңар барып эс алганыңар жакшыраак ал жерде баш орутуп ойлонгуча.Силердин БЭК.Акжол баарыңардын тарбиялаган комунизим атаңар бир.Сталиндин шинелинен чыккансыңар бийликти кимиң алба өзүнөн кыйынды жок кылып,кызырган жерди менчигине тартып алагойуп өлбөөчүдөй иш баштайсыңар.Өлүм сааты сурак берүү алдыда күтүп турат баарыбызды.Буга толук ишеними бар адамдар татыктуу бийликти башкарганга!!!

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
01.02.2010 16:40
Кыргызда Карыларын сыйлоо деген болчу эле го туугандар. Исмаил Исаковдун апасынын жашын сыйлап, ошол карыган кемпирдин көңүлү үчүн болсо да бийлик, бир аз болсо да көңүл буруп койсо болоор эле. Бийликтеги мырзалар, силердин да энеңер бардыр. Силерди да эне төрөгөн да. Түбөлүк бийликте туруп каласыңарбы же. Исаковдун күнү эртең эле башыңарга келип калса, өкүнүп жүрбөгүло. Кудайды карасаңар боло. Акаев да ушинтип элди укпай жүрүп ушул абалга жетти эле. Болот Жанызаков, Аманбек Карыпкуловдор да заманында ушитип элди тоотпой жүрүшүп, 24-мартта, бир-экөөсү балдардан токмок да жешти эле. Эми андай күндөн кудай сактасын дейличи. Элдин кыжырын кайната бербегениңер эле оң болоор эле. Ачкачылык жарыялагандарга күч-кубат, бийликтегилерге болсо ыйман, нысап берсин жараткан.

кимден: Мээрим каяктан: Ыссык-Коло
01.02.2010 16:00
Москвадагы Жаныш жана Бакиевчи имиш. Бакиев кыйратып жатса силерге окшогон таман жалагандар үчүн жакшы кылып жатса керек. Канча деген эр азаматтарды каматып жатат, ал эмес жөнөкөй врач укук коргоочуга да иш козгоп, бийлик артынан түшүп жатат, мунун баары эмне экен. Элди багып жаткансып налог көбөйтүп жатат, өзүбүздүн электр энергиябызды кымматтатты, элде жумуш жок кыйналып жатканын бул кан соргуч бийлик билбейби? Абдрасаков Камбараты салынып жатат дейт, андан башка айта турган нерсеси барба, эмне болсо эле ушуну айтып калышат, акчалар түшүп жатат дейт кана алар кайда кетип жатат, отчет бербейби элге.

кимден: Акбалта каяктан: Карабалта
01.02.2010 15:00
Туугандар Абдразаковдун сөзүнө маани бербей эле койолучу. Бул пенденин көз карашынан эле байкалып турбайбы, саясий ой жүгүртүү деңгеели депутаттыкына дал келбей турганы. Антейин десең Ак жолдун 95 проценти ушуга окшогондор. Эмне деп айтканын, аргументтеринин салмагын биз эмес өзү түшүнгөнүн кудай билет.

кимден: Жаныш каяктан: Москва
01.02.2010 14:32
Жердештер!!! туура түшүнгүлө Бакиев деле алдың оппозиция болгон, бийликке келди элдин күчү менен анан эле башка БИРӨӨЛӨР бийлик талашып господин Бакиевди элге жаман көрсөтүп жатышат. Кыргыз эли семечкага окшоп кайсыл жерде кичине эле күн чыгып калса ошол жакты карап кете берет экенбиз. ОЙЛОНГУЛА, БААРДЫК НЕРСЕ КӨЗ АЧЫП ЖУМГУЧА БОЛО БЕРБЕЙТ.

кимден: Мелис каяктан: Чүй
01.02.2010 12:09
Абдыразаков деген депутат Камбар-Ата деген сөзү бар мындан башка сөзү жок, андан көрү Ак-Өргөдөгү сөз берем деп алдап кеткен шайлоочуларга бирдеме дебейби, жол жасатам стадионду бүтүрөм деп жанын жеди эле...
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Тоң жер менен алышкан энергетиктер

Катуу сууктан электр энергиясын керектөө Бишкекте кескин жогорулап, авариялык өчүүлөр болуп жатат. (MiT)