Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:06

Реми Дор: Памир кыргыздары тукум курут болуп кетиши мүмкүн


Реми Дор ооган кыргыздары тууралуу китеби менен, 15-март, 2010-жыл, Париж
Реми Дор ооган кыргыздары тууралуу китеби менен, 15-март, 2010-жыл, Париж

Реми Дор Париждеги Франция коллежинде түрк таануудан, анын ичинде кыргыз тили жана грамматикасынан сабак берет. 65ке таяп калган профессор өмүрүнүн көбүн памирлик кыргыздарды изилдөөгө арнап, англис, немис, кыргыз тилдеринде ондогон китеп, макалаларды жарыялады.

Ал "Азаттыккка" азыр Ооганстанда кала берип жаткан памирлик кыргыздардын саны аз, турмушу оор, жардам жок экендигин билдирди.

Реми Дор СССРдин чек арасы түшкөндөн тартып, тарыхый мекенинен ажырап калган оогандык кыргыздарды биринчилерден болуп изилдеп баштаган. Ал түрк тилин өздөштүрүп, Түркияда жашайт, бирок нагыз окумуштуу катары, ал ачылыш жасагысы келген болуш керек, дүйнөгө белгисиз түрк элдерин издеп, Ооганстанга барат.

- Памирдеги кыргыздар дээрлик көз карандысыз эл болчу. Ооган өкмөтү аларды көзөмөлдөй алган эмес. Ошондуктан ооган падышасы бул аймакты памирлик кыргыздардын башчысы Рахманкул ханга өткөрүп берген. СССРдин жана Кытайдын таасиринен улам, Памирге чет элдиктерге барууга мүмкүн эмес болчу.

Ал кезде памирлик кыргыздар тууралуу сырткы дүйнөнүн дээрлик маалыматы болгон эмес. Бирок Ооган Памирине жетиш оңой болбойт:

- 1970-жылдардын башында Кабулга барып, француз тилинен жана адабиятынан Кабул университетинде сабак бере баштадым. Памирге барууга мүмкүн болбогондуктан, мен алды менен Ооганстанда иш таап, ооган падышасынан уруксат алышым керек болчу. Кабулда бир жарым жыл жашап, акыры падыша Мухамед Захир шахтан уруксат алдым. Падыша мага «памирлик кыргыздардын башчысы Рахманкул хандеген бар, ал макул болсо, бара бер» деди. Ал кезде уруу башчылары жылыга бир маал Кабулга келип, падышанын алдынан өтүп турушчу. Мен ошондо аны үйгө чакырып, «силердин элдин жашоосун, салтын, маданиятын изилдейин дедим эле десем, «кел, коногум бол» деди. Рахманкул хан өзү өтө зирек, акылман адам болчу. Памирге баруу окумуштуу катары мен үчүн чоң бакыт эле, бирок бул памир кыргыздары үчүн да огожо болгону шексиз. Алар тууралуу мен көп жаздым, алар жөнүндө Европада, Америкада ошол китеп, макалалар аркылуу билишти. Алардын маданияты өзгөчөлүү, ал аркылуу биз кыргыздардын салттуу жашоосу жана маданияты кандай болгондугун биле алабыз.

Памирлик кыргыздардын көбү Рахманкул кандын жетекчилиги астында советтик аскерлер Ооганстанга басып кирээрдин жуп алдында, 1978-жылы Пакистанга түшүп кетишкен. Ал жактан аларды Түркия өзүнө көчүрүп алган. Рахманкул хандын уруусу - тейиттер, Кичи Памирде жашаган, алар кеткенде Улуу Памирдеги кесек уруусу калган. Памирдеги жашоону Реми Дор мындайча сүрөттөйт:

- Памирдеги тирмуш өтө оор экени эсимде. Кыштоосу деңиз деңгээлинен 4200 метр бийиктикте, жайлоосу 4800 метр. Бул өтө бийик жерлер. Мен абдан кыйналгам. Жатканда башың дүңгүрөп, уктай албайсың. Отуруп уктачумун. Бул абалды кыргыздар түтөк дейт, бийиктик оорусу. Дем алыш кыйын, чуркаш мүмкүн эмес. Жүрөгүң дүкүлдөп согот. Биз мындайга көнгөн эмеспиз, бирок кыргыздар көнүп калган. Алар Кабулга барганда ооруп калышчу, себеби Кабул деңиз деңгээлинен болгону 2 миң метр бийиктикте жайгашкан, бул алар үчүн өтө төмөн болгон.

Маалым болгондой, элдин саны өтө азайып кеткенде, алардын тукум улантып, өздүк салт-санаасы менен эл катары жашап кетүү мүмкүнчүлүгү кескин төмөндөйт. Профессор Дор азыр Ооганстандын Памир аймагында кала берип жаткан бир ууч кыргыз ушундай коркунучта деп эсептейт:

- Ооба, бул чоң көйгөй, анткени белгилүү чектен кийин дареметүү маданияттын учугу уланбай калат. Памирлик кыргыздардын саны азыр 600гө чукул деп угам. Бул чакан топтун келечегине менде үмүт жок. Рахманкул хандын жерлерин улуу памирлик кесектер жерлеп калган болуш керек, бирок баары бир, кыйын эле. Айрыкча кышы өтө суук болчу. Мен ал жакка жайында баргам, жайында да кар жаткан, күн суук. Ал эми кышта жаңы төрөлгөн ымыркай балдар чарчап калаары шексиз. Сиз элестете да албашыңыз мүмкүн. Эгер аял кыш мезгилинде көз жарса, эне да, бала да жашап кете албайт.

Эмне кылыш керек деген суроо туулат. Реми Дордун пикиринде, кыргыз бийликтери памирлик кыргыздардын жок дегенде кышында Кыргызстандын аймагында кыштоосуна шарт түзүп берсе болмок. Жайында кайра Памирде жайлашмак. Кыргыз таануучу кыргыздар 19-кылымда да Памирге жайында гана барып, өрөөндөрдө кышташкандыгын эскертет.

Реми Дор памирлик кыргыздарды «турмуштун өзгөрүшүнө тез ылайыкташа билген нагыз түрк көчмөндөрү» деп сыпаттады. Франциялык профессор памирлик кыргыздардын ал кезде Рахманкул хандын башчылыгы менен өзүнчө эл катары жашап турган кездеги ырларын, алтургай Манас айтканын жаздырып алган. Ал тасмалар сакталбай калган, бирок 1978-жылы Австрияда өзүнчө үн пластинкасы болуп жарык көргөн. Маек соңунда мен изилдөөчүдөн памирлик кыргыздардан уккан макал-лакабын сурасам, ойлонуп туруп буларды айтты:

- Памирлик кыргыздарда «Бутуңду төшөгүңө карап узат» деген лакап бар. Колуңдан келген ишти жаса, колуңдан келбесе жөн жүр деген мааниде. Бул кыргыз маданиятына өзгөчө мүнөздүү лакап деп ойлойм, анткени ал кыргыздар турмушка сергек караган адамдар экендигин көрсөтөт.
XS
SM
MD
LG