Алдыдагы берүү



Акча алмашуу

KGS / 
RUB
1,5485
KGS / 
EUR
61,049
KGS / 
USD
46,717

VIP маек

Сөз таануу

Кыргызстан

Freedom House: Кыргызстан - эркин өлкө эмес

12.01.2010
Илим Жанузаков

Freedom House уюму 2009-жылдагы дүйнөдөгү саясий укуктар жана жарандык эркиндиктер боюнча кезектеги отчетун жарыялады. Мурда жарым-жартылай эркин эсептелген Кыргызстан бул жолу эркин эмес мамлекеттердин катарына кошулду. Мындай баа берүүгө жергиликтүү серепчилер да үн кошо башташты.

Ошентип,Freedom House уюмунун жаңы отчетуна караганда Кыргызстанда саясий жана жарандык эркиндиктер мурдагыдан да төмөндөп, жарым-жартылай эркин катары саналган Кыргызстан, эркин эмес эсептелген 47 мамлекеттин же Иран, Венесуела, Нигерия, Конго, Түркмөнстан, Өзбекстан сыяктуу мамлекеттердин катарына кошулду. 2010-жылга жаңы жылдык белектей болгон мындай баа берүүгө Кыргызстандык талдоочулар да үн кошо башташты.

Бир катар саясий серепчилердин айтымында, чындап эле 2009-жылы демократиялык баалуулуктар болгон саясий жана жарандык эркиндиктер, сөз эркиндиги бир кыйла артка кетти. Андай деп айтууга айрым саясий ишмерлер менен журналисттердин өлтүрүлүшү жана токмоктолушу, бир топ саясатчылардын өлкөдөн качууга аргасыз болушу сыяктуу көрүнүштөр негиз берет дешет.

Маселен, саясий серепчи Марс Сариевдин пикиринде, өлкөдө чындап эле бул жаатта артка чегинүүлөр болду жана ушул жылы абал жакшырат деп айтышка эч кандай негиз жок болуп турат:

- Бул берилген баа Кыргызстанга зыян келтирет. Чоң эле зыян келтирет инвестицияга. Анан мобу батыштын көз карашы, дегеле дүйнөнүн көз карашы Кыргызстанга өзгөрөт. Мен ойлойм, Кыргызстандын аброю аябай эле төмөндөп атат. Мен абал жакшырып кетет, жакшы болуп оңолуп кетет дегенден алысмын. Себеби менимче жаман жакка оогон тенденция күчөй берет. А бийлик инвестиция издеп атат тыштан. Азыр билесиңер М.Бакиев Кытайга барды. Анан Орусия менен мамилеси азыр начарлап кетти. Ал жактан да инвестиция келбей калды. Батыштын деле көз карашы начар. Ошондуктан каражат издеп атышат, мобу Кытай менен мамиле түзүп. Ошентип чоң инвестиция Кыргызстанга алып келип, социалдык-экономикалык чыңалууну чечиш керек да. Ал эми укуктук жактан мен мындайды күтпөйм.

Деген менен Freedom House уюмунун мындай баа берүүлөрү чындыкка дал келерине ишенбегендер да бар.

“Ак жол” фракциясынын төрагасы, депутат Улугбек Ормоновдун пикиринде, Freedom House уюму кандай критерийлерге таянып мындай баа бергени суроолорду жаратпай койбойт. Анткени жакында эле Европага барып келген жоон топ депутаттар, Борбор Азия аймагында Кыргызстанда адам укуктары, сөз эркиндиги жакшы экендиги тууралуу жылуу сөздөрдү угушкан:

- Жакында эле жооп топ депутаттар, Жогорку Кеңештен Социал-демократтар фракциясы, Коммунисттер фракциясы, “Ак-жол” фракциясынан депутаттар Евро парламентке барып келдик. Евро парламент менен атайын ал жерде комиссия бар. Ошол комиссиянын Брюсселде отчетун укутук. Алар отчетунда айтышты, “Кыргызстан Борбордук Азиядагы өлкөлөр ичинен көп партиялуулук, сөз эркиндиги, бейөкмөт уюмдардын саны боюнча, демократиялык жолдогу эң алдыда турган өлкө” деп айтышты. Бул биздин сөзүбү эмес, ошол Евро парламенттин комиссиясынын сөзү. Ошондуктан мен Freedom House кандай негизде андай чечим чыгарганына баа бере албайм. Жеке пикиримде, Кыргызстанда сөз эркиндиги кандай кааласаң бар. Муну мен биздеги оппозициялык гезиттердин саны жана акыркы мезгилдеги Кыргызстандагы иш-чаралар боюнча айтып кетер элем.

Эң башкы нерсе – эркиндикке коркунуч туулуп атат. Криминал күчөп, анан баарынан дагы адамдар өлкөдөн качып атышат.

А. Мамбеталиев
Дагы бир саясий серепчи Аскарбек Мамбеталиевдин айтымында, авторитардык режим улам катаалдашкан сайын репрессивдүү кадамдар да көбөйө бермекчи. Анткени катаал режим өзүн коргоо үчүн башкача ойлонгондорду ар дайым куугунтуктап келген. Кыргызстанда бул көрүнүш былтыр даана байкалып, баарын жеке өзү чечкен күчтүү президент өз уулун өлкөдөгү бирден-бир жогорку кызматка дайындап алды:

- Журналисттердин арасынан кишилер өлүп калбадыбы. Сөздү айтып, элге кабар жеткирген ошолор да. Анан алар өлүп аткандан кийин демек эркиндик жок. Эң башкы нерсе – эркиндикке коркунуч туулуп атат. Криминал күчөп, анан баарынан дагы адамдар өлкөдөн качып атышат. Батыштагылар мындай болуп аткандан кийин, “демек ал жакта жаман болуп атат, кысым болуп атат” деп ойлошот.

Эркин эмес эсептелген 47 мамлекеттин ичинен Freedom House уюму эң эле начар тогуз мамлекетти жана бир территориалдык аймакты баса көрсөтөт. Алар Бирма, Экваториалдык Гвинея, Эритрея, Ливия, Түндүк Корея, Сомали, Судан, Тибет, Түркмөнстан жана кошуна Өзбекстан. Кыргызстандык талдоочулар өлкө ушул таскагы менен бара бере турган болсо аталган “эң начарлардын” катарына бат эле кирип каларын айтып, чочулашат.

Азаттыктын архивинен: Адам укуктарынын абалы


Сиздин JavaScript программаңыз өчүп турат, же болбосо Сизде Adobe программасынын Flash Player усулунун эски варианты гана бар. Жаңыртып алыңыз: Эң соңку Flash player версиясын көчүрүү.

Бул шерине жабылды
Электөө
     
Пикир
кимден: Рудбек каяктан: Нарын
15.01.2010 22:33
Батыш муйуздуу болобуз деп кулагынан айрылгандыгын эми тушунуп турат окшобойбу. Себеби 2005-жылга чейин коомдук уюмдарды колдоп Акайевдин кетирткен андан кийин эмне болду? баягыдай коомдук уюмдарды колдогон эчким жок козу карындай ачылгандары жабылып саналуу иштегендери калды. Батыштын азыр кимге кантип тайанаарын билбей турганы. Жогорку жактагылар абалды курчутпастан элдин созун угуусу абзел.

кимден: Насреддин каяктан: Би-сити
13.01.2010 21:46
А.Мамбеталиев-ну новый лидер политологов.По крайней мере говорит,белое есть белое,чёрное есть чёрное!Похвально!

кимден: bakit каяктан: Stockholm
13.01.2010 02:27
2009-жылы Форбстун тизмесинде дүйнөдө коррупция өнүккөн эң башкы он өлкөгө кирдик эле, эми Фриидомдун тизмесинде эркин эмес өлкөлөрдүн тизмесине кирдик.
Дагы кайсы тизмелер калды?

кимден: Erali каяктан: Biwkek
13.01.2010 01:47
Kuttuktaymin, urmattuu mekendeshter. oshentip demokratiya aralchasinan
avtoritardhk mamlekette jashap kaldik. Siyligin kut bolsun

кимден: ШамАй каяктан: Астана
12.01.2010 23:20
У.Ормоновго эмне, эшикте шаркырап адамдын каны агып жатканын көрүп турса да "ой ал деген кызыл сүт, муну деген май көл, сүт көл деп коет, кой үстүнө торгой жумурткалап атканын көрбөй атасыңарбы" дечүлөрдөн. Эрки жок "эл депутат".

кимден: Жамин каяктан: Бишкек
12.01.2010 22:08
Бул Аскарбек Мамбеталиев Европадан же Америкадан билим алган окшойт, түшүнүктүү жигит экен. Ар дайым ойун так жана туура айтат. А биздин политолог сөрөйлөрүбүз кылтыңдашып, ары-бери оонап, тигинин да, мунун да көңүлүн калтырбайын деп, калп эле акылдуусунуп, акыл үйрөтүп адамды кыйнашат. Аскарбек менен кеңири сүйлөшсөңөр (интервью) кызыктуу болот эле.
     
Текст көлөмү - +

Көңүл чордонунда

VIP маек

Тасма

“Манастын” жаңы китептери толукталып чыкты Видео тасма

Мамлекеттик Тарых музейинде “Манастын” манасчылар Сагынбай Орозбаков, Саякбай Каралаевдер айткан варианттарынын толук басылмаларынын жана Уркаш Мамбеталиевдин айтуусундагы “Семетейдин” бет ачарлары өттү. MiT

Интернеттик тейлөөбүздүн түрлөрү

ПодкастRSS усулуМобил (уюкфон)