Жума, Май 18, 2012 Бишкек убакыты: 09:31

Кыргызстан

Маалымат майданында өнүгүүгө шарт барбы?

Кыргызстанда массалык маалымат каражаттарынын өсүп-өнүгүшү, кирешелүү бизнеске айланып кетүүсүнө ыңгайлуу шарттар түзүлгөнбү? Өлкөдөгү ийгиликтүү, кирешеси мол маалымат каражаттары кайсылар?

Текст көлөмү - +
Маданият агенттигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда ырасмий түрдө 1200дөн ашуун басма сөз каражаттары каттоодон өтүшкөн. Бирок рыноктук шарттарда алардын алтымыштайы гана иштөөдө. Теле жана радио компанияларынын, интернеттеги маалымат агенттиктеринин саны кыйла эле аз. Анын үстүнө дал ушул тармакка акча салууну чечкен ишкерлер, инвесторлор деле байкалбайт.

Адистердин баамында, биринчи кезекте маалымат каражаттарынын өнүкпөй атышына - мамлекеттин маалымат майданын көзөмөлдөөгө багытталган саясаты себепкер. “Журналисттер” коомдук бирикмесинин жетекчиси Марат Токоевдин пикиринде, мамлекет каржылаган ири телерадио компанияларга жеке менчик телерадио компаниялардын атаандашуусу абдан кыйын. Андыктан бул жерде “мамлекеттик монополия” тууралуу сөз кылуу орундуу болчудай.
Чынын айтсам бизде эч ким эл аралык стандарттарга ылайык, олуттуу басылма чыгарыш үчүн аракет көргөн эмес. Чындап аракеттенген эмес.
Марат Токоев


Канткен менен маалымат майданында ити чөп жеп, кирешеси арткандары да жок эмес. Бирок алар негизинен көңүл ачуучу, эриккенде эрмектечү жана рекламадан акча тапчу жеңил басылмалар.

Салмактуу, абройлуу, дэңгээли бийик басылманы күтүү...

Маселен, кыргыз тилиндеги “Супер Инфо” гезитинин нускасы 100 миңге чейин жетип, карапайым калк эрмектечү бирден-бир гезит болуп калды. Ал эми орус тилиндеги эң көп нускалуу “Вечерний Бишкек” гезити негизинен рекламалары менен каражат табат. Ал эми “Агым”, “Аалам”, “Кыргыз руху” сыяктуу басылмалар интеллигенция өкүлдөрү көп окуп, коомчулук ишенүү менен сатып алчу салмактуу басылмаларга айлана алышпады.

“Guardian”, “New York Times” гезити же “Newsweek” журналы сыяктуу жергиликтүү масштабдагы олуттуу басылмалар эмнеге өнүп чыкпайт? Андай болушу үчүн оболу кандай шарттар түзүлүшү абзел?

“Журналисттер” коомдук бирикмесинин жетекчиси Марат Токоевдин пикиринде, Кыргызстанда жеке менчик телерадио компания түзүү, аны кирешелүү бизнеске айлантуу өтө эле татаал. Ал эми олуттуу, эл сатып ала турган басылма жаралышы үчүн оболу ага муктаждык керек. Бирок адистин пикиринде ушул кезге чейин андай басылма чыгарууга шымалана киришкен киши деле байкалган жок:

- Олуттуу гезит-журналдар жаралышы үчүн элдин муктаждыгы керек. Ушундай басылмаларга муктаждык жок болсо, анда алардын бутуна туруп кетиши абдан күмөн. Бирок чынын айтсам бизде эч ким ушундай эл аралык стандарттарга ылайык, олуттуу басылма чыгарыш үчүн аракет көргөн эмес. Чындап аракеттенген эмес.

Азыр деле бизде айтып атышпайбы, “Кыргыз журналисттери бир кездери “Агым” гезити калыптандырып кеткен журналистиканын кийиминен чыга албай жүрүшөт” депчи. Ким билет, чынында эле бир кездеги “Агымдай” таасири күчтүү гезит пайда болсо, анан бейтараптуулукту, эл аралык стандарттарды карманса, жүйөлүү сүйлөгөн абройлуу гезит болсо, балким анда ал дагы жаңы мектепти калыптандырып кетет беле...

Бирок андай ишти кылыш үчүн бир топ каражат керек. Бир топ күч керек, басым-кысымдарга туруштук бере алчу адам керек, жамаат керек.

Бизде “Guardian” сыяктуу гезиттерди чыгарып, аны таркатуу үчүн эң оболу рынок керек. Бизде ошол рынок, аудитория жок.
Бегалы Наргозуев

Элдин деңгээли али төмөнбү?

“Ак жол” фракциясынын мүчөсү, “Агым” гезитинин мурдагы ээси Бегалы Наргозуевдин пикиринде, Кыргызстанда “Guardian” сымал олуттуу, абройлуу басылманы окуй турган аудитория жетиле элек. Ал келечектин иши экенине токтолгон депутат, бара-бара “Супер Инфо” сыяктуу көп тираждуу басылмалардын окурмандарында олуттуу макалаларды окууга муктаждык жараларын, ошондо гана саясий-экономикалык, коомдук маселелерди усталык менен алып чыккан басылмалар пайда болорун айтат:

- Бизде “Guardian” сыяктуу гезиттерди чыгарып, аны таркатуу үчүн эң оболу рынок керек. Бизде ошол рынок, аудитория жок.

Кыргызстанда “Супер Инфо” деген гезит эң көп тираждуу гезитке айланды. Бирок анын өз окурмандары, өз аудиториясы бар. Ал гезит саясатка, коомдук ар түрдүү темаларга дээрлик көңүл бурулбайт. Өздөрүнүн темасы, аудиториясы бар.

Биз Кыргызстандын калкы “абдан саясатташып кетти” деген менен, чын-чынына келгенде саясатташкан, дегеле жарандык активдүү позициядагы адамдардын саны өтө аз. Андыктан жанагыдай олуттуу гезит пайда болуп, массалык басылмага айланышына шарт бышып жетиле элек.


Ал арада кыргыз гезиттери 1990-жылдары Мелис Эшимканов түзгөн “Асаба” гезитинин жазуу стилинен өйдө көтөрүлө албай келет дешет. Ошол себептүү бийик деңгээлдеги журналисттердин чыгышын шарттаган жаңы басылма керектиги кеп болууда. Бирок андай басылманы ким, качан түптөп, качан бутуна тургузаары, андайга шарттар качан түзүлөөрү белгисиз.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Patriot каяктан: KG
20.01.2010 14:49
18.01.2010 / 18:20
Артисты кыргызского цирка стали обладателями «Серебряного клоуна» на Всемирном фестивале циркового искусства
БИШКЕК. 18 января. КАЗИНФОРМ /Евгений Новиков/ - Артисты кыргызского государственного цирка завоевали второе место и стали обладателями «Серебряного клоуна» на Всемирном фестивале циркового искусства в Монте-Карло (Монако).
Высшая награда фестиваля - «Золотой клоун» - досталась артистам из Китая. Группа конников «Джигиты Кыргызстана» под управлением народного артиста КР Маната Эшимбекова стали вторыми лауреатами престижного конкурса, оставив на третьем месте труппы циркачей из Канады и Австрии. Всего во Всемирном фестивале циркового искусства-2010 приняли участие делегации из 50 стран мира.

В 2008 году представители кыргызского госцирка, пройдя отборочные туры конкурса, заняли второе почетное место, что позволило им получить путевку на престижный фестиваль.

кимден: Сапар каяктан: Бишкек
20.01.2010 13:09
Басма сөздү өнүктүрүш үчүн мамлекеттик саясат керек. Азыркыдай саясатта гезиттер, ТВ, радиолор өлөт. Бир эле КТР, ЭЛТР анан бир-эки гезит калат. Ошого баратабыз. чындыктын баарын ошолор айтат. Совет заманында "Советтик кыргызстан", "Ленинчил жаш" гезити, "Коммунист" журналы ушундай колуңдун манжасы жетпеген ЖМКлар бар болчу. Ошол заман келатат, КУТТУКТАЙМ!!!

кимден: ата журт уюму каяктан: турция
20.01.2010 12:23
Авторитардык-криминалдык режимдерде жашаган элдердин баары эле Гардиан же болбосо Ньюс Уеек ке окшогон гезит, журналдарды окуй албайт, түшүнбөйт дагы. Андай массалык маалымат каражаттарды улуттун элитасы окуп, алган идеяларын коомго таратат. Ал эми биздин элитабыздын кейпи Бегалы мырза болсо, оокаттын айынан баш көтөрө албай араң олтурган коом жөнүндө сөз кылып эмне кереги бар.

кимден: Куралбек каяктан: Россия
19.01.2010 22:45
Пресса менен бийлик тамырлаш болот экен. Бийлик күчөп кетсе (диктаторлугу) анда Пресса начарлайт жана тескерисинче, бийлик демократиялуу болгон сайын Пресса күчтөнөт. Бизде азыр диктатура күчтөнүп бараткандыктан Пресса чала жан болуп жатканы ошондон болсо керек. А жанагы саясый-коомдук гезиттер "Guardian","New York Times", "Newsweek" эркин жана өнүккөн өлкөлөрдө чыгаарын унутпасак.

Назарда

Орусияда кыздарга кордук көрсөткөн "Патриот"

Орусияда айрым кыргыз кыз-келиндерди жүрүм-туруму үчүн кордоп-кодулаган кыргыз жигиттеринин “Патриот” деген тобу пайда болду. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма "Шайтан арабадагы" токсон жыл

Баткендин Кара-Бак айылында жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун 90 жаштагы ардагери Айтпай ата согушка аттанаарда да велосипед менен аскер комиссариатына барган экен. (JsA/MiT)