Шаршемби, Февраль 08, 2012 Бишкек убакыты: 19:22

Дүйнө

Францияда парламент паранжыга тыюу салды

Франциянын мыйзам чыгаруучулары коомдук жайларда кыз-келиндердин бети-башын чүмкөп, паранжычан жүрүшүнө тыюу салган талаштуу мыйзамды жактырышты. Буга чейин андай мыйзам Бельгияда кабыл алынган.

Бельгияда парламент алдында никабчан аялдар акцияга чыгышкан
x
Бельгияда парламент алдында никабчан аялдар акцияга чыгышкан
Текст көлөмү - +
Мурдатан күтүлгөндөй, Франция парламентинин төмөнкү палатасында көпчүлүк аталган мыйзамды колдоп добуш берди. Добуш берүүдөн кийин Франциянын юстиция министри Мишель Алио-Мари: “Бул республиканын ийгилиги. Ар кандай куугунтук-кысымдан эркин болууну, ар бир жеке адамды басынтууга каршы турган, аял менен эркектин тең укуктуулугун жогору койгон системанын жеңиши”, - деп белгиледи.

Жогорку палата, же Сенат мыйзамды күзүндө караштырат. Ошондон кийин Франция балким, кыз-келиндердин паранжы жамынып жүрүүсүнө тыюу салган Бельгиядан кийинки экинчи европалык өлкө болуп калышы мүмкүн.

Бул мыйзамга ылайык, ага баш ийбей, коомдук жерде бети-башын кара, же башка өңдөгү никаб менен чүмкөгөн аялдарга 185 долларлык айыппул тагылат, же француз жараны болуунун эрежелери боюнча атайын сабакка катышуу талап кылынат. Кызын, келинин, же дагы башка жакынын никабчан жүрүүгө мажбурлаган үй бүлө мүчөлөрү бир жылга абакка кесилип, же 38 миң долларлык айыпка жыгылат.

Франция – мусулман калкынын саны жагынан Европада алдыңкы орунда турат. Өлкөнүн 64 миллиондой калкынын 10%ына жакыны мусулмандар, алардын басымдуу бөлүгү ата-бабасы Алжир менен Мароккодон чыккандар. Изилдөөлөргө караганда, алардын аз гана бөлүгү, тагыраак айтканда 2000ге жетпеген кыз-келин гана бутунун учунан башына дейре чүмкөнүп, жүзүн чүпүрөк артына жашырып жүрөт.

Мыйзамдын жактоочулары никабчан жүрүү - Франциянын секулярдык баалуулуктарына карама-каршы көрүнүш, атүгүл коопсуздукка коркунуч келтирет деп эсептешет. Айрым француз саясатчылары андай аялдарды “тирүүлөй басып жүргөн табытка” салыштырып, аларды боштондукка чыгарууга үндөп чыгышты.

Францияда бирок, бул мыйзам жарандардын укуктары менен эркиндиктерин бузат дегендер да жок эмес. Алар айрым мыйзамгерлер бул маселени улам көтөрүп чыгып, ультра-улутчул шайлоочуларды өзүлөрүнө тарткысы келет деген пикирде.

Франциядагы мусулмандар биримдиги ислам дининде кыз-келиндер тулку-боюн бүт бойдон жашырып жүрсүн деген талап жок экенин кайталап, ошентсе да мыйзам Сенатта да кабыл алынса, ал өлкөдөгү бардык мусулмандарга көлөкө түшүрөт деп эскертти.

Париждик эксперт, Франциянын тышкы иштер министрлигинин ислам боюнча мурдагы кеңешчиси Оливер Рой коомчулуктагы ар кыл пикирди эске алуу керектигин айтат. “Франциянын конституциялык соту никабга толугу менен тыюу салынышына каршы. Маселе ага таптакыр тыюу салууда эмес. Болгону аны кийип жүрүүгө чектөө киргизүүдө. Кыязы, биз акыры коопсуздук үчүн гана мектептерде, аэропорт, өкмөттүк жана коомдук мекемелерде гана тыюу салат окшойбуз. Маселе коопсуздукта жана ошол эле маалда тең укуктуулукта жатат”, - дейт париждик эксперт.

Францияда буга чейин окуу жайларда жоолук салынып жүрүүгө, же башка диний символдорго тыюу салынган. Коомдук сурамжылоолор Европада калктын көбү никабга тыюу салууну колдой турганын көргөзүүдө. Кошумчалай кетели, Түркия, Тажикстан, Өзбекстан, Казакстанда окуу жайлар менен өкмөттүк мекемелерде жоолукчан жүрүүгө тыюу салынган.
Бул шерине жабылды, бирок анын мазмунун "Фейсбуктагы" барагыбыздан (www.azattykplus.kg) андан ары талкуу кыла аласыздар.
Электөө
Пикир
     
кимден: Арман каяктан: Бишкек
15.07.2010 08:50
Туура эле жасалган иш. Кантип болсун ушул ниндзяга окшоп. Жон эле жоолук салып журсо болбойбу, жузун ачып эле. Бул нерсе убагында падышалардын, пайгамбарлардын аялдарына гана уруксат берилген. Себеби алар ар дайым эл алдында же болсобо конул борбору болгон учун. Ал эми калгандары жон эле жоолук салып журушкон. Азыркылар болсо бул нерсени жон гана модага айландырып алышты, адамдын журогун тушурушуп.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
14.07.2010 16:37
БИЗДЕ ДА ХИДЖАБКА ТЫЙУУ САЛЫШ КЕРЕК !
БЕШИКТЕН БЕЛИ ЧЫКПАЙ ЖАТЫП СЕРБЕЙТИП САКАЛ КОЮП,ДАМБАЛ КИЙИП КОЧОДО ЖУРГОНДОРДУ КАРМАП ТУРУП КОЧОДО ЭЛЕ САКАЛЫН АЛУГА АРГАСЫЗ КЫЛЫШ КЕРЕК. ДЕМОКРАТИЯНЫ ТАНДАП АЛГАН ЭЛДЕ АРАБСТАНДЫН КУЛТУ БОЛБОШ КЕРЕК.АЛЛХТЫ АКЫЛЫБЫС МЕНЕН ТААНЫП,ЖУРОГУБУС МЕНЕН СУЙГОНГО УЙРОНОЛУ...

кимден: bolot каяктан: uk
14.07.2010 15:50
kalibek aitchi eger andai bolso senin kizin je karindashin aldinda sanin aljaitip achip oturgan jakshibi?

кимден: Алмаз каяктан: Ош
14.07.2010 15:50
Ислам дининде аялдарды колун,жузн, бутунун кызыл ашыктан ылдый жагын гана ачып журууго уруксат берген, калган жактарын жабууга буюрган кимде ким, буга мен каршымын дегендер булар мусулман эмес.Биз Эвропаны эле эмес Кыргызстан, коншу Казакстан, Россияларды карап королу кыз келиндердин копчулугу киндигинен бери ачып алып журушот, карап корсон малдар дагы мисалы: эчки, кой,уй булардын баары куйругу менен жаап журот ал эми киндигин ачып алып жургондор булур малдан да айырмасы жок болуп калгандар, киндик дагы уятту жерге кирет. Азыркы мезгилде дин душмандаарынын баары дуйного мусулмандарды жайылтпоо максатында курошуп келишет. Менин оюмча паранжаны чечип салгандан горо эшикке чыкпай уйдо олтурган жакшы.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
14.07.2010 13:58
Болуптур, паранжы кийгендер жүзүн ачсын, а бирок жарым-жалаңач жүргөндөр ачык жерлерин жапсын, ошондо тең каралган болот.

кимден: Калыбек каяктан: РФ
14.07.2010 11:19
Паранжа жамынып алып, жузун уйуруу кылмыш издеген спецназдын балдарына окшошуп кетет. Анан дагы, бироону олтурууго камынган киллерге дагы окшошуп кетет. Негизинен, жойуп, тыйу салууну туура эле кылышат.

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Тоң жер менен алышкан энергетиктер

Катуу сууктан электр энергиясын керектөө Бишкекте кескин жогорулап, авариялык өчүүлөр болуп жатат. (MiT)