Жума, Май 18, 2012 Бишкек убакыты: 09:23

Кыргызстан

Энергетика жаатындагы саясат элдин тынчын алууда

Электрге болгон тарифтин эки эсе көтөрүлүшүнөн кийин энергетика тармагы четинен жеке колго сатыла баштады. Жарандык коомчулуктун өкүлдөрү бул маселени кеңири коомчулуктун талкуусуна алып чыгышууда.

Текст көлөмү - +
Энергетика тармагында жабдуулардын баардыгы жедеп эскирип бүткөнүн кийинки кездери ар кыл деңгээлдеги чиновниктер көп айтышты. Бирок буга чейин энергетика тармагына келген жалпы 1 миллиард долларга жакын (40 миллиард сом) кредиттин кандайча пайдаланылганы, эмнеге ушунча көп каражат келсе да жабдуулар жаңыланбаганы, энергетика тармагын ушул абалга жеткиргендер эмне себептен дале ошол тармактарды башкарып жүрүшкөнү тууралуу суроолорго так жооптор айтылбай келет.
“Энергетика тармагын ушундай кыйын абалга жеткирген жетекчилерди жазалабай, кайра тескерисинче ошол эле жогорку кызматтарга дайындап коюшту. Ошондуктан төлөбөйбүз”,- деп айтып атышат элдер.

Динара Ошурахунова


Ошентип электрдин баасы эки эсе жогорулап, ошол эскирген энергетика тармагы четинен сатыла баштады.

“Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы дал ошол энергетика тармагындагы болуп жаткандарды калктын кеңири катмары менен талкулоо максатында өлкөнүн бардык региондору менен түз режимдеги видеодиалогдорду уюштурууда. Коалициянын жетекчиси Динара Ошурахунованын айтымында, жер-жерлерде элдин көбү электрге баанын кымбатташына жана энергетика тармагынын сатылып атканына нааразы болушууда:

- Биз азыр элдин пикирин угалы деп атабыз. Жер-жерлердеги элдин бардыгынын пикири бир болуп атат. “Булар бааны туура эмес көтөрүштү. Ошол кымбаттагандан кийинки акча да туура пайдаланылышына ишеним жок. Энергетика тармагын ушундай кыйын абалга жеткирген жетекчилерди жазалабай, кайра тескерисинче ошол эле жогорку кызматтарга дайындап коюшту. Ошондуктан төлөбөйбүз”,- деп айтып атышат элдер.

Баткен облусу менен болгон видеофорумда талкууга катышкан жергиликтүү тургундардын көбү, электрдин баасы көтөрүлгөндөн кийин башка да күнүмдүк керектөөчү товарлар, азык-түлүк кошо кымбаттап кеткенин, мындай шартта элдин көбү электрге төлөй албасын билдиришти.

“Юстин” коомдук бирикмесинин жетекчиси, энергетика тармагы боюнча адис Николай Кравцовдун айтымында, электрге болгон тарифтин эки эсе өсүшү бул тармакты сатуу максатына байланыштуу. Маселен, 2008-жылы гана 16 миллион сом пайда алып келген “Түндүкэлектро” ишканасы арзыбаган 3 миллион долларга сатылып кетти.
Биз – төлөбөйбүз. Жалпы көпчүлүккө ушундай сунуштарды киргизип атабыз. Менин оюм ушундай.
Гүлнара Нурматова


Отун-энергетика комплексин башкаруу департаментинин башкы адиси Айгүл Султанкулованын пикиринде, электрге болгон бааны бир канча жыл илгери эле кымбаттатып баштоо керек эле. Тилекке каршы ал процесс кеч жана дароо жасалгандыктан, азыркы кымбаттатууга көпчүлүк катуу реакция кылып атат.

Ал эми талкууга катышкан президенттин катчылыгынын өкүлү Мелис Калыков, бул маселеге байланыштуу нааразычылыктардын бардыгын президентке жеткирүүнү убада кылды:

- Бул маселе жана айтылгандай аябай курч маселе. Бул бир эле тарифтин маселеси эмес, жалпы экономиканын маселеси. Себеби ушул тарифке чейин деле ошол эле кыйынчылыктар болуп келген да. Эми тариф ошого кошумча болду, бирок аны анализдеп чыгыш керек. Ал анализ жүрүп атат...

Талкууга учурунда Чүй, Баткен облустарынын айрым өкүлдөрү электрдин кымбатташына каршы жалпы элдик нааразычылыктарды уюштурууга үндөштү. “Юстин” коомдук бирикмесинин жетекчиси Н.Кравцов өз кезегинде, мыйзам чегинде аталган кымбаттоо боюнча элдер сотто укуктарын коргой алышарын, ал да жардам бербесе ар ким өзүн-өзү коргогонго укугу бар экенин, демек жарандар биригүү аркылуу бул маселеге каршы чыга алышарын билдирди.

“Эр айым” коомдук уюму Бишкек шаарындагы 47 жаңы конуш менен иш алып барат. Уюмдун өкүлү Гүлнара Нурматованын ырасташынча, ушул тапта жаңы конуштардын тургундары арасында “электрге төлөбөйбүз” деген нааразычылыктар көбөйүүдө:

- Биз - жаңы конуштардын жашоочулары, электр тармагы жеке колго өткөндөн кийин каршы чыгып атабыз. Биз эмне үчүн буларды багышыбыз керек? Биз – төлөбөйбүз. Жалпы көпчүлүккө ушундай сунуштарды киргизип атабыз. Менин оюм ушундай...

Жаңы тариф боюнча кыргызстандыктар электр энергиясы үчүн январь айынан тарта 1 сом 50 тыйында тыйындан төлөй башташты. Андан көп өтпөй “Түндүкэлектро” мамлекеттик ишканасы 3 миллион долларга сатылып кетти. Бул көрүнүштү оппозиция өкүлдөрү бийлик менен бириккен бир ууч адамдардын көз боёмочулугу, элди тоноосу катары баалашууда.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Мигрант каяктан: Москва
11.02.2010 15:26
Cат-сат баарын сат! Буга чейин эл төлөгөн акчаны жешти.плюс кредитти жеди.2жылдан бери сууну өзбектерге сатты.Деги качан тоет.Акаларыбыз!!!!!.

кимден: bakyt каяктан: Stockholm
11.02.2010 14:01
Алдын ала анализ кылбайбы. Бааны көтөрүп туруп анан эми анализдеп жатабыз дейт. Бул сатылган компаниялар бийлик алмашкан күндө дагы эми жеке менчик бойдон кала берди го. Кайра кайрып аларыбызга күмөн болуп турам.

кимден: Баки каяктан: Баткен
11.02.2010 09:21
Энергетиканы 3 млн. сатып алып, андан кийин 200-300 млн. баалашып чет өлкөлүк атуулдарга сатышат, Телеком деле ушундай схема менен кетип жатат. Кыянатчылык кылбагыла кыргыз элине, биз да жакшы турмушта жашагыбыз келет. Электр энергиясынын баасын көтөргөнчө, коррупцияны жойбойсуңарбы, өзүбүздөн чыккан нерсени өзүбүз кымбат алабыз. Казактарга канчадан сатып жатат болуш керек, аларга тез эле боорлору ачышат, өчүңөрдү кыргыздардан чыгаргыла.

кимден: Баки каяктан: Баткен
11.02.2010 09:17
Ушундай боору таш, кыргыз эли, анын ичинде жалпы Кыргызстан үчүн күйбөгөн Президент да болот экен, мынчалыкка барбайт деп ойлопутурмун, жаңылышыптырмын. Байлыгыңызды кайсы жакка көтөрө кетесиз, наркы дүйнөгө алып кете албайсыз, андан көрө эртерээк этегинизди жабыңыз, эртең эле өзүңүздүн бир туугандарыңыз так талашып калбасын. Кыргыз эли сиздин кылган кызматыңызды эч качан ак дей албайт, баары нааразы. Бизге И. Раззаковдой адам керек.

кимден: Элмурза каяктан: Ош
11.02.2010 01:17
Бу Президент эмне иш кылып жатат,эч нерседен кабары жок экен,жардамчылары жеткиребиз дейт дайыма!!!

кимден: Эселек каяктан: Москва
11.02.2010 01:00
Эмитен минтип отурса бу бала Кыргызстанда калган ата-энебизди ачкадан өлтүрөт ко. Же аларды да Россияга алып кетсин деген саясатпы?

кимден: Aske
10.02.2010 23:33
Emnege oruscha jazat plakatty?

Назарда

Орусияда кыздарга кордук көрсөткөн "Патриот"

Орусияда айрым кыргыз кыз-келиндерди жүрүм-туруму үчүн кордоп-кодулаган кыргыз жигиттеринин “Патриот” деген тобу пайда болду. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма "Шайтан арабадагы" токсон жыл

Баткендин Кара-Бак айылында жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун 90 жаштагы ардагери Айтпай ата согушка аттанаарда да велосипед менен аскер комиссариатына барган экен. (JsA/MiT)