Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:51

Барак Обама АКШ менен мусулман дүйнөсүн жаңы алакага чакырды


Обама Каир университетинде cүйлөп жатат
Обама Каир университетинде cүйлөп жатат

АКШнын президенти Барак Обама мусулман дүйнөсүнө кайрылуу жасады. Египетте, Каир университетинде сүйлөгөн сөзүндө Обама «Америка менен Ислам атаандаш болушу керек эмес», «орток алакалар өз ара сый-урматка» негизделиши керек деди. Ал ошондой эле зордукчул экстремисттер Батыш менен мусулмандардын ортосундагы чыңалууну өз кызыкчылыгында пайдаланып келатышканын, бирок кеп исламда эмес, Ислам тынчтыкты бекемдөөнүн куралы болуп калышы керек экендигин белгиледи.

Барак Обаманын Каирдеги дээрлик бир саатка созулган сөзүндө Барак Обама Мисир жергесине келишинин максатын мындайча ортого салды:

Америка менен Исламдын ортосунда жалпы кызыкчылыктар бар, экөө тең акыйкаттык, прогресс, толеранттуулук жана бардык адамдардын намысы өңдөнгөн жоболорду туу тутат.
- Мен Каирге АКШ менен дүйнө мусулмандарынын ортосунда жаңы мамилеге жол ачуу максатында келдим. Бул алака өз ара кызыкчылыктарга жана өз ара сыйлашууга негизделиши керек. Мындай мамилелер «Америка менен Ислам бир биринен бөлөк эмес, экөө бири-бири менен атаандашпашы керек» деген чындыкка негизделиши зарыл. Америка менен Исламдын ортосунда жалпы кызыкчылыктар бар, экөө тең акыйкаттык, прогресс, толеранттуулук жана бардык адамдардын намысы өңдөнгөн жоболорду туу тутат.


Обама өз сөзүндө израил-палестин жаңжалында АКШ палестин мамлекетин колдой тургандыгын бышыктады. Ал палестиндерди зордукчулуктан баш тартууга, ал эми Израилди басылып алынган жерлерде жөөт айылдарын курууну токтотууга чакырды:

- Америка өз саясатында тынчтык үчүн күрөшкөндөр менен бирге болот. Биз израилдиктерге, палестиндерге, арабдарга көзмө көз айтканыбызды эл алдында да ачык айтабыз. Биз тынчтыкты күч менен орното албайбыз. Бирок өз арасында мусулмандар Израил жок болуп кетпей тургандыгын моюнга алышат. Израилде да көптөр палестиндер өз мамлекетине ээ болуш керектигин моюнга алышат. Ар бирибиз туура деп эсептеген бул маселеде ишке киришүүгө мезгил келди.

Иранга байланыштуу Обама бул өлкөнүн ядролук программасынын айланасындагы чатак «АКШнын кызыкчылыктарына гана» байланышкан эмес экендигин белгилеп, Иран Жакынкы Чыгышта ядролук курал атаандаштыгына май чачышы мүмкүн экендигин эскертти.

Обама Ирак согушу АКШга «колдон келсе дипломатияны колдонуп, мунаса табыш зарыл экендигин үйрөткөндүгүн» моюнга алды:

- Мен Иракта Саддам Хуссейндин зөөкүрдүгүнөн арылганы Ирак элинин турмушу оңолду деп ишенем. Ошол эле мезгилде Ирактагы окуялар АКШга колдон келсе ар дайым дипломатияга артыкчылык берип, талаштарда эл аралык мунаса керек экендигин эске салды.

Обама демократия маселесине токтолуп, «бир да башкаруу системасын бир улут экинчисине таңуулабашы керек» экендигин баса белгиледи. Кээ бир мамлекеттер Кошмо Штаттарын демократияны таңуулайт деп сындап келгени маалым. Бирок Обама кайсы өлкөдө болсо да, бийликтер элге ак кызмат өтөшү керектигин мындайча билдирди:

– Кайда болбосун, бийликте отургандардын бардыгы үчүн элдик өкмөт эл тарабынан аныкталган бир стандартты карманышы керек. Бийликти күч менен эмес, элдин макулдугу менен жүргүзүшүң зарыл. Азчылыктардын укугун колдоп, толеранттуулуктун жана компромисстин негизинде иш алып бар. Өз элиңдин кызыкчылыгын жана саясий мыйзамдуулукту партияңдын кызыкчылыгынан өйдө кой. Мындай жоболор сакталбаса, бир гана шайлоо өткөрүү менен демократияга жетиш мүмкүн эмес.

Америкалык президент кыздар билим албаса, аялдар теңдикке жете албасын да айтып өттү:

– Батышта башын жапкан аялдар тең укукка ээ эмес деген түшүнүктөрдү кабылдабайм. Ошол эле убакта билимсиз аялда теңдик жок деп эсептейм. Аялдар мыкты билим алган өлкөлөрдө барчылык турмушка жетүү мүмкүнчүлүгү алда-канча жогору.


Ал ошондой эле АКШ менен мусулман өлкөлөрүндөгү жаштарды жакындатуучу интернет долбоорлору болот деп сөз берди. Обама эки ортодогу экономикалык, соода мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча демилгелерге да учкай токтолуп өттү.

Байкоочулар сөзгө чебер Обаманын чын жүрөктөн жана динзарларга түшүнүктүү тилде сүйлөгөнүн белгилешүүдө.

АКШнын президенти сөзүн «Дүйнө элдери бир бири менен ынтымакта жашай алат. Бул - Жараткандын да каалоосу. Бир келген бул дүйнөдө биздин милдет да ушул. Кудай силерге тынччылык берсин» деген сөздөр менен аяктады.

Тасмада: Үмүт отун жандырган сөздөр

Үмүт отун жандырган сөздөр
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:10 0:00

XS
SM
MD
LG