Жума, Май 18, 2012 Бишкек убакыты: 09:20

Кыргызстан

Европа, АКШда билим алууну каалайсыңбы?

Бүгүн И.Арабаев атындагы мамлекеттик университетинде чет өлкөдө окууну каалагандар үчүн билим жарманкеси уюштурулду. Анда Soros Foundation, DAAD, IREX, FLEX сыяктуу уюмдар чет өлкөдө бекер билим алууну шарттай туган программалары менен тааныштырышты.

x
Текст көлөмү - +
Салтанат учурда Борбор Азия Америка университетинде билим алат. Буга чейин ал FLEX программасынын алкагында 11-класста АКШга барып бир жыл билим алып келген. Ал бул программа боюнча 9-10-11-класстын окуучулары АКШга барып бир жыл окуп келүү мүмкүнчүлүктөрү бар экендигин да кокусунан угуп калган. Чет өлкөдө окууну каалаган окуучулар, студенттер көп экенин айткан Салтанат, мындай программалар тууралуу маалыматтар кеңири жарыяланып турса жакшы болмоктугун, анткени көпчүлүккө мындай маалыматтар жете бербесин айтат.

Ошондой эле ал АКШдагы бир жылы ага эмнелерди бергени тууралуу буларды айтып берди:

- Бул программа мага аябай эле жардам берди. Биринчиден, мен АКШда жүрүп англис тилин абдан эле жакшы билип калдым. Экинчиден, мен критикалык ойлонуу дегенди үйрөнүп калдым. Анткени, биздин маданиятта кайсы бир маселе болсо, аны чечишке аракет кылууну үйрөтө беришпейт. Ал жакта болсо ар бир маселенин өзүнүн чечилиши бар дегенди үйрөтүшөт. Мен ал жактын мектебинде окуп, демократия дегенди өз көзүм менен көрүп келдим. Коррупция деген дагы жок. Коррупциясы жок жашоо абдан сонун экен. Ошол себептүү бул жерде да ошондой болсо деп каалайм.

Учурда кыргызстандыктар үчүн бир катар эл аралык уюмдар жана мамлекеттер дүйнөнүн мыкты окуу жайларында билим алууга мүмкүнчүлүк берген программаларын сунуштап келишет. Алардын негизинде окуучулар, студенттер, магстр деңгээлин алууну каалагандар жана окумуштуулар конкурстарга катышып, чет жердеги окуу жайлардын стипендияларын утуп алышса болот.
Дал ушул максатта И.Арабаев атындагы мамлекеттик университетинде Кыргызстандагы болгон бардык эл аралык билим берүү программалары чогулуп, билим жарманкесин өткөрүштү. Анда чет жерде билим алуунун шарттары, артыкчылыктары айтылып, кыргызстандыктар үчүн кандай билим берүү программалары бар экендиги жарыяланды.

И.Арабаев атындагы университеттин эл аралык программалар боюнча башкы адиси Аскарбек Мамбеталиев чет жерде билим алуу тууралуу мындай дейт:

- Эгерде биз башка элдерди тааныбасак, сыртка чыкпасак, өзүбүздө эле жүрө берсек, анда бүгүнкү ааламдашкан, маалыматташкан дүйнөдө билимдүүлүккө жатпайт. Биз тыш дүйнөнү, башка процесстердин бардыгын көрүшүбүз керек. Мындай бардык эле өлкөлөрдө болот. Өнүккөн өлкөлөрдө балдарын башка жактан көп окутуу кадимки көрүнүш. Ошол себептүү мындай программалар Кыргызстанга абдан эле жардам берет. Мындай мүмкүнчүлүктү дагы да өркүндөтүш керек. Бизде аябай эле аз болуп атат чет өлкөгө алып кете турган программалар. Дагы алып келиш керек болуп атат андайларды. Анткени мунун пайдасы абдан чоң.

Германиянын DAAD (Герман академиялык алмашуу кызматы) уюму да кыргызстандыктарга немис окуу жайларында билим алуулары үчүн түрдүү стипендияларды сунуштап келишет. Башка программалар сыяктуу эле алардын да талабы – ошол жердин тилин билүү.

DAADдын Кыргызстандагы кызматынын маалымат борборунун жетекчиси Яна Дүмлер буларга токтолду:

- Биз негизинен Германияда билим алуу жана илимий изилдөө жүргүзүү тууралуу маалыматтарды, ошондой эле Германияга окуп келүү мүмкүнчүлүгүн берген стипендиялар тууралуу маалымат беребиз. Биздин стипендияларды алуу үчүн ар бир эле каалоочу кайрылса болот. Ал стипендиялар Германиянын өкмөтү тарабынан берилет. Ал стипендиялар бардык чыгымдарын камтыйт. Германияга барыш-келиш учак билети, ал жакта жашоо, окуу, кыскасы бардык чыгымдар камтылат.

Чет мамлекетте окууну шарттай турган түрдүү программалар бардык эле адамдарга маалым эмес. Андыктан мындай бул программаларды элдин кеңири катмарынын билүүсү, чет мамлекетте окуп келген жаштардын санынын көбөйүшү өлкө келечеги үчүн эле жакшы дешет.

“Сорос Кыргызстан” фонду каржылаган Бишкек ресурстук борбору дал ошол эл аралык билим берүү программалары боюнча адистешкен. Борбордун жетекчиси Анара Жамашеванын айтымында, чет жерде окууну каалагандарга алар акысыз түрдө ар кыл окуу программалары тууралуу маалымат берип, ага байланыштуу кеп-кеңештерин айта алышат. Эл аралык окуу программалары тууралуу ал мындай дейт:

- Кыргызстанда бир нече стипендиялык программалар бар. Маселен, АКШнын элчилигинде бир канча программалар бар. Андан тышкары IREX, Soros, DAAD деген сыяктуу уюмдардын программалары көп. Окуучулардан баштап, студент, магистрант, доктор, жөнөкөй кызматкерлерге чейин багытталган программалар бар. Ишигылып мүмкүнчүлүктөр абдан көп. Ал үчүн каалоочулар бизге кайрылышса бардык маалыматтарды беребиз (Ресурстук борбордун дареги: Бишкек шаары, Логвиненко көчөсү 55а).

Жарманкенин демилгечилери болуп, Кыргызстандагы эл аралык окуу программалары өздөрү чыгышкан. Алар жыл сайын кезек менен ар бир окуу жайында ушундай жарманкелерди уюштуруп, аны салтка айлантууну, маалыматтарды кеңири таркатып турууну максат кылышууда. Анткени, Германиялык билим берүү адиси Яна Дүмлердин айтымында, айрым учурда атайын Кыргызстанга деп бөлүнгөн стипендиялар да толбой калууда.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Алымбек каяктан: Москва
09.10.2009 13:47
Эгемендүүлүк алгандан бери Кыргызстандык жаштардын көбү чет өлкөдө окушту (анысы жакшы) бирок эмнегедир кайра барып иштебейт.Бизде кадрларды окутканын окутуп ,аларды кесибине жараша колдоно билишпейт(же программа жок,болсо анысы иштебейт).

кимден: kursanbek каяктан: jalalabat
03.10.2009 12:20
azyr menin balam 7-klassta okup jatat klasstyn prezidenti chet jaka okuu uchun birinchi kimge jolugush kerek kancha akcha ketet ,

кимден: Salkynai каяктан: Samatova
03.10.2009 05:31
Salamatsyzdarby.

Menin atym Salkynai. NYCde Columbia universitetinde ushul jyly okup bashtadym, Soros programmasy arkulyy keldim. IREX uiushturgan Muskie programmasynan da konkurstan ottum, andan bash tartuuga tuura keldi, antkeni maga Columbia universiteti sunushtagan kurstar koburook jakty.

Jarmanke jakshy uiushturuluptur. Birok, menin oiumcha butup kelgen buturuuchulor koburook katyshyp, ushul okuularga kantip daiardanuu kerek, emne negizinen kongul buruu kerek, ushularga koburook toktoluu kerek ele. Antkeni bul pogrammalardyn maaniluulugun bilet azyr kop ele el, alar kop jolu tapshyryp, kanchalagan elder konkurstan otpoi kalyp jatat. Programmalar mn taanyshtyrgan jakshy, birok negizinen focusty kantip dayardanuu kerek, oshogo koiuu kerek ele. Oshondo kobuncho kyzykkan elder bul programmalardan otuu bilim dengeelden koz karandy ekenin tushunushot ele. Antkeni dagy bir aityp ketchu maaniluu nerse, eldin arasynda bul programmalardyn ichinde da korrupsia bolso kerek degen tushunuk chong. Misaly, kyzykkan adamdar jakshy bilet konkurstun jenguuchulorun Kyrgyzstanda ushul programmalarda ishtegender chechpegenin, oshol ele uchurda alar kobuncho korrupsia jagyn da oiloboi koiushpait. Egerde buturuuchulor koburok ozulorunun okuuga tapshyruudagy practikasyn aityp berse, jarmanke dagy da maaniluu bolot ele.

Men kudaiym buirup aman esen okuumdu butup barsam Kyrgyzstanga, ozum ushundai jarmenkege katyshyp practikamdy aityp berem degen chong umutum bar.

Aman bolunguzdar,
Salkynai.

Назарда

Орусияда кыздарга кордук көрсөткөн "Патриот"

Орусияда айрым кыргыз кыз-келиндерди жүрүм-туруму үчүн кордоп-кодулаган кыргыз жигиттеринин “Патриот” деген тобу пайда болду. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма "Шайтан арабадагы" токсон жыл

Баткендин Кара-Бак айылында жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун 90 жаштагы ардагери Айтпай ата согушка аттанаарда да велосипед менен аскер комиссариатына барган экен. (JsA/MiT)