Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:57

Дагестанда эки жардыруу болду


31-мартта Дагестандын Кизляр шаарында кош жардыруу болуп, 12 киши набыт кетти. Дагы 20дан ашуун киши жараат алды.

Дагестандын Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, набыт болгондордун көпчүлүгү тартип сактоо органында иштегендер, алардын ичинде кизлярдык ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси жана иликтөө кызматы башкармасынын тергөөчүсү бар.

Орусиянын ички иштер министри Рашид Нургалиев биринчи жардыруу ИИМ, Федералдык коопсуздук кызматы жана гимназиянын имараттарына жакын жерде болгон. Милиция жанкечтинин документин текшерүү үчүн токтотсо, ал ошол жерден өзүн жардырып жиберген.

Бир нече убактан соң окуя болгон жерге жоон топ милиция кызматкери келип иштей баштаганда милиция формасын кийген жанкечти экинчи жардырууну ишке ашырган.

Ички иштер министри Рашид Нургалиев Дагестанда коопсуздук күчөтүлүшү керектигин эскертти:

- Бардык жашоо-тиричиликте маанилүү чөйрөлөргө көңүл коюп, кыраакы болууңарды өтүнөм. Адегенде кинотеатрлар, мектептерди, окуу жайларды текшергиле.

Айрымдар, жардыруунун экинчисин гана жанкечти ишке ашырганын, биринчисинде жардыргычка толгон унаа болгонун айтышууда.

Набыт кеткендердин санын так айтуу кыйын. Дагестандагы кандуу окуяга талдоо жүргүзгөн адис Иван Суховдун айтымында, учурда орусиялыктар Түндүк Кавказдын Орусиядан бөлүнүшүн абдан каалашууда. Бул күнкү Кизлярдагы кол салууга Иван Сухов мындай баасын берет:

- Бул бир гана көрүнүштүн кайталанганы. Бул – Орусиянын Түндүк Кавказда жүргүзүп аткан согушу.

Дагестандагы жардыруулар Москвадагы метро станцияларындагы жардыруулардан эки күн өтпөй ишке ашырылды. Анда 39 киши набыт болгон. Расмий булактар бул кол салуулардын артында Кавказдан чыккан жанкечтилер тураарын ырасташууда.

Орусиянын Иликтөө комитетинин маалымдоо кызматынын өкүлү Владимир Маркиндин айтымында, Кизлярда болгон жардыруудан соң өлгөндөрдөн сырткары оор жана жеңил жарадар болгон 23 киши ооруканаларга жеткирилген.

XS
SM
MD
LG