Жума, Май 18, 2012 Бишкек убакыты: 09:12

Дүйнө

Дагестанда газ кууру жардырылды

12-январда Дагестанда газ өтчү куурда жарылуу болуп, анын айынан төрт район жана эки шаардын тургундары газсыз калды.

Текст көлөмү - +
12-январда кечинде Моздок жана Газимагомед кыштактарды бириктирчү куурдун 496-чакырымында жарылуу болгон. Ал куур менен Азербайжандан Орусияга көгүлтүр отун өтчү. Өрттү бир нече саатка өчүрө алышкан эмес.

Алгач газ өтчү куурдун астында дүмпүйүп калган жер байкалган. Бирок анын жардыргыч зат экени 13-январга чейин такталган эмес. Бир аз убакыттан кийин дал ошол шек алдырган жерден бомба жарылып, өрт чыккан..

Дагестандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү тараткан маалыматта, азыркы тапта Дербент шаары жана жүздөн ашуун кыштактын баш-аягы 215 миңдей тургундары отунсуз калды.

Жергиликтүү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү Абдулхауд Магомедов буларды айтты:

- Эгерде куурду жамай турган болсок анда бүгүн (13-январда), эгерде жаңы куур менен алмаштырсак анда 14-январда бүтөбүз.

Байкоочулардын баамында, Дагестандагы кырдаалдын курчушуна Чеченстандагы көзгө көрүнбөгөн согуш таасир этүүдө. Жикчилер менен орусиялык коопсуздук күчтөрүнүн бир нече жылга созулуп келаткан согушу Түндүк Кавказдын ички жагдайына таасир этүүдө.

Жакында Орусиянын президенти Дмитрий Медведев да Кавказдагы зомбулук Орусиядагы жүрөк өйүткөн маселе болгонун белгиледи.

Буга чейин да Моздок-Газимагомед кууруна бомба коюлган. 2009-жылы 11-ноябрда куурдун эки жери, 2005-жылы Махачкала аркылуу өтчү куур жардырылган.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Пикир
     
Бул шеринеге эч пикир жарыялана элек. Башаттык ойду сиз жаза аласыз.

Назарда

Орусияда кыздарга кордук көрсөткөн "Патриот"

Орусияда айрым кыргыз кыз-келиндерди жүрүм-туруму үчүн кордоп-кодулаган кыргыз жигиттеринин “Патриот” деген тобу пайда болду. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма "Шайтан арабадагы" токсон жыл

Баткендин Кара-Бак айылында жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун 90 жаштагы ардагери Айтпай ата согушка аттанаарда да велосипед менен аскер комиссариатына барган экен. (JsA/MiT)