Жума, Май 18, 2012 Бишкек убакыты: 09:07

Дүйнө

Клинтондун Түштүк Америкадагы сапары

АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон Түштүк Америкадагы сапарын улантып, Бразилияга келди. Бул жерде ал президент Луис Инасиу Лула да Силва менен жолугат. Сүйлөшүүлөрдө иран маселеси башкы темалардан болот.

АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон.
x
АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон.
Текст көлөмү - +
Хиллари Клинтон адегенде Уругвайда болуп, былтыр ноябрда шайланган президент Хосе Мухикинин кызматка киришүү аземине катышты. Уругвайдын жаңы президенти байистүү саясат жүргүзгөнгө,анын ичинде Вашингтон менен жакшы мамиледе болгонго сөз берди.

Америкалык мамкатчы ушул эле жерде Аргентинанын президенти Кристина Фернандес менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Мамдепартамент ырастагандай, Клинтондун планында Венесуэланын, Эквадордун жана Боливиянын президенттери менен жолугушуу каралган эмес.

Анын соңунан Клинтон Чилинин борборуна кыска мөөнөткө токтолуп өттү. Бийликтеги президент Мишел Бачелет жана жаңы шайланып, кызматына кирише элек президент Себастян Пинера менен ал түз эле Сантягонун аэропортунда жолугуп, табигый кырсыктан катуу жабыркаган бул өлкөгө Кошмо Штаттары колдон келген көмөгүн көрсөткөнгө, алардын ичинде электр генераторлорун, медицина жабдууларын, көчүрмө көпүрөлөрдү жөнөткөнгө даяр экенине ишендирди.

Чилиден соң Клинтон Бразилияга келди. Бул жерде ал президент Лула да Силва менен жолугуп, башка маселелер менен бирге иран темасын да талкуулаганы жатат. Бразилия ушу тушта Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин мүчөсү жана Иран менен тыгыз кызматташтыгы бар. Былтыр ноябрда бул жерде иран президенти Махмуд Ахмединежад болуп кеткен. Жооп кайтарып, да Силва быйыл майда Тегеранда болгону жатат.

Сапарга чыгар алдында Клинтон мамлекеттик департамент санкциялар маселеси менен арпалышып жатканын ырастаган. Ал ошондой эле бул маселе боюнча Коопсуздук Кеңешиндеги сүйлөшүүлөр ыкчам жүрүп жатканын кошумчалап, бирок резолюция качан колго салынарын тактаган эмес эле. Кеңешке ушул айда төрагалык кылып жаткан Габондун өкүлү Дэнис Ревака март айындагы иштердин күн тартибинде бул маселе жоктугун тастыктады.

Мамлекеттик катчынын Батыш жарым шары боюнча жардамчысы Артуро Валенсуэла да Иран эл аралык милдеттерин аткарбай жатканын, ошондуктан америкалык делегация бул маселеде бразилиялыктарды конструктивдүү позицияда болууга чакырганы жатканын бышыктаган.

Клинтон алдыдагы күндөрдө Коста-Рикада министрлердин аймактык кеңешмесине катышат, андан соң Гватемалада болот жана Борбордук Американын, Доминикан Республкасынын жетекчилери менен өз ара кызыкчылыгы бар маселелерди талкуулайт.

Мамлекеттик катчынын сапары ошондой эле региондо АКШнын аброюн бекемдөө максатын да көздөйт.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Пикир
     
Бул шеринеге эч пикир жарыялана элек. Башаттык ойду сиз жаза аласыз.

Назарда

Орусияда кыздарга кордук көрсөткөн "Патриот"

Орусияда айрым кыргыз кыз-келиндерди жүрүм-туруму үчүн кордоп-кодулаган кыргыз жигиттеринин “Патриот” деген тобу пайда болду. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма "Шайтан арабадагы" токсон жыл

Баткендин Кара-Бак айылында жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун 90 жаштагы ардагери Айтпай ата согушка аттанаарда да велосипед менен аскер комиссариатына барган экен. (JsA/MiT)