Жума, Май 18, 2012 Бишкек убакыты: 09:06

Дүйнө

Кытайдагы кыйырсын зилзала

Кытайдын Цинхай провинциясында жети баллдан ашкан зилзала болду. Соңку маалыматтарга ылайык табигый кырсыктан 400 киши курман болду, жабыр тарткандар саны жалпы эсепте сегиз миңден ашты. Кырсык болгон районго куткаруучулар, аскер бөлүктөрү жөнөтүлүүдө.

Кытай -- 2008-жылы майдагы Сычуандагы зилзаланын күчү 7,8 баллга барабар болгон эле. Цинхайда болсо анын күчү 7,1 баллга барабар болду.
x
Кытай -- 2008-жылы майдагы Сычуандагы зилзаланын күчү 7,8 баллга барабар болгон эле. Цинхайда болсо анын күчү 7,1 баллга барабар болду.
Текст көлөмү - +
Зилзаланын чордону Тибет автоном округуна караштуу Юйшу уездинде катталды. Эрте мененки саат сегизге чукул адегенде эки ирет жер термелди, алардын күчү беш баллдан ашты. Акыркы - үчүнчү жолку - силкинүү өзгөчө катуу болду, Кытайдын мамлекеттик сейсмология башкармалыгы анын күчү 7,1 баллга барабар болгонун маалымдады.

Бийик тоолуу Юйшуда негизинен тибеттиктер жана монголдор – дыйкандар менен малчылар – турушат. Бул жерде үйлөрдүн басымдуу көбү жыгачтан салынган, алардын баары зилзаланын күчүнө туруштук бере алган жок. Дубалы калың коюлган көп кабаттуу үйлөрдөн айрымдары гана урады, бирок алардын баары жашаганга жараксыз болуп калды. Зилзаланын очогуна туш келген жерде турак-жайлардын 85 проценти кыйрады.

Юйшудагы тургундар ырастагандай, куткаруучулар урандылар алдынан тирүү калган адамдарды аман сактап калганга аракет кылып жатышат, бирок алардын күчү, чама-чаркы жетишсиз болууда. Кырсыктан курман болгондор саны дагы көбөйүшү мүмкүн.

Жергиликтүү бийликтердин айтымында Юйшудагы кесипкерлик-техникалык окуу жайынын имаратында көптөгөн студенттерди уранды басып калды. Ал эми мектептеги окуучуларды өз маалында сыртка чыгарып кеткенге үлгүрүштү.

Кырсык болгон районго өкмөт шашылыш түрдө куткаруучуларды, врачтарды, алардан тышкары аскер бөлүктөрүн жөнөттү. Алар Юйшуга бүгүн жете албайт болушу керек, анткени эң жакынкы аэропорт кырсык болгон райондон бир нече жүз чакырым ыраакта жайгашкан.

Кытайда соңку ирет 2008-жылы Сычуан жана Юньнан провинцияларында кыйырсындуу зилзала болуп, 70 миңдей киши набыт болгон, беш миллиондой киши үй-жайсыз калган.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Пикир
     
Бул шеринеге эч пикир жарыялана элек. Башаттык ойду сиз жаза аласыз.

Назарда

Орусияда кыздарга кордук көрсөткөн "Патриот"

Орусияда айрым кыргыз кыз-келиндерди жүрүм-туруму үчүн кордоп-кодулаган кыргыз жигиттеринин “Патриот” деген тобу пайда болду. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма "Шайтан арабадагы" токсон жыл

Баткендин Кара-Бак айылында жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун 90 жаштагы ардагери Айтпай ата согушка аттанаарда да велосипед менен аскер комиссариатына барган экен. (JsA/MiT)