Жума, Май 18, 2012 Бишкек убакыты: 09:05

Кыргызстан

Таасири арткан Кытай, татаалдашкан тышкы саясат

Экономикасы тездик менен өсүп келаткан Кытайдын таасири Борбор Азияда барган сайын арта баштады. Адистердин божомолунда, жакынкы келечекте чөлкөмдөгү башкы оюнчу Орусия же АКШ башындагы батыш өлкөлөрү эмес, так ушул Кытай болчудай түрү бар.

x
Текст көлөмү - +

Президенттин кичүү уулу, Өнүктүрүү, инвестиция жана инновациялар боюнча борбордук агенттиктин жетекчиси Максим Бакиевдин Кытайга болгон иш сапарынан кийин өлкөнүн тышкы саясатында айрым өзгөрүүлөр болгону айтыла баштады.

Маселен, “Московский комсомолец в Кыргызстане” гезити Кыргызстан Орусияга далысын салып, Кытай менен ысык ымала түзө баштаганын, ага далил катары Бээжинде Камбар-Ата 2 ГЭСин куруу сыяктуу ири долбоорлор сөз болгонун, ошентип ырасмий Бишкек Москваны эки жолу мыш кылып кеткенин жазып чыкты. Биринчиси, ырасмий Бишкек АКШнын аскерий базасын өлкөдөн чыгарарын айтып, чыгарган жок. Экинчиси, Камбар-Ата 2 ГЭСин Орусия менен биргеликте курарын айтып коюп, эми Кытайга жүз буруп кетти.
 

Албетте Кытай менен кызматташуу керек. Бирок экономика жагынан гана кызматташуу керек да. Аларды саясат, маданият сыяктуу жактарга киргизбеш керек. Миграциялык саясаттык катуу көзөмөлдөш керек.
Марс Сариев


Борбор Азиядагы айрым эксперттер, аталган аймактагы башкы атаандаштар Орусия менен Кытай экендигин айтышат. Ал эми өнүккөн демократиялуу өлкөлөрдүн таасири анча сезилбейт.

Өзбекстандык В.Парамонов, А.Строков аттуу серепчилердин божомолунда, бир жагынан алганда динамикалуу өнүгүп аткан Кытай экономикасы бүтүндөй Борбор Азиянын өнүгүүсүн шартташы мүмкүн. Бирок булардын чөлкөмдү көзөмөлдөө дымагы тирешке айланып кетсе, Борбор Азиядагы кырдаал да курчуп кетиши ыктымал.

Ал эми батыштык уюмдардын эксперттери болсо, Борбор Азия чөлкөмүндө барган сайын Орусиянын таасири төмөндөп, тескерисинче Кытайдын орду бекемделе баштаганын айтышууда. Ага ылайык, Кытай аталган чөлкөмдү - газ, нефть, энергия булактары, баалуу кендер, ири курулуштарга байланыштуу долбоорлорду каржылай турганы менен кызыктырып, бул жаатта олуттуу жылыштарды жасады.

Саясий серепчи Аскарбек Мамбеталиевдин пикиринде, Борбор Азия аймагында жакынкы кездери батыштын демократиялуу, өнүккөн өлкөлөрү менен АКШнын деле таасири өрчүп кетпей тургандай. Анткени, аталган чөлкөмдөгү мамлекеттердин бардыгында авторитардык режим күчтүү. “Freedom House” уюмунун отчету боюнча жарым-жартылай эркин саналган Кыргызстан, эркин эместердин катарына кирип калды.

Ал эми дагы бир талдоочу Марс Сариевдин пикиринде, Кытай менен тыгыз экономикалык кызматташуунун пайдалуу жактары көп. Бирок чочулоону жараткан маселелер да бар. Маселен, коррупцияга баткан чиновниктер миграциялык саясатка, Кытай маданиятынын жайылышына көз жумуп коюуусу ыктымал:
 

Марс Сариев


- Албетте Кытай менен кызматташуу керек. Бирок экономика жагынан гана кызматташуу керек да. Аларды саясат, маданият сыяктуу жактарга киргизбеш керек. Миграциялык саясаттык катуу көзөмөлдөш керек. Ал эми кошуна болгондон кийин экономика жагынан пайда табыш керек.

Мен эмнеден чочулап атам? Менин чочулаганым, биздин бийликтин кейпин көрүп атасынар. Мыйзамдар жакшы иштебейт. Чиновниктердин психологиясын билесиңер, мамлекетибиз кичинекей. Андыктан пара алуу, коррупция сыяктуу көрүнүштөрдүн чоңдугу чочулатат да. Эгер коррупция болуп кетсе Кытай бизди оңой эле өзүнө сиңирип алат. Себеби Кытай байыркы цивилизация.


Экономист Талант Кемеловдун айтымында, Кытай азыртадан эле дүйнөдөгү эң кубаттуу экономикасы бар өлкө экенин көрсөттү. Улуу Кытайга кошуна Кыргызстан сымал мамлекеттер мындан жыйынтык чыгарып, анын эсебинен кыйла бутуна туруп алса болот. Бирок бул - өлкө жетекчилеринин чеберчилигине, туура саясатына байланыштуу:
 

Талант Кемелов

- Булар менен иштешкенден коркпош керек. Биз иштешпесек, анда булар менен башка бирөөлөр иштешет. Өзүбүздүн эле кошуналар иштешүүгө аракет кылып атышат. Биз өз ордубузду табыш керекпиз буз жерде. Ушундай улуу мамлекеттин жанында турабыз. Кийинчерээк бул мамлекет дүйнөдөгү эң өнүккөн экономикалардын бири болот. Андыктан булар менен иштешүүдө өз ордубузду таап калышыбыз керек.

Айрым талдоочулардын айтымында, Борбор Азия аймагы батыштын же АКШнын тышкы саясатында, күн тартибиндеги акыркы маселелерден. Саясий серепчи М.Сариевдин айтымында, “адам укуктары, сөз эркиндиги” дешкени менен ошол эле батыш, АКШ да Борбор Азиянын башкаруучулары менен өтө этият мамиле кылышат. “Кайсы бир деңгээлде таасирин сактап калуу үчүн аймактагы авторитардык бийликтер менен соодалашууга барып, кош стандарттуулукка жол беришүүдө”,- дейт М.Сариев. Ал арада Кытай миллиарддаган долларлык долбоорлору менен Борбор Азия чөлкөмүнө тереңдеп кирүү аракетин көрүүдө.

Талдоочулардын айтымында, Борбор Азиядагы жогорудагыдай көрүнүштөрдүн бардыгы 19-кылымдарда эле башталган жаңы территорияларды, ресурстарды колго алууга багытталган “чоң оюндун” уландысы. Бир гана мурда Түштүк Азия менен Борбор Азияда жүргөн ал оюнда Орус империясы менен Улуу Британия негизги оюнчулардан болушса, жакынкы келечекте алдыңкы планга Кытай чыгышы ыктымал.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Сатывалды Сайпидин уулу каяктан: Россия, Москва шаары
21.01.2010 23:05
Кытай кебез менен мууздайт. Ошондуктан тышкы саясатта ото чеберчилик керек. Ошондуктагн биз орустар менен эле мамиле кыла бергенибиз жакшы болсо керек. Анткени кыргыздардын 40-50%ти азыр Россия менен кун коруп жатабыз. Ал - чындык. Нурбек туура айтыптыр, биз да Грузиянын кейпин кийсек, анда камдана беруу керек. Себеби баары кайтса кыйын эле болот го деп ойлоймун....

кимден: Kyrgyzmyn.KG каяктан: Rossia.
21.01.2010 21:40
Мен Марс Сариев менен толук макулмун.Миграция жагын катуу козомолго алыш керек,себеби Кытай мамлекети бай корунгону менен,провинцияларында жашоо-турмушу кандай, аны ким билет? СМИ менин ойумча Кытайдын жакшы жактарын эле корсотуп турса керек,себеби ал олкодо, СМИ бийлик башчыларын кучту козомолундо болгондой сезилет.Ошондуктан миграция жагын, келип кеткендерди бекем козомолго алышыбыз керек...

кимден: Нурбек каяктан: Екатеринбург
21.01.2010 17:28
Биздин президент тышкы саясатта эки жуздуулугун корсотуп атат.Орусия менен мамилени бузуп,жылаандын куйругун басып албаса эле болду.Анткени Кыргызстандын ар бир экинчи уй булосунон жок дегенде бир адам ушул Россияда иштеп,нан таап атышат.Грузияга окшотуп,Кыргыз мигранттарын бир кундо тазалап чыгарып салышса мамлекет кайдан жумуш таап бермек эле?Бакиев Москвада туруп база чыгат деп алып,кайра калтырып койгонун буткул дуйно билип турат.Пазор!!Ошон учун биздин бийликтегилерди эч бир мамлекет тоготпойт.

Назарда

Орусияда кыздарга кордук көрсөткөн "Патриот"

Орусияда айрым кыргыз кыз-келиндерди жүрүм-туруму үчүн кордоп-кодулаган кыргыз жигиттеринин “Патриот” деген тобу пайда болду. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма "Шайтан арабадагы" токсон жыл

Баткендин Кара-Бак айылында жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун 90 жаштагы ардагери Айтпай ата согушка аттанаарда да велосипед менен аскер комиссариатына барган экен. (JsA/MiT)