Жума, Май 18, 2012 Бишкек убакыты: 09:05

Борбор Азия

Э.Абдыраимов: Уйгурларды жок дегенде сөз менен колдоп турушса

Кытайда кытай-уйгур тополоңу үчүн бир топ кишиге өлүм жазасына тартуу өкүмү чыгарылды. Аларды быйыл июлда Кытайдын Шиңжаң-уйгур автономиялуу областында кытайлар менен уйгурлар ортосунда чыккан этникалык кагылышта “адам өлтүргөн жана башка кылмыштарды жасаган” деп айыпташты. Кыргызстандык уйгур Эркин Абдыраимов жалпысынан ушул окуяга тийиштиги бар деп өлүм жазасына тартылган адамдардын саны бей расмий маалыматтар боюнча жүздөп саналат деген пикирде. Ал “Азаттыкка” берген маегинде Кытайда ушул окуяга байланыштуу деп өспүрүм кыздар өлүм жазасына кесилип жатканын маалымдады.

Шинжаңда уйгур аялдары өкмөттүк аскерлер менен тил табышууга аракет кылып жатышат
Текст көлөмү - +
- Кытайда жакында эле дагы үч кишиге өлүм жазасын берүү өкүмү чыгарылды. Жалпысынан 17 адамга жетти деп жатышат? 

- Жок, алардын саны жыйырмадан ашуун. Алгач 9 адамды атты, анан дагы беш, анан 20. Ондогон адам бир аптанын ичинде атылып кетти. Үрүмчү шаарында, өзүңөр билесиңер, тынч демонстрация болгон. Ошондо Кытай өкмөтү атып, аялдарды да уруп-сабап, кыйнап түрмөгө салды, жүздөгөн адамдарды өлтүрдү. Миңдеген адамдарды камака алды. Ошондон бери атып атат. Үч-төрт күн мурда 16 жаштагы кызды атты, адам өлтүргөн, ошол себепчи болду деп. Ага жөн гана жалаа жапкан. Уйгур калкы геноцид болуп атат. Башка калктарды казак, кыргыздарды камакка көп алган дейт. Өтө татаал болуп атат. Дүйнөдө азыр эң адам укугу тепселип жаткан жер Кытай деп эсептелинет.

- Байланыш кандай болуп жатат?

- Албетте байланышып атабыз. Барып-келип тургандар бар. Аларды көзү менен көргөндөр бар, телефон аркылуу сүйлөшкөндөр бар. Азыр алар байланышты чектеп койду. Байланыш ал жакта жок. Анан бул жактан барган уйгурлар менен сүйлөшүү аябай кыйын болуп атат деген маалымат бар. Алар өкмөттөн коркуп айта албайт, сүйлөшө албайт.

- Бул боюнча Кыргызстанда жашаган уйгур калкы кандай чара көрөсүздөр?

- Азыр Түркиянын премьер-министри бул геноцид деп ачык позициясын билдирип, бүткүл дүйнөгө жарыялады. БУУга арыз бериш керек деди. Түркиянын парламентинде катуу айыптоо болуп атат, Кытай элчилигинин алдында демонстрация болду. Бизге бул жактан өкмөт уруксат бербей атат. Казакстанда бир аз жыйналыш, демонстрациялар болду. Бизде августта бир эскерүү жыйналыш өттү, андан башка эч нерсе болгон жок.

Биздин айталы дегенибиз, жалгыз мен эмес, баардык уйгурлар ойлойт, бизге тууган калктар кыргыз, казак, өзбек, ушулардын өкмөттөрү жок дегенде, эң болбогондо ушуну так жазса. Эч нерсе жазган жок. Түркияда жакшылап жазып атат. Биздин уйгур гезиттер жазып атат, бирок башка калктар кыргыздар, орустар билиш керек да. Ошолордун гезиттери жазбайт.

Уйгурларды террорист деп жазган кээ бир гезиттер бар. Ошондуктан бул маселени биздин уйгурлардын көпчүлүгүнүн ою кошуна, жакын жерде жайгашкан мамлекеттердин алды Кытайды айыптай албаса да, ушул калкка кайгы келди, ушундай окуялар болду Үрүмчүдө деп маалымат каражаттарында билдириш керек. “Азаттыкта” айтып атат, албетте бул жакшы. Уйгурлар буга өтө сүйүнөт.

- Кытайдагы уйгурлар эмне деп атат?

- Кытай өтө чоң держава, аскерий, бардык жагынан күчтүү болуп атпайбы. Күчтүүлүгүнөн кошуна мамлекеттеринин чоңдоруна акча берип, уйгурларды колдобогула, колдон келсе басып турууга зордоп атат чынын айтканда. Ошондуктан биздин тууган калктарыбыз ошого барбаса, биздин кырылып кеткенибизди карап турбаса экен, эң болбогондо сөз менен болсо да колдоп турса экен дейт. Ондогон адамдар атылды, бул ачык сотто аткан адамдар. Ал эми түрмөдө, жашыруу өлтүргөн, кыйнап-уруп өлтүргөндөр башка. Бул Үрүмчүдө., ал эми башка шаарларда Кашкар, Кулжа ж.б. жерлерде канча өлтүрүп атат аны эч ким билбейт.

- Маегиңизге чоң рахмат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Сейит каяктан: Туран
14.12.2009 20:30
Уйгур калкы созсуз эркиндик алаарына кумон санабайбыз. Бул бир тууган калкка эркиндикке карай курошуно ийгилик гана каалайбыз. Эркиндик учун курош эр журоктуулук менен, тынымсыз, илимий негизде журсо ийгилик созсуз болот.

кимден: bakit каяктан: Stockholm
14.12.2009 18:54
Эх, күчтүү болсок айтат элек. Биз өзүбүздүн мамлекет ичиндеги окуяларды толук ачык айтып чыга албай атабыз анан силерге тийишсек Кытай экономикалык жолдор менен эле бизди кууратып койбойт бекен.

Назарда

Орусияда кыздарга кордук көрсөткөн "Патриот"

Орусияда айрым кыргыз кыз-келиндерди жүрүм-туруму үчүн кордоп-кодулаган кыргыз жигиттеринин “Патриот” деген тобу пайда болду. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма "Шайтан арабадагы" токсон жыл

Баткендин Кара-Бак айылында жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун 90 жаштагы ардагери Айтпай ата согушка аттанаарда да велосипед менен аскер комиссариатына барган экен. (JsA/MiT)