Алдыдагы берүү



Акча алмашуу

KGS / 
RUB
1,4825
KGS / 
EUR
60,246
KGS / 
USD
44,736

Сөз таануу

Борбордук Азия

Б.Мамбетов: Түркмөнстан-Кыргызстан газ куурун курса болот

Базарбай Мамбетов

07.01.2010

Иран жана Түркмөнстан президенттери эки өлкөнү бириктирген жаңы газ куурун ачышты. Толук ишке киргенде узундугу 182 чакырымдык куур түркмөн газын азыркыдан эки эсе көбүрөөк көлөмдө Иранга ташый баштайт.

Энергетика маселелери боюнча адис, Кыргызстандын мурдагы вице-премьер-министри Базарбай Мамбетов буга байланыштуу “Азаттыкка” маек курду.

Базарбай Мамбетов: Ар бир өлкө өзүнүн тегерегиндеги мамлекеттер менен саясий, экономикалык байланыштарды күчөтсө абдан жакшы жыйынтык болот экен. Жакында эле Ирандын президенти Тажикстанда болуп, тажик өкмөтү менен биргелешип куруп жаткан Сангтуда-2 деген ГЭСти кандай кылып иштетебиз, ошол ГЭСтен чыккан электр кубатынын канчасын, кантип Иранга алып барабыз деген сыяктуу энергетика боюнча көп маселелерди сүйлөштү.
Өзбекстандын газынын миң кубуна 245 доллар төлөө - бул абдан кымбат.


6-январда болсо Ирандын президенти Түркмөнстанга келип, көп жылдан бери бул өлкө менен биргелешип куруп жаткан газ түтүгүн ишке киргизүү тууралуу келишимге кол койду. Бул аябагандай чоң нерсе деп ойлойм.

Түркмөнстандын эң чоң көйгөйлөрүнүн бири – бул жер байлыктарын, өзгөчө газды сыртка алып чыгып, коңшу өлкөлөргө сатуу болуп эсептелет. Эки өлкөнүн ортосунда ишке берилип жаткан газ түтүгү - бул аябай чоң долбоор ишке ашты дегенди билдирет.

- Ирандын Түркмөн газы үчүн акы төлөө мүмкүнчүлүгү канчалык?

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердимухаммедов жана Ирандын лидери Махмуд Ахмединежад
Базарбай Мамбетов:
Иран бай өлкө, Иран мунай боюнча чоң экспортер болуп эсептелет. Бирок Ирандын түндүк жагы газ менен начар камсыз болгондуктан түркмөн газын алып келүү долбоорун ишке ашырышты.

- Ал эми Кыргызстан өзбек газына көз каранды болбошу үчүн башка да мамлекеттерден газ алуу аракетин кылса болобу? Маселен, ошол эле Түркмөнстандан Кыргызстанга газ куурун курса кандай болот?

Базарбай Мамбетов: Мындай мүмкүнчүлүк албетте бар. Түркмөнстандан Орусия алып жатпайбы. Эгерде биз Орусия, Түркмөнстан менен жакшы мамиле түзсөк, ал түтүктөр менен Түркмөнстандан Орусияга, Орусиядан Өзбекстанга, Өзбекстандан Кыргызстанга канча кааласак ошончо алсак болот.
Түркмөнстандын эң чоң көйгөйлөрүнүн бири – бул жер байлыктарын, өзгөчө газды сыртка алып чыгып, коңшу өлкөлөргө сатуу болуп эсептелет.


- Эгерде мына ушундай жол менен түркмөн газын алсак, Өзбекстандан алып жаткан газдын баасына караганда арзаныраак болот беле?

Базарбай Мамбетов: Ооба, арзаныраак алмакбыз. Өзбекстандын газынын миң кубуна 245 доллар төлөө - бул абдан кымбат. Бул жөн гана Өзбекстандын Кыргызстанга экономикалык кысым көрсөтүү аракети деп бааласа болот.

- Маегиңизге рахмат.
Бул шерине жабылды
Электөө
     
Пикир
кимден: Корош каяктан: Турция
12.01.2010 12:38
Кыргызстан бул газ масалси боюнча Түрк туугандарды үлгү кылса болот. Жаратылыш газына муктач болгон өлкөлөрдүн ичинде тышкы саясатын өтөөо кылдаттуулук менен жүргүзүүдө жана мунун негизинде өлкөгө ар тараптан газ турбалары төшөлүп өзүнө жана башка өлкөлөргө транзит акысынан да пайда көрүүдө. Демек ар кимдин тилин таба алган, стратег ишкер адамдары бар. Биздин жетекчилер тилекке каршы өлкө кызыкчылыгы үчүн керектүү иштерге көзү жетип турса да өлкөнүн жүгүн жеңилдетүү үчүн негизги кадамдарды атууда колдоосуз калып, кол шилтеп коюшууда. Бул жерде атуулдук милдет эле эмес сапаттуу ишкердик жана эл аралык мамилелерде тажрыйба абдан чоң рол ойнойт эмеспи. Айтоор өзбектер да тууган болгонуна карабай "атадан алтоо болсоң да ар жалгыздык башында" деген макалды унутпай бул эле эмес баардык тармактарда алтернативдүү чараларды колдонуубуз зарыл. Мындай нерселерди жеңил жана пайдалуу жолдор менен иш жүзүнө аткаруу үчүн коомчулукка ачык ар кандай проект, долбоорлор конкурстарын жарыялоо зарыл. Эртеби-кечби мындай иштер далай жасалат, бир гана көңүлгө ала турган нерсе кайра эле жетекчилерибизге тйешелүү, себеби өкмөттүн курамына, тийиштүү курулуштага ар бир тармакты жакшы билген адистер ишке алынып, эл аралык проектерге катыштырылып, билим деңгээлдерин жоголулатып туруулары зарыл. Адистер үчүн конкурстар жарыялануусу керек. Бул негизде көнүмүш болуп калгандай тууган-достордун көзүн карап турсак болбойт.

кимден: Баратбай каяктан: Кара-Балта
10.01.2010 03:07
Базарбай байкебиз баягы эле коммунист боюнча калган окшойт. Озбек туугандар озунун газын бизге сатпай зыян тартып атып, анан Туркмонстандан оз жери аркалуу газ трубасын куруп алгыла демек беле? Каяктагы акчага курулат ал труба? Камбарата -2ни эптеп кура албай атабыз, анан каяктагы акча? Эртен Туркмонстан газын кымбатка Европага сата баштаса биз кантебиз? Сиздер курган трубалар Чуйдо талаада жатып чирип, кийин Кытайга металлолом болуп кетпедиби. Анын акчасы кайда кеткенин азыркы шаар башчысы жакшы билет, а кезде темир кетиргендердин чону болчу.

кимден: Асан каяктан: Асанбай мкр
09.01.2010 13:42
Базарбай-газ куурду коюп,олконун башкаруу системасын ондогулачы!Эки Президент пайда болду,бироо номиналдуу,королева Англияга окшоп,экинчиси реалдуу куч,кадр,ж.б.саясатты башкарууда!

кимден: eldar каяктан: Tr
07.01.2010 22:02
Bazarbay mirzanin aytkanin men dagi kosh koldop koldoym. Gaz tutugun dele kurup keregi jok eken. Jon gana barip suyloshup kuruluu tutuktor menen ele alsak bolot eken. Idealar bar eken araket kilip korso jakshi bolt eken dep oyloym okmot bashindagilardin. Ech kanday koshumcha karajatti talap kilbagan, eki olkonun oz ara makuldashuusu menen ele buto turchuday. Anday bolso Ozbek tuugandar da gazinin baasin kichine tushurushot bele... Bul ishti okmot mucholorunun konul buruusun suranaar elem. Eger oy ishke aship kalsa karapayim kalk ele emes gaz menen ishtegen onduruuchulor uchun da jakshi jenildik bolot ele... Birok Turkmonstan bizge gaz satkisi kelebi, en negizgisi menimche bul

кимден: bakit каяктан: Stockholm
07.01.2010 16:05
Идеяңыз жакшы. Бирок ошол газ куурун куруу канчага турат эсептедиңиз беле? Өзбекстан бизге аймагынан түтүк курууга уруксаат береерине ишенбей турам. Аларга биздин газдан көз каранды болуп турганыбыз пайдалуу да. Эбин таап курган күндө дагы Украина Россиянын газын жолдон алып койгондой эле иштер башталса керек.
     
Текст көлөмү - +

Интернеттик тейлөөбүздүн түрлөрү

ПодкастRSS усулуМобил (уюкфон)