Жума, Май 18, 2012 Бишкек убакыты: 08:55

Саясат

Өзбекстан Тажикстанга кысым көргөзүүнүн жаңы жолун таптыбы?

Тажикстан Өзбекстан менен мамилесиндеги кыйынчылыктар тууралуу Улуттар уюмундагы маалымат жыйында айтып чыкты. Өлкөнүн премьер-министри жүк салган вагондордун кармалуусу боюнча өзбек тараптын түшүндүрмөсүн шылтоо деп мүнөздөдү.

Текст көлөмү - +
Мунун алдында аталган маселеге байланыштуу тажик тышкы иштер министрлиги өзбек элчисине нааразылык нотасын тапшырган эле.

Тажик тараптын ырастоосунда, Өзбекстан жүк тарткан вагондорду өз аймагынан өткөрбөй кармай баштаганына эки айдын жүзү болуп калды. Бул мезгил аралыгында Өзбекстан аймагында көбүнесе күйүүчү май, ошондой эле алюминий өндүрүшү үчүн керектүү чийки зат, курулуш материалдарын, башка жүктөрдү тартып келе жаткан бир миңдей вагон токтотулган. Мындан улам Өзбекстандын Душанбедеги элчиси Шокасым Шоисламов тажик тышкы иштер министрлигине 22-март күнү чакыртылып, ага нааразылык нотасы тапшырылды. Министрликтин маалымат департаментинин башчысы Давлат Назриев белгилегендей, анда өзбек бийликтерине жүктөрдүн транзитине байланышкан проблеманы чечүүдө көмөк көрсөтүү өтүнүчү айтылды.

“Шылтоо”


Мурдараак өзбек тарап Тажикстанга багытталган вагондордун кармалуусун техникалык себептерге, атап айтканда жазгы суу ташкындар менен жер көчкүлөр темир жолго да зыян келтиргендигине байланыштырган экен. Бирок тажик өкмөт башчысы Акил Акилов өзбек тараптын ырастоосун жөн гана “шылтоо” деп мүнөздөдү. Нью-Йоркто, Улуттар уюмунун баш кеңсесиндеги маалымат жыйыны учурунда “Эркин Европа/ Азаттык” радиосунун кабарчысынын суроосуна жооп берип жатып, тажик өкмөт башчысы Өзбекстандын темир жолдорунда жүргүзүлгөн текшерүү жол вагондорду өткүргүдөй эле абалда экенин көргөзгөнүн белгиледи:

Акил Акилов БУУдагы маалымат жыйында, 23-март, 2010-ж.

-Текшере келгенде андай деле олуттуу зыян келбегени көрүндү, жүктөрдүн транзитин эч тоскоолдуксуз эле уюштурууга болмок. Андыктан, Тажикстанды көздөй жүктүн кетишине техникалык көйгөйлөр жолтоо болуп жатат дегендик жөн гана шылтоо.

Тажик өкмөт башчысынын көз карашында, күйүүчү май тарткан вагондордун жазгы талаа жумуштары алдында токтотулганы - атайлап жасалган иш. Мындай жагдайда тажик дыйкандарына керектүү күйүүчү май өз убагында жетпей калуусу мүмкүн.

“Тажикстан темир жолдору” мамлекеттик ишканасынын башчысынын биринчи орун басары Усман Каландаровдун айтымында, Өзбекстан аймагында токтотулгандардын ичинде Рогун ГЭСине керектүү техника, курулуш материалдары, Ооганстандагы эл аралык коалициянын аскерий эмес жүктөрү да бар эле. Тажик темир жолчусу өлкө кырдаалдан чыгуунун аргасын жасоого муктаж деп эсептейт:

- Эл аралык конвенция жана стандарт боюнча Өзбекстан өз аймагы аркылуу транзиттик жүктү тоскоолдуксуз өткөрүшү керек эле. Бизге келечекте жаңы жол куруу зарыл. Мындай пландар бар. Муну эртең же бүрсүгүнү эле жасай албайбыз. Бул үчүн чоң каражат талап кылынат. Орусияга Өзбекстансыз чыгуу үчүн биз Түркмөнстан же Ооганстан аймагын пайдалануубуз керек, бирок бул жол узунураак болот. Бирок сен качан мажбурланган шартта, коммуникациялык туңгуюктан чыгуу үчүн колдон келгендин баарын жасайсың.

Кайчылаш аргументтер

Керектүү техникасы Өзбекстан аймагында кармалган Рогун ГЭСинин курулушуна Өзбекстан каршы чыгып келе жатканы белгилүү. Бул талаштуу маселе апта башында Улуттар уюмунун трибунасынан кайрадан көтөрүлдү. Башкы ассамблеянын 64-сессиясынын алкагында “Суу жашоо үчүн” деген аталыш менен өткөн жыйында Тажикстандын да, Өзбекстандын да расмий өкүлдөрү Борбор Азиянын чек араны кесип өткөн дарыяларынын суу ресурстарын рационалдуу жана адилеттүү пайдаланууга чакырышты. Бирок пайдалануунун жолдоруна келгенде, эки тараптын аргументи эки башка чыкты, Өзбекстандын БУУдагы элчиси Мурад Аскаров сөзүндө “кээ бир өлкөлөр” Амудайра менен Сырдайранын башында ири гидростанцияларды куруу үчүн чоң инвестиция тартып жатканын эске салып, бирок ал обьектилердин аймакта экологиялык баланстын сакталышына тийүүчү терс таасирине жетиштүү көңүл бурбай жатканына токтолду.
 
Өзбек элчиси кээ бир өлкөлөр дегенде Кыргызстан менен Тажикстанды эске алды окшойт. Ал эми тажик премьери Акил Акилов белгилегендей, Рогун ГЭСинин суу сактагычы ондогон жылдарда гана барып толот жана андан экологияга эч зыян жок:

- Бул суу сактагыч сууну бир же эки жылда эмес, ондогон жылдар аралыгында толтурат. Менимче цивилизациялуу кызматташтык жүргөн шартта, суу – энергетика көйгөйүн бүткүл Борбор Азия элдеринин жыргалчылыгы үчүн чечүүгө болот.

Астананын Ташкенге ыктоосу
Казак президенти Нурсултан Назарбаев (оңдо) жана Өзбек президенти Ислам Каримов (солдо).

Өзбекстан Тажикстан менен Кыргызстанда жаңы ГЭСтердин куруудан мурда аларды эл аралык экспертизадан өткөрүүнү талап кылып жүрөт. Өзбекстандын турумун өткөн аптада Ташкентте болгон учурунда казак президенти Нурсултан Назарбаев да колдоду. Нурсултан Назарбаевдин андагы сөзүнө караганда, экспертиза учурунда экологиялык , техногендик коопсуздук маселелери жана суу агымынын жөнгө салынышы эске алынышы керек. Сырдайра менен Амудайранын төмөнүндөгү өлкөлөр катары Казакстан менен Өзбекстанга кепилдик зарыл экенине токтолгон казак президенти экспертизанын жыйынтыгы чыккандан кийин эки өлкө Кыргызстан менен Тажикстандагы ГЭСтердин курулушуна катышууга даяр экенин кошумчалады. Назарбаев Ташкентте болгон учурунда кыргыз жана тажик кесиптештерин Астана менен Ташкенттин талабын туура түшүнүүгө чакырды
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: табышмак каяктан: санкт-петербург шаары
25.03.2010 13:56
казакстан менен өзбектан кыргызстан менен тажикстанды экономикалык блокадага алып көз каранды абалда кармагысы келип жатканы ачык белгилүү болду окшойт. бирок тарыхка серп салып көрсөк ушул эки мамлекет тең башатын кыргыздардан алганы белгилүү. суу үчүн болгон карама каршылыктар кыргызстандагы саясий карама каршылыктар учурунда болуп жатканы кабатырлантат. анткени бул абалга тиешелүү маани берилбей, тең абалда сүйлөшүүлөр жүрбөй калат.

кимден: Улутчул Кыргыз каяктан: Ала Тоо
25.03.2010 10:58
Өзбекстандын мындай кадамга барарын мен мектепте 5-класста окуп жүргөндө эле сезчүмүн.Ал эми Назарбаевди бүт Кыргыз сыйлачу эле, жакшы көрүшчү.Ал киши да Кыргыз үчүн чоң ката кетирди.Эптеп бир нерсени шылтоо кылып, пансионаттарды кайра тартып алышыбыз керек.Анан Өзбекстан менен чек-араны тезинен тактабасак болбойт.

Назарда

Орусияда кыздарга кордук көрсөткөн "Патриот"

Орусияда айрым кыргыз кыз-келиндерди жүрүм-туруму үчүн кордоп-кодулаган кыргыз жигиттеринин “Патриот” деген тобу пайда болду. Толук

Онлайн шерине