Жума, Май 18, 2012 Бишкек убакыты: 08:55

Спорт

Ванкуверде кышкы олимпиада ачылды

Төрт жылда бир өтчү бул мелдеште дүйнөнүн 82 өлкөсүнөн беш жарым миңдей спортчу күч сынашканы турат. Олимпиадалык мелдештер 16 күнгө созулат. BC Place стадионунда өтө турган оюндардын ачылыш салтанатына 60 миң адам күбө болду. Ванкувер олимпиадасында Кыргызстандын желегин лыжачы Дмитрий Трелевский көтөрүп чыкты.

Текст көлөмү - +
Кышкы оюндардын ачылышын канадалык сноубордист Олимпиада шакекчелеринин биринен башты тегереткен секирик жасап ачты.

Олимпиаданын 60 миң катышуучусу индейстердин 4 уруусунун - скэмиш, маским, лилуат жана цлейл-ваутус бийине суктанышты.

Ал эми Канаданын 16 жаштагы таланттуу ырчысы Ники Леновски Канаданын гимнин аткарды. Андан кийин алфавиттик тартип менен курама командалар 48 минут аренадан басып өтүштү.  

Кыргызстандын желегин лыжачы Дмитрий Трелевский көтөрүп чыкты.

Олимпиада оюндарынын ачылышынан мурда грузиялык чаначы Нодар Кумариташвили машыгуу маалында саатына 150 чакырым ылдамдык менен кетип баратып, кырсыктап, ооруканада каза тапты. Бул Олимпиада оюндарынын жалпы ачылышындагы жагымсыз окуя болуп калды. Ар команданын жетекчилери ошондон кийин тез арада жыйын курушуп, коопсуздук маселесин талкуулашты. 

Ванкувер оюнунун тумары Куатчи, Мига жана Суми аталышындагы үч жаныбардан турат. Олимпиаданын жүрүшүндө алардын сүрөттөрүн баардык жайлардан көрүүгө болот. Ошондой эле оюндардын жүрүшүндө теле көрөрмандардын жана интернет окурмандардын саны бир нече пайызга өсүшү күтүлүүдө.

Ванкувер олимпиадасынын дагы бир жаңылыгы - биринчи жолу Гана, Габона жана Багам аралдарынын командалары катышат. Бул өлкөлөрдүн спортчулары тоо лыжасы боюнча мелдешке чыгат.

Атлеттер спорттун жети түрүнөн 15 дисциплина боюнча мөрөй талашышат. Баардыгы болуп 86 комплект медаль ойнотулат. Бул олимпиадада мелдештин катарына фристайлдын ски-кросс түрү киргизилди. Анда төрт лыжачы бир маалда тоодон ылдый карай жарышка чыгат.

Негизинен Ванкувер-2010 кышкы оюндарына даярдыктар жакшы экендигин бул жакта жүргөн Кыргызстандын Улуттук Олимпиада комитетинин башкы катчысы Канат Аманкулов белгиледи:

- Бир гана кемчилиги кардын аз жаап жаткандыгында. Кар жааса да күн жылуу болуп же жамгыр жаап жатат. Бирок бул маселе чечилип, башка аймактардан кар ташылууда. Ал эми спортчуларды жана күйөрмандарды кабыл алууда кыйынчылыктар жок. Бардыгына жакшы шарттар түзүлгөн.

Кышкы олимпиаданын оту 2009-жылдын 22-октябрында Грециянын Олимпия шаарында салтка ылайык күндүн нурунан күйгүзүлгөн. Андан берки үч жарым ай аралыгында 45 миң чакырым аянтты 12 миң эстафета катышуучусунун жардамы менен басып өтүп, бүгүн Би-Си Плейс стадионунда от күйдү. Мелдештин алгачкы күнү тоо лыжасы, биатлон, фристайл түрлөрүнөн мелдештер башталып 6 комплект медаль ойнотулат.

Бул олимпиада оюндарында Кыргызстандын намысын эки спортчу коргошот. Дмитрий Трелевский тоодон ылдамдыкта түшүү боюнча, ал эми Ольга Решеткова лыжа жарышында намыс талашат.

- Ольга Решеткова Орусияда жана Европада машыгууларын өткөрдү. Себеби биз ага жакшы шарттарды түзө алган жокпуз. Ошондуктан Ольга чет өлкөдө машыкты. Ал эми Дмитрий Трелевский Европадан машыгып даярдык көрүп келди. Биз Эл аралык олимпиада комитетине сунуш келтирип бул эки спортчуга жана сноубордчу Вакуринге машыгууга деп 200 миң сомдон бергенбиз. Бирок Андрей Вакурин 30 мыктынын катарына кире албай жолдомо ээси аталган жок,-деди Улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы Канат Аманкулов.

Кышкы олимпиада оюндарынын тарыхында эң мыкты спортчу норвегиялык лыжачы Бьорн Дэли эсептелинет. Ал (1990,1994,1998) үч олимпиадада сегиз алтын, төрт күмүш медаль жеңип алган.

Ал эми Ванкувер мелдешиндеги спортчулардын эң байгелүүсү норвегиялык Оле Эйнар эсептелинет. Ал беш алтын, үч күмүш жана бир коло медалдын ээси. Бул жолу дагы Оле жеңиштердин санын артырууну менен дүйнөлүк рекордду жаңыртууну максат кылууда.

Ванкувер олимпиадасында Кыргызстандын желегин лыжачы Дмитрий Трелевский көтөрүп чыкты. Спортчулардын ар биринин кийими олимпиаданын символдору менен кооздолуп, баасы 44 жарым миң сомду түздү. Кийимдер Орусиянын “Red Fox” ишканасынан тигилип чыкты.

21-кышкы оюндарга катышканы турган Кыргызстандын спортчулары эл аралык рейтинг боюнча ортоңку деңгээлде турат. Бирок кандай болбосун спорт күйөрмандары алардан ийгилик гана күтүшөт.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Бакыт каяктан: Лондон
16.02.2010 22:44
Kuiorman:
Трелевский жана Решеткова Кыргызстанда туулуп өскөн спортчулар, орусиялык эмес. Кыргызстан Кышкы Олипмиадага 2006-жылдан баштап кыргызстандык спортчуларды гана жөнөтүп жатат. Туринге бирөө барды, андан мурда Орусиядан жалданган спортчулар Кыргызстандын атынан барчу.

Ачылуу аземин көрүп жатып абдан толкундадам. Биздин чакан өлкөбүз дүйнөүк аренага чыгып, Кыргызстандын туусу желбирегенде көзүңө жаш тегеренбей койбойт.

Оля жана Димага албан ийгиликтер.

Лиллихаммердеги Кышкы Олимпиадада Кыргызстан биринчи жолу эгемен өлкө катары катышканда ушундай сыймыктанганмын.

кимден: Kuiorman каяктан: Canada
13.02.2010 20:43
Salamatsyngarby, azattykchylar!
2 possijalyk spotchunu jetelep kancha kyrgyz chinovnik keldi eken, oshonu da jazyp koisongor?

2 sposmenge ijgilik!

Назарда

Орусияда кыздарга кордук көрсөткөн "Патриот"

Орусияда айрым кыргыз кыз-келиндерди жүрүм-туруму үчүн кордоп-кодулаган кыргыз жигиттеринин “Патриот” деген тобу пайда болду. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма "Шайтан арабадагы" токсон жыл

Баткендин Кара-Бак айылында жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун 90 жаштагы ардагери Айтпай ата согушка аттанаарда да велосипед менен аскер комиссариатына барган экен. (JsA/MiT)