Жума, Май 18, 2012 Бишкек убакыты: 08:53

Борбор Азия

Өзбекстан БЭСтен чыкты

Өзбекстан кечээ Борбор Азия Бириккен энергетика системасынан чыкты. Ташкен бийликтери бул кадамды таза экономикалык жүйөөлөр менен түшүндүрүштү, ал эми коңшулаш Тажикстан муну менен Өзбекстан саясий кысым көрсөтүп жатат деп сынга алды.

Тажикстан - Өзбек элчиси Шокасым Шоисламов Өзбекстан Бириккен энергетика системасынан чыкканы жатканын 23-ноябрда билдирген.
x
Тажикстан - Өзбек элчиси Шокасым Шоисламов Өзбекстан Бириккен энергетика системасынан чыкканы жатканын 23-ноябрда билдирген.
Текст көлөмү - +
Ташкен өкмөтү региондогу бириккен энергосистемадан чыкканы жатканын өзбек элчиси Шокасым Шоисламов 23-ноябрда Тажикстандын борборунда атайын чакырган маалымат жыйынында эскерткен эле. БЭСти ал "эскирген жана ишенимсиз" түйүн катары сыпаттап, аны өлкөлөрдүн ортосундагы араздын булагы болуп калды деп көрсөткөн болчу.

Элчинин бул сөздөрүн мамлекеттик "Өзбекэнерго" компаниясынын жогорку даражалуу өкүлү Эссо Садуллаев толугу менен кайталап,1-декабрдан тартып Бириккен системадан Өзбекстан чыкканын тастыктады. Мунун алдында Гузар-Сурхан тутумундагы электр линиясы тартылып бүтүп, ишке берилди. Ошол эле күнү Сурхандарыя областына Тажикстандан тартылган линияны кесип ташташты, ушуну менен Өзбекстандын бүткүл электр системасы бириктирилди.

Тажикстан эми көп жагынан Түркмөнстандан алынып жаткан электр тогуна көз каранды болуп калды. Ал да Өзбекстан аркылуу өтөт.

Тажикстандын тышкы иштер министрлигинин өкүлү Хусрав Гоибов өзбектердин Бириккен системадан чыкканын сынга алып, муну Ташкендин коңшуларга кысым жасоону көздөгөн "саясий кадамы" деп баалады.

Кыш-күрөө келип, электр тогунан өзгөчө кынжыла баштаган тажиктер өзбек бийликтеринин чечимин айталап жасалган иштей кабыл алышты.

Кыргызстандын түштүктөгү областтары да электр тогун Өзбекстан аркылуу алат.

Ырасмий Ташкен көп жылдардан бери Кыргызстанга, Тажикстанга жана Казакстандын түштүк областтарына алдын-ала эскертпей туруп эле маал-маалы менен газ бербей коюп жүрөт. Ал эми акыркы кездери кыргыздар менен тажиктердин кошумча ГЭС куруу пландарына өзбек бийликтери ачыктан ачык каршы чыга баштады. Ташкен жаңы ГЭСтердин курулушу аймактын экологиялык коопсуздугуна коркунуч келтирет, жайкы сугат маалында Өзбекстанды суусуз калтырат деп эсептейт. Кыргызстан менен Тажикстан болсо жаңы гидроэлектр станциялардын аркасында өздөрүнүн энергетика чөйрөсүндөгү көз карандысыздыгын чыңдоону көздөшөт.

Өзбекстандын чечимине Кыргызстан өз мамилесин билдирген жок.

Буга чейин Борбор Азиядагы Бириккен энергетика системасынан 2003-жылы Түркмөнстан чыгып кеткен эле.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Baxa каяктан: Moskow
05.12.2009 19:26
Кыргызстанга коншу мамлекеттен экономикалык жактан кысым корсотулсо
Кыргызстан 15 жылдан бери курбаса? Эми чындап ГЭС курганга чамынсын. Бир гана маселе. Кыргызстан кучтуу мамлекет алсыз эмес. Эли билимдуу, ишкер, Кыргыз учун иштейм деген адамга Кудайым куч кубат берсин. Куруп алалы Кыргыздар.Коншу гана эмес дуйного уят болбой.Бизди эч ким эч качан коз каранды кылбасын Кыргыздар!!! Бар бололу Бай бололу!!! Кудайым колдосун.

кимден: bakit каяктан: Stockholm
02.12.2009 18:00
Кыргызстан өз чечимин билдирген жок дегениңер күлкүлүү болуп турат. Биз өз ойубузду тике айткан учурубуз болду беле?
Биздин кээ бир аймактарга электр энергиясы Өзбекстан аркылуу келип жатса, алардын газынан көз каранды анан карыз болуп атсак, биз ойубузду билдирмек белек. Эчки тууй албай атып койго арачы болуптур болот да анда.

Назарда

Орусияда кыздарга кордук көрсөткөн "Патриот"

Орусияда айрым кыргыз кыз-келиндерди жүрүм-туруму үчүн кордоп-кодулаган кыргыз жигиттеринин “Патриот” деген тобу пайда болду. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма "Шайтан арабадагы" токсон жыл

Баткендин Кара-Бак айылында жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун 90 жаштагы ардагери Айтпай ата согушка аттанаарда да велосипед менен аскер комиссариатына барган экен. (JsA/MiT)